Жабыркаган ишкерлер: жардам чеке жылытпайт

  • Ырысбай Абдыраимов

Ханифа аттуу бул айымдын мурда дүкөнү бар болчу.

БУУнун колдоосунда Ишкерлер ассоциациясы коогалаңда жабыркаган ишкер аялдардын көйгөйлөрүн иликтеп чыкты.
Июнь коогалаңы аялдардын ишкерлигине да олуттуу зыян келтирген. Ош жана Жалал-Абад облустарында алардын бизнесинин 58 пайызы талап-тоноочулукка, каракчылыкка, өрттөөлөргө туш болгон.

Кыргызстандагы ишкер аялдарды колдоо уюму Ош жана Жалал-Абад облустарында сурамжылоо жүргүзгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгы аталган аймактарда иштеген 1616 ишкер аял коогалаңда ар түрдүү мүлк-буюмдарынан ажыраганын көрсөткөн. Алардын 63 пайызы окуядан соң кайра каттоодон өткөн эмес.

Буга ишкерлердин окуяга чейин тармактык мекеме-уюмдарга катталбаганы жана окуя маалында тиешелүү иш-кагаздарынын өрттөлүп, же жоголгону себеп болгон. Алардын арасында бюрократиялык тоскоолдуктарга туш келген аялдар да жок эмес. Уюмдун төрайымы Нурийла Жолдошева бизнесинен кол жууган аялдар мурда алган насыяларын төлөй албай кыйналганын айтты:

- Биздин ишкер аялдарыбыздын арасында өз укуктарын кантип коргоо керектигин билбегендери бар. Учурдагы ошол маселелерди мамлекет чечип атат. Ошол апаат күндөрдө документтерин жоготуп, же күйүп кетип, мамлекеттик жардамдарга толук ээ боло албагандары бар экен. Биздин ишкерлер убагында каттоодон өтпөй, салык кызматтарына катталбай, ишин жүргүзүп атканда көйгөйлөр болуп атат. Жардамга муктаж болуп, жардамга келгенде, биз аларды реестрге киргизе албай атабыз.

Жалал-Абадда жабыр тарткан ишкер аялдардын 70 пайыздан ашыгы 50 миң сомдон, ал эми 314 ишкер 150 миң сомдон өкмөттүк жардам алышты.

Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын жергиликтүү өкүлү Түгөйбек Чекиев колдоо алалбагандардын себебин тополоңдон кийин катталышканы менен түшүндүрдү. Анын ырасташында, жабыркаган айрым аялдар күрөөгө койор мүлкү жоктугунан 150 миң сомдук насыяга жетпей жатышат:

- Базарларда иш орундары тонолуп кеткен майда ишкерлердин 90 пайызы азыр иштеп атат. Бул айымдын күрөөгө коер мүлкү жок, ошого байланыштуу алалбай атат. Мурда 50 миң сом жардам алган.

Салыктан бошотулушкан

Саясат Миңбаева – окуяда ири бизнесинен айрылып, эми аны жанданталбай келаткандардын бири. Ал ишкерлер Жогорку Кеңешке дейре арызданып барса да жеңилдетилген насыя берүү жагын бир да уюм чече электигин жана өзү алган 50 миң сомдук жардам ишкерликтин чекесин жылытпаганын айтты:

- Тарткан зыяндын толук өлчөмүн бербей жатышат. 150 миң ала элекмин. Себеби үйүмдүн жоктугуна байланыштуу сиңдимдин үйүн койсом заңкайган ошол батирди күрөөгө коюп, 150 миң алганча албай койгонум жакшы. Ал 150 миңди кайсы жагыма жумшайм? Ал чыгымыма эле кетип калат.

Базаркоргондук Камбарниса Абдуллажанова коогалаңда жоготкон соодасын кайра баштаганын, бирок чачтарачканасы жана тигүү цехи токтоп турганын билдирди:

Саламат Исакованын тигүүчү цехин коогалаңда белгисиз бирөөлөр өрттөп жиберишкен.

- Бизнестерим таланып-тонолуп, түгөндү. Эми ошолорду калыбына келтиргени жардам издеп жүрөм. Эми Мамлекеттик дирекцияга документтеримди тапшырдым, жардам берүүгө аракеттенип атышат. Мен чоң өлчөмдө зыян тарттым. Үч бизнесим бар эле: чачтарачкана, тигүүчү цех жана соода жайы. Анын убайын тартып ооруп калдым. Бир жолу элүү миң сом алдым.

"Өкмөттүн токтому менен жабыркаган ишкерлер салыктан бошотулган",- дейт салык кызматкери Мелис Турганбаев:

- Июнь окуясы боюнча өкмөттүн атайын токтому чыккан. Жеке ишкерлердин турак жайы, дүкөндөрү күйүп кетсе, таланып-тонолсо, анда жүз пайыз жеңилдик бекитилип берилген.

Жалал-Абаддагы ишкерлер бирикмесинин төрагасы Оролбек Казакбаев жабырлануучулар окуяга чейин банктардан алган каражаттардын төлөө мөөнөтү узартылбаганын билдирди:

- Банктар алынган насыялардын проценттерин өстүрүп атат, жойбой, ал проценттерге төлөмдөрдү кошуп жатышат. Банктар жабыр тарткан ишкерлердин барымтага койгон мүлктөрүн, үйлөрүн алууда.