Бычакталган келин үчүн күйөөсү кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда төрт балалуу келиндин бычакталып өлтүрүлүшүнө күйөөсү шектелип камакка алынды.

Сузак районунун Лавдан-Кара айылындагы кандуу окуя 25-июлда болгон. 30 жаштагы келин киши колдуу болду деген маалымат эртең мененки саат алтыда Сузак милициясына түшкөн.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Шеркул Турганбаев окуя тууралуу буларды айтып берди:

Шеркул Турганбаев

«Милициянын 102 кызматына маалымат түшөр замат биздин кызматкерлер 10 мүнөттүн ичинде айтылган дарекке жетип барышкан. Үйдө мыкаачылык менен бычакталып өлтүрүлгөн 30 жаштагы келиндин канга боёлгон сөөгүн табышкан. Окуяга шектүү катары маркумдун 31 жаштагы жолдошу кармалган. Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү райондук соттун чечимине ылайык эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Келин ур-токмокко алынып, андан соң бычакталышы мүмкүн».

Баштапкы маалыматка караганда, келинди күйөөсү кызганычтан улам токмоктоп, бычактаган.

Азыр жубайлар жашаган үй кулпуланып турат, кошуналары түнкүсүн үйдө ызы-чуу болгонун айтып, бирок кенен маалымат берүүнү каалашкан жок. Келиндин Ноокен районунун Сакалды айылында жашаган ата-энеси милицияга күйөө баласынын үстүнөн арызданып кайрылды. Кылмышка шектүүнүн жакындары «Азаттыктын» суроолоруна жооп берүүнү каалашкан жок. Төрт бала учурда туугандардын колунда.

Дагы караңыз «Күйөөмдөн качып жүрөм...»

«Аялдар демократиялык тармагы» коомдук фонду ушул жылдын апрель айында тараткан маалыматка караганда, 2018-жылы Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан 62 аял каза болуп, 288и жараат алган. Аталган фонддун иликтөөсү көрсөткөндөй, үй-бүлөдөгү зомбулуктан каза болгондор жана жабыркагандар жыл сайын көбөйүүдө.

Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнүн кызматкери Кошмат Мырзаев көпчүлүк окуялар сотко жетпей эле кыскарып жатканын айтты.

«Былтыр бизге жолдошунан кордук көргөн аял жардам сурап кайрылган. Биз ишти тергөөгө чейин жеткирип, акырында ал келинге айып төлөп бермек. Бирок келин тосмо арыз жазып берип, жолдошу жазасыз калды. Бир топ учурлар сотко жетпей эле кыскарып кетүүдө. Кээ бир учурларда аялдар үн катпайт. Алар көбүнчө балдарын ойлоп, үй-бүлөсүн талкалагысы келбейт жана зомбулукка чыдашат. Биз үй-бүлөдөгү зомбулукту азайтыш үчүн коомдогу ушул сыяктуу стереотиптерди жеңишибиз керек».

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 2009-жылдан бери 30 пайызга көбөйдү. Зомбулуктун түрлөрүнүн 70 пайызга жакыны күч колдонуу, 25 пайызы психологиялык басмырлоо жана 5 пайызы сексуалдык мүнөздөгү кордук болуп саналат. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, 15-49 жаштагы үй-бүлөлүү аялдардын 25% зомбулуктун кайсы бир түрүнө кабылганын айткан. Бул ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылат деген кеп.

Аялдардын укугун коргогон «Аймира» коомдук фондунун координатору Нургүл Жолоева буларды айтты.

Нургүл Жолоева

«Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук олуттуу маселе болуп келатат. Учурда аялдарды мүлккө ээлик кылуу жагынан коргогон мыйзамдын жоктугу зомбулукка кабылуусуна түрткү берүүдө. Анткени аял үйдө эч кандай укукка ээ эмес. Андан сырткары биз кыздарды кичинесинен эле зомбулукка дуушар кылуудабыз. Аларды жогорку окуу жайда толук окутпай, мажбурлап күйөөгө берип, өзү каалагандай жашоосуна жолтоо болуудабыз».

Нургүл Жолоева Жалал-Абад шаарында туруктуу иштеген кризистик борбордун жоктугу да маселе жаратып жатканын айтты:

«Учурда Жалал-Абад шаарында зомбулукка кабылган аялдарды убактылуу жайгаштыруучу бир да кризистик борбор жок. Алар кезегинде бир долбоорлор менен гана ачылып, жабылып турат. Мамлекеттин камкордугундагы кризистик борбор керек. Азыр араздашкан же зомбулук көргөн аялдарга милиция да дароо жардам бере албай жатат. Айрым бир уюмдардын каржылоосунда иштеп жаткан борборго зомбулук көргөн бардык эле аялдар бата албайт. Ал жерде баңгизаттан же оорудан жабыркаган аялдар өзүнчө кармалышы керек. Азырынча андай шарт жок. Балалуу келиндер үчүн да кризистик борбор жок».

Дагы караңыз Араздашкан бүлө, ажал тапкан күйөө

Жалал-Абадда милицияга үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка байланыштуу быйыл жыл башынан бери 525 даттануу түшкөн. Күч колдонуу, зомбулук фактысы боюнча кайрылгандар басымдуу кылат. Укук коргоочу уюм Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук токтобой, аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук окуялары боюнча акыркы эки жылда 9000 кылмыш иши катталганын баяндаган.

Жыл башында адам укуктарын коргоо боюнча иш алып барган «Human Rights Watch» уюмунун баяндамасы жарык көргөн. Анда 2018-жылы Кыргызстанда адам укуктары жаатында тынчсыздануу жараткан көптөгөн жагдайлар кала бергени айтылган. Алсак, аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун азайбаганы, кыйноо үчүн жоопкерчиликсиз мамиле, экстремизм боюнча шек саналган жарандардын укуктарынын бузулушу дагы эле кездешип жатканы белгиленген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.