Базар-Коргондо кыш заводун иштеткендер сабалды

Иллюстрация

Базар-Коргон районунда кыш заводун иштеткен ишкерлер ур-токмокко кабылып, коркутууларга дуушар болуп жатканын айтып чыгышты.

Ал эми аларга кол көтөргөн тарап кыш заводдун ишин токтотууну талап кылышууда. Бул ишке байланыштуу милиция азырынча чара көрө элек. Ал эми укук коргоочулар тийиштүү тараптарга кайрылганын билдиришүүдө.

Бизнестеги ич күйдүлүкпү?

Базар-Коргон районунун Абдраимов айылында жайгашкан кыш заводу өткөн жылы курулуп, ишке берилген. Аны Сузактын үч тургуну ортодо иштетип, 80 адам жумуш менен камсыз болгон. Заводдун кожоюндарынын бири Бахадыр Ниязалиев 16-апрелде болгон окуяны мындайча айтып берди.

- 15-апрелде биздин ишканага Айбек аттуу башка бир кыш заводду иштеткен адам келип, темир алам деп көрүп чыккан. Анан ошол жерде ал менен чогуу келген балдар ортосунда түшүнбөстүктөр чыккан. Ал кеткен соң эки машине менен Айбектин балдары келип, эки адамды уруп-сабап кетишти. Анан “бул жерден чыгып кеткиле” деп опузалашты. 16-апрелде ал балдар дагы келишип, коркутуп, баарыбызды уруп-сабап, “заводуңарды бизге өткөрүп бересиңер, болбосо Өзбекстанга көчүп кеткиле” деди. Биз коркконубуздан ооруканага келип, аргасыздан милицияга кайрылдык. Эми баары мыйзамдуу болуш керек да. Заводду жакшынакай эле иштетип, элге кызмат кылып жатканбыз.

Бахадырдын оң колу сынган. Аны менен кошо сабалган адамдын баш мээси чайкалып, экөө тең Сузак райондук ооруканасында жатат. Ал эми сабалган үчүнчү киши үйүндө дарыланууда. Оорукана жетекчилиги бейтаптардын абалы жакшы экенин айтып, бирок "Азаттыкка" сүйлөп берүүгө көнгөн жок.

Ишкерлерди уруп-сабады деген Айбек аттуу адамга таандык башка бир кирпич заводдун жетекчиси Жыргал Абдуллаев айыптоолорду четке какты. Анын айтымында, ал жерде эч кандай коркутуулар болгон эмес.

- Бахадыр Ниязалиев биздин кыш заводу менен жакшы эле алака мамиледе болуп, тааныштыгыбыз дурус эле. Анан ортодо бир аз түшүнбөстүк болгондур. Бирок биз аны коркутуп, “заводуңду өткөрүп бересиң деп айткан эмеспиз. Баары жалган, бул ишти органдар териштирип көрсүн.

Ооруканада жаткандар жогорудагы окуя боюнча Сузак райондук милициясына арыз менен кайрылышкан. Бирок окуя башка райондо болгон үчүн алар ишти Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө жиберишкен. Ал эми милициянын жетекчиси Абдил Куланбаев арыз азырынча түшпөгөнүн билдирди.

"Биз коркуткан эмеспиз..."

Райондогу "Элим-жерим бир" коомунун төрагасы Нурлан Рахматов кыш заводго анын ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн барганын айтат. Рахматов буга чейин аларга заводдун жанында жашаган тургундардан кат түшкөнүн ырастап, “ошондон улам ишкерлерди тартипке чакырганбыз, бирок коркуткан эмеспиз” дейт.

- Аларга эч кандай зомбулук көрсөтүлгөн эмес. Болгону биз элдин талабын гана айтканы барганбыз. Анткени бул завод башынан эле элдин каршылыгы менен курулуп, азыр да нааразычылыктар бар. Ошол себептүү буларга “элдин үнүн уккула” деп талап койдук. Жанында жашагандарды тоготпой, зомбулук кылганынан улам биз аралашып жатабыз. Дагы бир маселе бар: “Бахадыр Ниязалиев 2010-жылы Санпадагы окуяны уюштурган Шамшидин Ниязалиевдин тууганы экен” деген сөз элдин арасында тарады. "Ошончо адамдын өмүрүнө кол салган мыкаачынын бир туугандары бул жерде иштебесин" деп жатышат.

Козуткандар барбы?

17-апрелде ишкерлер ур-токмокко кабылган кыш заводдун жанына 200дөй адам чогулуп, анын иштөөсүнө каршылыгын билдиришкен. Чогулгандар менен жолуккан район акими Таалайбек Долдоев буга байланыштуу райондук комиссия түзүлүп, заводдун айланасындагы жагдайды иликтеп жатканын билдирди:

- Ошол күнү чогулгандарга барып, талаптарын уктум, завод иштебесин деп жатат. Буларды бирөө ушундай кадамга түртүп жатат. Бүгүн эртең менен күч структуралары менен бирге атайын штаб өтүп, аларга иликтеп чыккыла деп тапшырма бердим. Бизге биринчи кезекте элдин тынчтыгы керек. Бул жерде атаандаштык да себеп болушу мүмкүн. Азырынча улут аралык маселени козгобогула деп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Ал арада жабырлануучулар бүгүн "Кылым шамы" укук коргоо борборуна жардам сурап кайрылды. Анын жетекчиси Азиза Абдирасулова бул жагдайды атаандаштык жолунда басмырлоо катары баалап, тийиштүү тараптарга кайрылып жатканын айтат. Ошондой эле бул окуяны Президенттик аппараттын этникалык маселелер боюнча бөлүмү да көзөмөлгө алганын анын жетекчиси Мира Аскерова билдирди.