Жалал-Абадды жашыл бойдон сактап калалы

Жалал-Абад

Жалал-Абад шаарынын авто бекет тарабынан кире бериште, Ленин көчөсүнүн жээгинде өсүп турган, ар жазда кыпкызыл болуп гүлдөгөн дарактар шаардын көркүнө көрк кошуп, адамдын көңүлүн өзүнө бурат.

Бул кандай дарак кандай аталат, көчөтүн кай жактан алынып келишкен, качан жана ким эккен деген суроолор ар жылы мени ойго салып келген. Быйыл сааты чыккан экен, ушул суроого жооп табылды.

Маектешим Закирходжа Сарымсаковдун жашы жетимишке барып калды. Кесиби-биолог, эколог. Азыр токойчулук боюнча да иш алып барат. 1993-жылдан 2000-жылга чейин Жалал-Абаддын шаардык жашылдандыруу мекемесинде начальник болуп иштеген.

Закирходжа мырза экөөбүз өткөн-кеткенди сүйлөшүп отурдук. Ошол маегибиздин үзүндүлөрүн окурмандарга сунуштоону эп көрдүм.

Закирходжа Сарымсаков

- Бир жылдары шаарды көрктөндүрүү боюнча көптөгөн иштерди жүргүзгөнбүз. Жалал-Абад шаарында кездешпеген жаңы дарактарды өстүрүү боюнча демилге көтөрүп, аны ошол кездеги шаардын мэри Касым Мадаминович Исманов колдоп берген. Ош, Анжиян, Ташкенттен шаарыбызга көрк берген жаңы дарактардын, гүлдүн түрүн алып келдик.

Алардын ичинен сакталып калгандары Ленин жана Пушкин көчөсүндөгү кыпкызыл болуп гүлдөгөн Канаданын тамылжыган кызыл дарагы (Баграянник Канадский). Ал эми кара карагайды, Тянь-Шань жашыл карагайын мэриянын алдында, Айтматов көчөсүнө отургузганбыз.

Ленин көчосүндөгү Канаданын тамылжыган кызыл дарагы (Баграянник Канадский) жана анын гүлдөшү

Жай мезгилинде гүлдөй турган, шаарга дагы көрк берүүчү сары гүлдүү фарзиция, ак гүлдүү колдо өстүрүлгөн табылгы (спирея) бадалдарынын көчөттөрүн тротуарларга, Эркиндик көчөсүнө баштан-аяк эгип чыкканбыз.

Кооз кызыл гүлдүү жапон бехиси деп аталган бий алма, Семенов пихтасы, магнолия, декоративдүү алча же сакура көчөттөрү эгилген болчу.

Соңку учурларда бак-шакка жоопкерсиздик менен мамиле кылгандыктан ошондо алынып келген дарактардын, бадалдарын көпчүлүгү жок болуп кетти. Жада калса гүлдөп турган бадалдарды жулуп кеткендер бар. Ошентип көптөгөн дарактар менен бадалдарды сактай албай калдык.

Негизи Жалал-Абад чакан, өтө кооз шаар. Акыркы кезде калаада жакшы өзгөрүүлөр болуп, курулуш иштери жүрүп жатат. Суу куурлары жаңыланууда. Бирок шаарды жашылдандыруу иштерине, тазалыкты сактоого көңүл бурулбай калганына ичим ачышат.

- Шаардагы көчө боюндагы дарактарды мултуйтуп кыркып салышыптыр го...

- Мурдагы система боюнча көп шаарларда электр линиялары көчө бойлой тартылган. Дарактардын бутактары зымдарга тийип калбашы үчүн илгери РЭС менен биргеликте кайсы жерден электр зымдары өтсө, аны кандай кыркуу керектиги тууралуу иш жүргүзчүбүз.

Сакура

​​Азыркы учурда зым өтпөгөн жерден деле дарактарды кыйып салышат. Байкуштар мамыга окшоп калды. Мындай мамиле дарактардын биологиялык өсүүсүнө каршы келет.

Биздин шаарыбыз өтө ысык аймакта жайгашкан. Жай мезгилинде шаардыктарга, шаарга келген меймандарга көлөкө керек. Токтогул көчөсүндөгү дарактарды да өткөн жылдары кыйышты.

Жалал-Абаддагы кыйылган дарактар

Мен дарактар туура эмес кыйылып жатканы тууралуу мэрге айтып, токтотуп калууга жетиштим. Бирок көптөгөн дарактар кыйылып кетти. Адамдар ал жерден көлөкө таппай калышты. Дарактын өсүшүнө бир топ убакыт кетет да. “Жеңиш паркынын” айланасында көптөгөн дарактарды мултуйтуп кыркып салышкан. Алар узак жашай албайт, бат эле куурайт.

Шаардык жашылдандыруу мекемесинин жетекчилиги адистерден кеңеш алып, иштешсе жакшы болмок. Тал-терек да жандуу нерсе да. Ага балта тийгизерден мурда мунун кесепети кандай болот деп ойлонуш керек.

Форзиция бадалы

- Закир аке, сиздер эккен ушул дарактарды, бадалдарды калемче кылып кайра көбөйтсө болобу?

- Канаданын тамылжыган кызыл дарагынын (Баграянник Канадский) уругу өтө көп болот. Анын уругун күзүндө эгип койсо, өтө тез өнөт. Калемче кылып өстүрө турган бадалдар бар. Биз жашыл шаарда жашоого кызыкдарбыз. Эгерде кеңеш сураса, кеп-кеңеш берүүгө даярбыз. Шаарыбызда көчөткана (питомник) бар. Бул жерде түрдүү гүлдөрдү, көчөттөрдү өстүрүп, көчөлөрдүн жээктерине эгип койсок шаар көркүнө чыкмак. Чакан шаарыбызды таза кармап, кооздогонго шаар башчыларыбыздын да, жашап жаткан шаардыктардын да мүмкүнчүлүктөрү бар.

Биз иштеген учурда шаардын мэри менен биргеликте 1993-жылдан 1998-жылга чейин экология милициясын уюштурганбыз. Алар шаар тургундарына жашап турган аймактарынын тазалыгына жооп беришин көзөмөлдөп, дайыма текшерип турушкан. Мисалы, кайсы жерде дүкөн же ишкана болсо, алар ошол жерлердин тазалыгына жооптуу болушкан. Тазалабаса, айып пул төлөшкөн.

- Азыркы күндө шаардын экологиялык абалы кандай?

- Шаарда суу түтүктөрүн жаңылоо иштери жүрүп жаткандыктан, казуу иштери жүрүп жатат. Экологиялык абал начар, бул иштерди бүтүрмөйүнчө эч ким эч нерсе кыла албайт. Суу түтүктөрүн орнотуп бүткөндөн кийин, шаарды таза кармоо, жашылдандыруу иштерин пландуу аткарса болот.

Аңгемелешкен Нурмамат ажы Сапарбаев. Сүрөттөрү автордуку

Жашыл шаарым Жалал-Абад

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.