Таң заарлап короо шыпырып, муздак суу менен аткаминерлердин иш бөлмөлөрүн жууган жумушчулар айына 2500 сом гана маяна алат. Ошол себептүү алар маянасын жогорулатуу боюнча өкмөттөн колдоо күтүп жатышат.
Жашы элүүгө чамалаган Акжол Сатиев эки жылдан бери Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын багбаны. Кыштын күнү акимчилик имаратынын алдындагы карды күрөп, от жагат. Багбанга өзүнө тиешеси жок жумуштар да жүктөлгөн. Бирок ал аткарган ишине жараша маяна албайт.
- Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан бери биздин айлык каралбай, ошол бойдон калып келет. Мисалы, мен багбан катары бийик тоолуу аймак категориясында 30% кошумча акы менен 4800 сом айлык алам. Бирок мен сыяктуу башка жактагы кызматкерлер 3 миң сомдон гана алышат. Бул азыркы заманда эч нерсеге жетпейт. Жазында имарат алдын тазалап шыпырам, кышкысын кар күрөп, азыр жылуулук системасын да карап жатам.
Тейлөөчү жумушчулардын иши күн сайын таңкы беште башталат. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппараты жайгашкан имаратты тазалаган Идаят Исакова 3500 сом маянасы менен беш баласын жалгыз багат.
- 3500 сом маяна менен азыркы күндө чындыгында жашоо кыйын. Мен облустук администрациянын экинчи кабатындагы облус башчысынын орун басарлары менен башка кызматкерлердин иш бөлмөлөрүн жууп-тазалайм. Башка жакта иш болбосо айласыз макул болосуң да. Ай сайын 1500 сомго бир кап ун, төрт литр май жана башка азык-түлүктөрдү сатып алабыз. Айдан айга үнөмдөп жашап келебиз.
Тейлөөчү кенже техникалык жумушчулардын көпчүлүгүн кыз-келиндер түзөт. Ошондуктан таң атпай ишке жөө келүү бир топ опурталдуу.
- Жумушубуз таңкы саат беште башталат. Ага жетпей барып калышыбыз керек. Анткени саат 8:30га чейин баары таза болуп калышы зарыл. Түнкүсүн жолдо эч ким жок, жөө басып баргыча ар кандай кырдаалдарды башыбыздан өткөрөбүз. Жолдо ар кандай адамдар кездешет. Өткөндө таңда жумушка келаткан бир эжени көчөдөн мастар кубалап, араң качып кутулуптур. Кээде иттерге таланган учурлар болот. Курорт жакта жашаган кыз мазар аралап каттайт. Жанды оозго тиштеп араң келебиз. Эми ишти кечкиге которуу жөнүндө сурансакпы деп турабыз.
Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында жалпы 20 кенже тейлөөчү техникалык жумушчу бар. Багбандар менен электриктер 2700 сомдон, ал эми тазалоочу жумушчулар 3 миң сомдун тегерегинде маяна алышат. Өкүлчүлүктүн аппаратынын башкы эсепчиси Авазбек Куттубаев алардын маянасы тууралуу буларды айтты:
- Бизде эң төмөн эмгек акы 2700 сомду түзөт. Ал эми техникалык тейлөөчү кызматерлерге кирген бухгалтер, айдоочулар, чарба жумушчулары 8,5 миңден -11 миң сомго чейин маяна алышат. Азыр бул катмардагы жумушчулардын маянасын чечүү негизги максат болуп турат. Бул багытта өкмөткө бир нече жолу сунуштар жана кайрылуулар берилген. Быйылкы жылы Финансы министрлиги тарабынан каралып чыгып, аз болсо да көтөрүлөт деп жатышат.
2011-жылы өкмөттүн токтому менен бюджеттик мекемелердеги тейлөөчү жумушчулардын маянасы 1400 сомдон 2700 сомго чейин көбөйтүлгөн. Былтыркы жылы айдоочу жана күзөтчүлөрдүн маянасы жогорулап, ал эми кенже техникалык тейлөөчү жумушчулар калып кеткен. Чаткалдагы акимчиликтин багбаны Акжол Сатиев өкмөт бул багытта ойлонушу керектигин айтты:
- 2017-жылы август айында өкмөттүн токтому менен мамлекеттик мекемелерде иштеген айдоочу, күзөтчү, катчы сыяктуу тейлөөчү кызматкерлердин маянасы жакшы эле жогорулатылды. Учурда алар 10 миң сомдон жогору маяна алып калышты. Анткен менен кенже техникалык тейлөөчү жумушчулар унутта калып кеткендей. Бизден башка кызматтагылардын маянасы көтөрүлүп жатат, бирок бизге көңүл бурган эч ким жок. Өкмөт, Жогорку Кеңештин депутаттары баарына тегиз карап, маянабызды чечип берсе болмок.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы орточо айлык акы 14 миң сом, ал эми минималдуу жашоо өлчөмү 6240 сомду түзөт.