Жалал-Абад: оорукана имараты талашка түштү

  • Ырысбай Абдыраимов

Жалал-Абадда Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча илимий борбор менен Облустук кан куюу борбору бир имаратта жайгашкан.

Жалал-Абадда Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк-аймактык илимий-борборуна имарат тардык кылууда.
Күнүнө үчтөн адам жүрөгүнөн операция болгон борбор жаңы жабдуулар менен камсыздалган, бирок бейтаптардын аралаш жатуусу ыңгайсыздык жаратууда. Орун жетишсиздигинен коридордо жаткан оорулуулар да бар.

Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча илимий борбор 1968-жылы бүтүндөй түштүк аймагын кан менен камсыздоо үчүн курулган Облустук кан куюу борборунун имаратында жайгашкан.

2010 - жылы бул борбор ачылганда, ага имараттын экинчи кабатынын айрым бөлмөлөрү жана үчүнчү кабат толугу менен энчиленген. Бирок үчүнчү жана экинчи кабатка чыгуу үчүн лифт коюлган эмес. Борбордун кызматкерлери мунун айынан тепкич менен өйдө көтөрүлгөн оорулуулардын жүрөгүнө күч келип жатканын айтууда.

Муну менен катар илимий борбор кан куюу мекемеси ээлеп турган экинчи кабаттагы 7 бөлмөнү өздөрүнө өткөрүп берүү өтүнүчү менен Саламаттык сактоо министрлигине, өкмөткө кайрылган. Бул кадамдын зарылдыгы эмнеде экенин илимий борбордун директорунун орунбасары Венера Орунбаева айтып берди:

- Жети бөлмөнү бизге кайтарып берсе, балдар бөлүмүн ачууга шарт түзүлмөк. Анткени балдарды чоң кишилер менен бир палатага жаткыруу туура эмес. Жүрөк оорулуулар экинчи кабаттан үчүнчүгө жөө чыкканына нааразы. Бул учурда бейтаптын кан басымы жогорулайт. Мунун айынан буга чейин эки бейтап каза тапкан. Биздин бейтапкана биринчи кабатта болуусу абзел. Баткен, Алай, Кара-Кулжа, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Торо жактан жүрөк оорулуу келсе, аларды кайра үйүнө жибере албайбыз, ооруканага жаткырууга туура келет. Мындайда орун жетишпейт. Биз “Эхоэкг" деген жаңы аппарат алганбыз, мындай аппарат түштүктөгү ооруканалардын биринде да жок. Бир гана имараттын тардыгынан кыйналуудабыз.

Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча илимий борбордо жаткан Бурул Мидинова борбордун директору, профессор Калдарбек Абдрамановдун атын угуп, атайын алыскы Кара-Кулжадан келген экен. Борбордогу шарт тууралуу буларды айтты:

- Врачтарга ырахмат. Бирок ыңгайсыздыктар бар экен. Көпчүлүк операция болгондор менен операция болбогондор аралаш жатып калат. Орун жетишпей, кээде залда, коридордо жатып калган күндөрүбүз болду, же лифт болбосо..
.

Анткен менен Облустук кан куюу борбору кесиптештеринин өтүнүчүнө макул эмес. Аталган борбордун башчысы Салахидин Мусаев маселени башкача жол менен чечүүнү сунуштоодо:

- Бизди башка жакка көчүрүү мүмкүн эмес. Ага шартыбыз да жок. Биз эки бутту бир өтүккө тыккан абалда отурабыз. Өкмөт Кадыржан Батыровдун соттун чечими менен мамлекетке өткөрмөк болгон медициналык борборун кардиохирургияга беребиз” деген маселени караштырууда. Эмне үчүн ушул маселени эмдигиче чече албайт? Төрт жылдан бери ошол имаратка кардиохуриргияны көчүрүп кетсе, мындай суроо болмок эмес.

Жалал-Абадда ачылган Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча илимий борбор түштүк облустардын калкын төрт жылдан бери тейлеп келет. Мекеме акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар менен камсыздалган, жүрөк - кан тамыр ооруларын дарылоодо жаңы ыкма колдонулат.

Жыйырма орундуу бул борбордо быйыл жүздөн ашык оорулууга операция ийгиликтүү жасалды. Анда медициналык илимдин бир доктору жана сегиз врач иштейт.