Серепчилерди пикиринде, бул көрүнүш Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан кесилишкен Фергана өрөөнүнүн коопсуздугуна айрыкча коркунуч туудурууда.
Аталган террористтик топтун лидери Абубакр Аль-Багдади "Ислам мамлекетинин" Борбор Азия өлкөлөрүндө таасирин күчөтүү үчүн атайын 70 млн. доллар бөлдү деген маалыматтар айтылып жатканын мурдагы коопсуздук кызматкери, эксперт Артур Медетбеков билдирүүдө.
Анын пикиринде, Сирияга аттанып, "Ислам мамлекетинин" катарын толуктап жаткандардын көбү Фергана өрөөнүнөн:
- Бул акчалар Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы идеологиялык жактан азгыруу, жардыруу, жаштарды өзүнө тартып, Сирияга жиберүү үчүн бөлүнгөн. Анын аркасы менен Кыргызстанда дагы чатак чыгаруу жагы каралган.
Ооганстандан кийин ким?
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Рахат Сулаймановдун айтуусуна караганда, Сириядагы жана Ирактагы согушка катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 400 адамдан ашты.
Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун курамында согушкандар кайра эле мекенине кайтып келиши мүмкүн экенин адистер бир канча убактан бери эскертип келүүдө.
Ошол эле кезде акыркы убакта "Ислам мамлекетинин" Ооганстанда дагы кулач жайышы анын Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунучун арттырууда. Атүгүл бул өлкөдө "Талибан" кыймылы акыркы айларда чабуулга өтүп, айрым жерлерде өкмөттүк күчтөрдүн айласын кетирип турган кез. Ооганстандын бул тынч эмес аймактары менен Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан чектешет. Коопсуздук жаатындагы эксперт, мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов да экстремисттик топтордун кийинки бутасы Фергана өрөөнү экенин айтат.
- Эми ушу коркунучту жоюш үчүн эң биринчи Кыргызстан ЖККУнун деңгээлинде регионалдык масштабда чараларды көрүш керек. Себеби бул уюмда Ооганстандын чек араларын бекемдөө планы каралган, мына ушу концепцияны жандандырыш керек. Бул жерде Шанхай кызматташтык уюму дагы сөзсүз катышыш керек. Ошол эле учурда ЖККУ, ШКУ менен чектелбей ЕККУ жана НАТОну дагы тартып, глобалдык масштабда Ооганстан, Ирак, Сирия маселелерин карап чечиш керек.
КМШ: ИМ армиясы биздин чек арага жетти
Борбор Азияны Ооганстандагы абал чочулатып жатканын өткөн жумадагы КМШнын Астанадагы саммитинде каралган маселелерден да байкоого болот. Саммитте 2016-2020-жылга чек ара коопсуздугун бекемдөө боюнча кызматташтыктын жаңы программасы кабыл алынып, анда эгер КМШнын чек араларында кризистик кырдаал жаралса, аны жөнгө салуу үчүн чек ара жана башка мекемелердин тобун түзүү каралган.
Кыргызстандын өзүндө дагы террорчу делгендердин күн алыс эле кармалып жатышы да бул маселеге өзгөчө көңүл буруну талап кылууда дешет адистер.
Ал эми расмий сандарга келсек, Ички иштер министрлиги экстремисттик аракеттердин саны өсүп, тогуз ай аралыгында экстремизмге байланыштуу 279 факт катталганын маалымдады. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 20,7 пайызга көп.
Ошентип, Кыргызстандын күч структуралары, муфтият, жергиликтүү бийликтер бул жаатта активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз дегени менен, абал азырынча оңолуу жолуна түшө элек, тескерисинче болууда. Профессор Мурат Сүйүнбаев диний-экстремисттик аракеттердин жогорулап жатышына жергиликтүү бийликти күнөөлөйт.
- Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийлиги, аксакалдар кеңеши, деги толгон токой кызматтар профилактикалык иштерди өткөрбөй жатышпайбы. Эмне үчүн жер-жерлерде эч нерсе кылынбай жатат? Кимди ким үгүттөп жатканын алар жакшы билишет да. Биз аларды кетүүсүнө жол берип, анан кайра күтүп алышыбыздын кереги жок. Биздин ишибизди ЖККУ же ШКУ чечип бербейт, биздикилер жоопкерчиликтен качып, бош жүрүшөт.
Расмий эмес маалыматтарда Сириядагы согушка кеткен кыргызстандыктардын саны 400дөн дагы көп. Ал эми бүтүндөй Борбор Азиядан 5 миңден ашык адам ИМ террористтик тобунун катарында урушуп жүргөнү айтылууда.