Көчмөндөр оюнуна саналуу сааттар калды

Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот.

Салтанат кечки саат сегиз жарымда башталат. Негизги иш-чаралар Булан-Сөгөтү айылында жана Кырчын жайлоосунда өтмөй болду.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ордо, көк бөрү, мангала, тогуз коргоол, таяк тартыш боюнча бүгүн алдын ала оюндар башталды.

Маалыматка караганда, бүгүн казакча күрөштөн спортчулардын салмактары өлчөнөт жана жөө жаа атуу, атчан жаа атуу, алыскы аралыкка жаа атуу, бүркүт салуу, тайган жарыш жана далба ойнотуу мелдештеринен спортчулар каттоого алынат.

Оюнга 53 мамлекеттен миңге жакын спортчу катышары алдын ала айтылган. Анда улуттук спорттун 23 түрүнөн күч сынашат.

Учурда 39 мамлекеттин оюнчулары Чолпон-Ата шаарына келгенин Көчмөндөр оюндарынын расмий сайты кабарлады. Калган катышуучулар 3-сентябрь күнү кечке чейин келишет.

Ал эми оюнду чагылдырууга чет өлкөдөн 406 маалымат өкүлү келгенин Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Айымкан Кулукеева билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көлдө бүгүн ачылышы боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышканы жана көргөнү баргандардын санитардык абалына 25 дарыгер көз саларын маалымдады.