Жолдо калуунун азабы

Ош-Бишкек жолунун үч жарым күн буулуп турушу үч түрдүү максат менен коштолду. Жол тоскондор лидерлерин камактан чыгарууга, жолдо калгандар эптеп дарегине жетүүгө, ал эми айдоочулар жол кирени кымбаттатып, көбүрөөк пайдага туйтунууга аракет кылып жатышты. Ал ортодо айрым жергиликтүүлөр жолоочуларды акысыз багып да турушту.
Июндун экисинен бешине чейин Бишкек-Ош жолунун 587-чакырымындагы жол тосуу акциясы ар кандай нааразылыктар менен коштолуп турду. Үч жарым күн аралыгында жол буугандар талабын бийликтер качан аткарат деп жол караса, тосмонун эки жагында калгандар дарегине жете албай азап тартышты.

Жол жабыктыгынан улам же ары, же бери кете албай калган жарандардын ичинде Асел Мамажанова да болду. Ал Бишкектен Ошко келаткан. Жолдон өтө албай, үч күн бою уулунун унаасында күн кечирди. Туугандарына базарлык катары алып бараткан таттуулары бар эле. Үч күн аралыгындагы анын негизги азыгы ушул таттуулар болгонун айтат:

- Мындай кылган туура эмес да. Жолоочуларда эмне күнөө? Арасында зарыл жумуш менен кетип жаткандары бар. Бул жерге машинебизди таштап кете албай же артка кайта албай отурабыз...

Бири антип азап чегип жатса, экинчисине Кудай бергендей эле болду. Киши ташыган анча-мынча айдоочулар жол кирени кымбаттатып жиберди.

Акция болуп жаткан айылдан Ошту жана Жалал-Абадды көздөй жүргүнчү ташыган айдоочулар жол киренин баасын өз ыңгайына жараша көтөрүп алышты. Акциянын акыркы күнү гана акция уюштуруучуларынын суранычы менен жол кире маселеси бир аз басаңдагандай болду.

Үч жарым күн бою жолго тигилген боз үйдө отурган пенсионер Адина Шекенова жол кирени кымбаттатып алган айдоочуларды тартипке чакыргандардан:

- Биздин нааразылык акциябыздан пайдаланып, айдоочулар бизнес жасаганга өтүп алыптыр. Биз турган жерден Ошко чейин жол кире 200 сом, булар 300-500гө көтөрүп алышыптыр. Жалал-Абадга болсо 20 сом менен жетсе болот, айдоочулар 50 сом кылып коюптур. Уят да мындай иш...

Жол тосулган аймак Датка айылы айтылганы менен расмий аталышы Төбөй. “Ата-Журт” партиясынын камактагы өкүлдөрүн чыгаруу талабы менен нааразылыкка чыккандар Ош-Бишкек жолун гана эмес, ошол айылды аралап, Ош жана Бишкекке кете турган майда көчөлөрдү да бууп салышкан эле.

Акция болгон жердеги адамдардын саны үч жарым күн бою миңден үч миңге чейин жетип турду. Бул арада эки жакка миңге жакын унаа топтолуп, жолоочулар бир топ сарсанаа болушту. Окуянын алгачкы эки күнү тынч эле болду, үчүнчү күн дегенде жолоочулардын чыдамы кетип, көчөгө боз үй тигип, тосмо тосуп отургандар менен эки жолу жаңжалдашты.

Жол тосуу акциясы айрыкча жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен аларды жалдаган кишилерди бушайманга салды. Анткени айрымдар Бишкекке алып барып сатуу үчүн жүктөгөн 100-150 миң сомдук мөмө-жемиштер жарактан чыга баштаган болчу. Өзүн Алчынбек деп тааныштырган айдоочу 50 миң сомдой акчага күйгөн экен:

- Өрүк жана башка жер-жемиштерди кошкондо 150 миң сомдук товар жүктөгөм. Бир тобу пайдаланууга жараксыз болуп калды. Мен жол тоскондорго эмес, булардан келип кабар албаган бийликке нааразы болуп жатам. Бир адам келип, булдардын үнүн угуп, маселесин чечип кетпейби...

Жолду торогондор таптакыр эле эч кимди өткөрбөй коюшту дегенге болбойт. Унааларды гана токтотушуп, ичиндеги жүргүнчүлөрдү жөө өткөрүп турушту. Алар акциянын бир башына чейин башка машинеде келип, аркы башына чыгып башка унаага отуруп кетип жатышты. Оорулуу жүргүнчүсү бар унаалар тоскоолдуксуз эле өткөрүлүп турду.

Баса, тосмодон улам жолдо калгандар негизинен мигранттар болду. Бул күндөрү Орусиядан, Түркиядан жана Казакстандан Кыргызстанга кайткан кишилер басымдуулук кылышты. Алардын чет өлкөдөн келип жатканы көтөргөн сумкаларынан белгилүү болчу. Үйүн сагынып келатып мындай түйшүккө кабылгандар айласыздан 500 метрден ашуун жерди жүгүн көтөргөн бойдон жөө басып өтүүгө аргасыз болушту. Жол тоскондорго каяша айткандар да негизинен ушул мигранттар болду.

Акция маалында аны чагылдырууга келген журналисттерге да бир топ басым жасалганы байкалды. “Окуяны туура эмес чагылдырып жатасыңар” деген кине менен кабарчылар жакшы эле тил угушту. Айрымдарына “кол тийип кеткен” учурлар да болду. Анын айынан нааразылыктын үчүнчү күнү борбордук эки телеканалдын кабарчылары абалды сырттан гана тасмага тартып кетишти.

Ошол эле учурда жолдо калып кыйналгандарга колдон келген жардамын берүүгө дилгирленген тургундар да болушту. Алардын эң кичүүсүнүн аты - Айдана. Ал нааразылык акциясы болуп жаткан жердеги “Датка” деп аталган дүкөндө иштейт. Бешинчи классты эми гана аяктаган Айдана дүкөнгө кирген жолоочуларга акысыз чай берип, уюлдук телефондорунун кубатын толтурууга жардам берип жатты. Уялчаак кыз журналисттердин диктофонуна сүйлөп берүүнү, ал тургай сүрөткө түшүүнү да каалабады.

Баса, жол тосуп отурган айымдардын ич арасында туура эмес иш кылып жатканы тууралуу сүйлөшүп отургандарын да кулак чалып калды. Мындай пикирлер жол тосуунун үчүнчү күнүндө айтылып жатты. Алар негизинен “бийлик маселеге олуттуу караганда, мындай акцияга чыкпайт элек” деп нааразы болуп жатышты...

Жол тосуу акциясынын жүрүшүндө башаламандыктар болгон жок. Кырдаалга милиция көз салып турду. Тез жардам кызматы күнү-түнү ошол жерде болду. Акция бүткүчө аларга жүзгө жакын адамдар кайрылышыптыр. Алар негизинен баш оору жана кан басымы жогорулагандар болду.

Ошентип 5-июнда нааразы топтун лидери Медер Үсөнов камактан чыккандан соң, түшкө жакын жол ачылды. Бардык жак оор жүктөн арылгандай тарап кетишти. Бирок жол буугандар «Ата-Журт» партиясынын депутаттары камактан бошотулбаса, 8-июндан тарта жолду кайрадан бөгөп коюшаарын эскертип кетишти.

Ал арада Башкы прокуратура жол тосуу акциясы боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.