Аксынын жолун кенчилер талкалады

Аксы районундагы эки айылдын тургундары кен казган компаниялардын айылды аралап өткөн оор жүк ташуучу автоунааларына нааразы болуп жатышат.

Буга чейин 300дөн ашык жашоочу өкмөт башчысына чейин кайрылып, айланма жол курууну суранган. Эки жыл мурда Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысы болуп турган кезде маселени жеринен көрүп, тийиштүү тараптарга чечүүнү тапшырганы менен жагдай өзгөргөн жок.

Айыл тургуну Абдыманап Турдалиевдин үйү Кербен - Ала-Бука жолунун жээгинде жайгашкан. Салынганына аз гана убакыт болгон үйдүн дубалдары жарылып, ал тургай түнкүсүн тынч уктоого да мүмкүн болбой калган экен.

Абдыманап Турдалиев

«Үйдүн дубалындагы бул жаракалар көчөдөн өткөн оор жүк ташуучу автоунаалардын кесепетинен пайда болду, - дейт ал. - Мына, карагылачы, терезелердин асты жарылып жатат. Биз үй ичинде отуруп көнүп калдык, эгерде коноктор келсе «Жер титиреп жатабы?» деп чочуп кетиши ыктымал. Үй ичиндеги жаракаларды жыл сайын бүтөп келатабыз. Ал эми короонун сыртына курган дубалыбыздын пайдубалы кирпич менен курганча эле сынып калды. Оор жүк ташуучу машинелер катуу ылдамдыкта өтүп, жер кадимкидей бир көтөрүлүп түшкөндөй болот».

Эрлан Калмурзаевдин жаңыдан тургузган мал сарайында да жаракалар пайда болгон.

«Бул жол айылдардын ортосундагы ички жол болуп саналат, - деди ал. - Бирок ушул аркылуу Ала-Букада алтын кен казган компаниялардын оор жүк ташуучу автоунаалары каттайт. «Булар үчүн айланма жол курабыз» дегенден бери маселе чечилбей келатат. Жаңы салынган турак жайлардан жарака кетип, бизде да коркунуч боло баштады».

Ала-Бука менен Чаткалга каттаган район аралык жол Кербен шаарына караштуу Ак-Дөбө айылын аралап өтөт. Ошондуктан эки районго азык-түлүк ташыган соодагерлердин машинелери, кен казган компаниялардын оор салмактагы КАМАЗдары да ушул жол менен катташат.

Айыл тургуну Бактыбек Паизов 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган кезде да жолдун абалы менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушканын айтты:

«Жергиликтүү бийлик айланма жол куруу маселесин көтөрүп, Сооронбай Жээнбековго пландуу жол картасын көрсөткөн. Жээнбеков ошондо «курулушка керектүү каражат бөлүнөт, жол куруу иштери башталат» деп убада берген. Бирок андан бери бир топ убакыт өтсө да, абал эч өзгөргөн жок. Бул көчөгө мамлекеттин казынасынан бир топ каражат бөлүнүп, жакынкы жылдары эле асфальт төшөгөн. Азыр эми оор жүк ташуучу КАМАЗдар жолдун тамтыгын чыгарып бүттү».

Жолдун азабын тарткан Аксы районунун Кош-Дөбө жана Ак-Дөбө айылынын 300дөн ашык жашоочусунун колу коюлган кат өкмөт башчысына жөнөтүлгөн. Анда жергиликтүү тургундар тез аранын ичинде айланма жол курууну суранышкан. Кербен шаарынын мэри Нарматалы Эсеналиев эки жылдан бери иш илгерилебегенин айтты:

«Сооронбай Шарипович премьер-министр болуп турган кезинде, Аксыга иш сапары менен келген учурда жолдун абалын көргөн. Ала-Бука менен Чаткалда кен иштеткен компаниялардын оор салмактуу техникалык каражаттары жолду талкалап бүткөнүн, айланма жол куруунун зарылчылыгы бар экенин айтканбыз. Жээнбеков 2017-жылы жолдун курулушун баштоого деп 10 млн. сом бөлдүргөнү маалымдалган. 2018-жылы айланма жолдун долбоору даярдалып, сметалык баасы 546 млн. сом деп бекитилген. Ал суммада менен жол куруу иштери узарып кетет деп биз шагылдоо аркылуу жол салууну сунуш кылганбыз. Долбоор кайрадан жасалып чыгып, 170 млн. сомдук шагыл менен жол салууга долбоор өзгөтүлгөн. Азыр эми каражат бөлүнсө, курулуш башталганы турат. Бирок эки жылдан бери жумуштар башталбай турат».

Сооронбай Жээнбеков Аксыга барган кезде тартылган сүрөт. 2017-жыл

№6 автомобил жолдорунун өндүрүштүк линиялык башкармалыгынын башчысы Камил Абдыкалыков айланма жолдун курулушун быйыл баштоо пландалып жатканын айтты.

"Бул жолдун курулушу президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен башталган. 4 млн. сом бөлүнүп, 8.5 км жолдун долбоору даярдалган. Азыр ал экспертизадан өтүп жатат. Быйыл каражат бөлүнсө, тендерге берип, курулуш иштери башталат. Биз да азыр күтүп жатабыз".

Таш-Көмүр-Кербен-Ала-Бука айланма жолу 8,5 чакырым аралыкка созулат. Долбоорлук баасы шагыл жол салууга 170 млн. сом деп бааланган.

Жаңы жолдун курулушу 10 адамдын үлүш жерлери туш келгендиктен, Кербен шаарынын бийлиги ал тургундар менен макулдашып, башка аймактан жер алмаштырууга макулдашылган. Азырынча жаңы жол салынганча айылдыктар үйлөрүнүн жаракаларын адаттагыдай эле жамап, коркпой жашап турууга аргасыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.