Буга жергиликтүү тургундар, активисттер нааразылык билдиришүүдө. Ансыз да чаңга оронгон борбор калаанын жашыл көркүнө залал келтирбестен Бишкекти жашоого ыңгайлуу, кооз шаарга айландыруу мүмкүнбү? “Азаттык плюс” бул берүүдө ушул жана башка суроолорго жооп издеди.
2-июнда Алиаскар Токтоналиев көчөсүндөгү бак-дарактар кыйылган учурунда жергиликтүү тургундар менен кошо жарандык активист Айканыш Дербишева да өз каршылыгын билдирип, милиция кызматкерлеринен эскертүү алгандардын бири.
Активисттин айтымында, тургундар бак-дарактардын кыйылышына эле эмес, эки тарабында тең эл жашаган жолду эки тилкелүүдөн төрт тилкелүүгө айландырып жатканына каршы чыгышкан:
- Төрт тилкелүү жол ал жерге туура келбейт. Жол кеңейет, тыгын азаят деп жатышпайбы. Тескерисинче, жол кеңейсе машинелер да көп каттай баштайт. Жол кырсыктары көбөйөт, балдар көчөгө кенен чыга албай калат. Ансыз деле бизде айдоочулук маданияты өнүккөн эмес. Эл жык жашаган аймакка төрт тилке жол салуунун өзү туура эмес.
Көркү качкан Бишкегим...
Кыргызстандын борбору Бишкекте акыркы жылдары курулуш күч алып, көк тиреген кабат-кабат үйлөр салынууда. Бирок курулуштарды бир багытка бурган архитектуралык-композициялык талап жок болгондуктан көз тайгылткан үйлөр менен өткөн кылымдын эстелиги катары калган жепирейген тамдар катар орун алып, борбор шаардын көркү бузулууда.
Шаар тургуну Алишер Ташматов жолду баштапкы калыбына келтирүү үчүн болгон күч-аракеттерин жумшап жаткандыгын айтты:
- Биздин дарактарды кыйышты. Эми башка көчөлөрдүн бактарына колу тийбеши үчүн биз катуу турабыз. Бул биздин колдон келет деп ишенем. Ошондой эле жолдорду оңдоп-түзөө иштеринде милдеттүү түрдө коомдук угууларга чакырылышыбыз керек деп ойлойм.
Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абдыжапаркул Жанболотов көчөлөрдү тыгындардан арылтуу жана шаардыктарга жакшы шарт түзүп берүү максатында иш жүргүзүлүп жаткандыгын айтты:
- Элдин көйгөйүн чечүү үчүн маселенин бардык жактарын карап чыкканбыз. Ар бир адам өз коопсуздугу үчүн өзү жооптуу. Ал эми жаңжал чыккан көчөдө балдар ойной турган атайын аянтча бар экен. Эгерде баласы жолго чыгып ойнойм десе ата-энеси көзөмөлдөшү керек. Ар бир адамдын артынан карап жүрүүгө биз милдеттүү эмеспиз.
Шаар изилдөөчү Атай Самыйбек эч бир анализ жүргүзүлбөгөндүгүн жана жергиликтүү калк бул тууралуу кабардар болбогондуктан ушундай чыр-чатак чыкканын белгилейт. Ал аталган иш боюнча мындай деди:
- Бул ишке киришерден мурда ар бир тармактын өкүлдөрү менен кеңешип, чогуу концепция иштеп чыгыш керек болчу. 2013-жылы Бишкек шаарынын оңдоп чыгуу ишинин концепциясы иштелип жатканда адис катары экологдор, изилилдөөчүлөр чакырылган эмес. Бул чечим чыгаруучу системадагы эң башкы көйгөй болуп эсептелинет.