Уурулукка шектүү милицияны айыптады

Иллюстрация

Сузак районунун уурулукка шектелип кармалып, күнөөсүн моюнуна алган тургуну милиция аны кыйноого алганын айтып, прокуратурага кайрылды.

Сузак районундагы Барпы айылынын тургуну, үч баланын атасы Мирлан Абдуллаев Нооруз майрамында айылдагы көчөдө турган машинеде орнотулган магнитофонду уурдады деп шектелүүдө.

24-мартта милиция кызматкерлери аны көчөдөн кармап кетип, бир суткага жакын аймактык бөлүмчөдө кармашкан. Экинчи жолу үйүнөн ички иштер бөлүмүнө кармап кеткен. Мирлан Абдуллаев кыйноого кабылганын “Азаттыкка” айтып берди:

- Нооруз күнү достор менен көчөдөгү дүкөндө майрамдаганбыз. Мас болгондуктан башымдагы кепкам көчөгө түшүп калган экен. Достор менен отурган соң дароо эле үйгө келгем. 24-мартта үч милиция кызматкери үйдө жаткан жеримен кармап кетип, милицияканада суракка алышты. Анткени кечинде көчөдө калып кеткен кепкамды таап алып, шек санашыптыр. Ичке катуу уруп коюшкан экен азыркыга чейин кусуп, жакшы тамак жей албай жатам. Уруп, коркутканынан аргасыз "уурдаганым чын" деп жазып берип койдум. Бирок мен ал кылмышты жасаган эмесмин.

Аймактагы милиция бөлүмүнүн инспекторлору жоголгон буюмду беш миң сомго баалап, Мирланды ошол акчаны төлөп берүүгө милдеттендирген. Мындан сырткары апасы Бактыгүл Моңолдорова инспектор аны менен сүйлөшүп, ишти жабуу максатында акча талап кылганын, сүйлөшүү түшүрүлгөн аудиотасманы Моңолдорова УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына берип, жардам сураганын айтты:

- Баламды мыйзамсыз 24 саат кармап, мени ал документтер менен тааныштырган жок. Ошону менен катар ал ишти жабуу үчүн инспектор Кумар Садыков менден 12 миң сом талап кылды. Бул тууралуу менде бардык аудио жазмалар бар. Өтө коркунучтуу кылмышкерди кармагансып үйгө бастырып киришип, баламдын шымын айрып күч колдонуп кармап кетишиптир. Сузак райондук ИИБда Кумар деген инспектор баламды зордоп түшүндүрмө жаздырып алыптыр. Алар баламды кармаган соң жабырлануучулардан арызды бир күн арткы дата менен "жоголгон буюмдун чыгымы беш миң сомду төлөп берем" деп аздырып алышкан. Анан ага "апаңа айт, УКМКга жазган арызын алып койсун, анан биз сени бошотобуз" деп айтыптыр. Милиция элдин укугун коргобой эле тебелеп жатпайбы.

Айыпталып жаткан инспекторго интервью берүүгө жетекчилиги макул болгон жок. Райондук ички иштер бөлүмү шектүү адам өз көрсөтмөлөрүндө күнөөсүн толугу менен моюнуна алгандыгын ырастоодо. Ал эми райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурбек Алимбеков кармоо фактысынын мыйзамдуулугун текшерип, соңуна чыгарарын айтты:

- Бизге 26-март күнү жабырлануучу автомагнитола жоголгондугу боюнча арыз менен кайрылган. Анын негизинде оперативдүү иштер жүргүзүлүп, ошол эле күнү кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Мирлан Абдуллаев суракка жеткирилген. Ал 21-март түнү достору менен буюм жоголгон үйдүн жанында ичип отурганын айтып, жоголгон буюм анын чөнтөгүндө болгонун жана ал ошол жердеги үйдүн огородуна ыргытып жибергенин жазган. Жоголгон буюм табылып, өз ээсине кайтарылды жана тергөө иштери уланууда. Ал эми 24-март күнкү кармоо боюнча эч нерсе айта албайм.

УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматы жогорудагы ишти Сузак райондук прокуратурага өткөрүп, ал териштирүү баштады. Район прокурорунун орун басары Жылдызбек Разыбеков буларды айтты:

- 30-мартта облустук прокуратурага кылмышка шектүү деп кармалган адамдын жакындары милиционердин үстүнөн арызданып кайрылган. Анда инспектор кызмат абалынан ашыкча пайдаланып, кылмыш ишти бурмалап жаткандыгы жана 24 саат мыйзамсыз кармап, кыйноого алгандыгы айтылат. Бул иш бүгүн райондук прокуратурага жөнөтүлүп, тергөө иштери башталды.

Бирок “Справедливость” укук коргоо борборунун юристи Өткүр Жапаров тартип кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери укуктук баа албаган үчүн кыйноолор тыйылбай жатат дейт:

- Мунун бирден бир себеби - бизде көз карандысыз тергөөнүн жоктугу. Анткени бул ишти азыр прокуратура жасап жатканы менен алар милиция менен тыгыз байланышта иштегендигинин натыйжасында көп иштер жабылып же кыскарып жатат. Жакында эле Базар-Коргондогу иш боюнча төрт милиционерди сот актап жиберди. Демек жоопкерчиликтин жоктугу ушундай иштерге себеп болууда.

Райондук прокуратурага өткөн жылы милицияга доомат койгон 18 арыз түшкөн. Прокуратура арыздын баары мыйзам чегинде териштирилгенин билдирди.