Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ак-Чабыр жайытында 133 кой-козу күрүнөн кырылды. Буга химикаттардан уулануусу себеп болгон.
Окуяны 13-майда Сузак райондук комиссиясы жана облустук ички иштер башкармасынын тергөө тобу изилдей баштады. Былтыр жасалма вакцинадан Жалал-Абадда миңдеген мал кырылган болчу.
Ак-Чабыр жайытында кой-козулар 11-майда кырыла баштаган. Кожолуктун 750 коюн баккан Токторали Хажиматов өзү базарлап кеткенде, үйдө калган балдары 230дай кой-козунун уулуу заттар көмүлгөн жайга жайылганын элес албаганын айтууда. Ал мурда көмүлүп турган уулуу жай кантип ачылып кеткенин билбей турганын айтты:
- Эки жүздөн ашык кой-козу бөлүнүп калган экен. Биз аларды короодо деп отура берип, көрбөй калыптырбыз. Ал жерде уулуу заттар бар экенин билебиз, койлорду атайылап айдаганыбыз жок. 131 козуну жерге көмдүк, экөөнү текшерүүгө алып кетишти. Бардыгы болуп 133 козу кырылды.
Райондун Кара-Алма токой чарбасына караштуу аталган жайга 1980-жылы 1700 тоннадай айыл чарба химикаттары көмүлгөн. Совет доору аяктагандан кийин, кароосуз калган жайдын уу заттарын белгисиз адамдар казып алып турушкан.
Быйыл ал жайды тосуу үчүн Глобалдык экологиялык фондго даярдалган долбоор жакында жактырылганын район акими Нурболот Мырзахмедов айтты. Ал 2007-жылдан бери жылына 4-5тен мал ууланаарын, кечээ кырылган козулардын эти адамдарга берилбегенин билдирди:
- Айыл чарбасына жараксыз болгон уулуу заттардын бардыгы ошол жерге көмүлгөн экен. Убагында алар кашааланып, тосулган деген маалымат бар. Бирок мен ал жерге 2007-жылдан бери барып жүрөм, эч кандай тосмо көргөн эмесмин.Токой чарба аймагындагы бул уулуу заттарды айыл өкмөт эсебинен тосуу мүмкүн эмес. Себеби, анда мыйзам бузулат. Аны токой чарбадагылар карашы керек. Азыр койлор көзөмөлдө турат, дагы канча козу кырылышы мүмкүн экенин билбейбиз. Ал жер корук, эч кандай мал багылбашы керек эле. Бирок токойчулар жокто, биздин малчылар чөпкө карап койлорду ошол жерге киргизип ийишкен.
Окуяны изилдөө максатында райондук комиссия жана облустук ички иштер башкармасынын тергөө тобу иштөөдө. Топтун башчысы Назаралы Амираев кандайдыр бир чечим кабыл алуу үчүн зарыл материалдар адистер тарабынан чогултулуп жаткандыгын айтты:
- Окуя кантип болду, жердин өзү кайсы мекемеге карайт, ушул маселелерди тактоо үчүн тергөө иштери жүрөт. Кылмыш иши козголот. Азырынча териштирип атабыз. Эмне үчүн тосулган эмес, уу-химикаттар көмүлбөй калган, ага ким көз салышы керек эле деген суроолорго жооп издеп атабыз.
Комиссия жетекчиси Төрөгелди Түркбаев алдын-ала эсептөөлөр боюнча 400 миңден ашуун чыгым болгонун жана аны төлөө койчунун моюнуна жүктөлөрүн билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кийин мындай окуяларды болтурбоонун айла-амалдары көрүлүп жатканын билдирди:
- Азыр окуя болгон жерде райондук жарандык коргоо комиссиясы иш алып барып, уулуу заттар көмүлгөн аймактарга адамдарды жакындатпоо, мал жайбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. 12-майда 220 кой кырылганы тууралуу маалымат алганбыз.
Ак-Чабыр жайытындагы уу химикаттардан койлордун уулануусу 2010-жылы да болгон. Анда ууланган жаныбарлардын эти адамдарга таркатылып, 20 киши Базар-Коргон райондук ооруканасында дарыланып чыккан. Былтыр Сузак районунда жасалма эмдөөдөн улам 2138 кой күр кырылган. Ага байланыштуу он бир адамга кылмыш иши козголуп, алар кийин сотто акталып чыгышкан.