Аттард: Фейктер дүйнөгө көйгөй жаратты

Моника Аттард

Сидней технологиялык университетинин журналистика факультетинин деканы Моника Аттард Кыргызстанга келип, Борбор Азия университетинин студенттери менен тажрыйба бөлүштү.

«Азаттык»: Моника айым, Борбор Азияга келишиңизге эмне себеп болду? Кыргызстанга сапарыңыздын максаты эмне?

Моника Аттард: Мени Кыргызстанга Борбор Азия университети чакырган. Мен Австралиянын Сидней шаарындагы эң чоң университеттердин бири - Сиднейдин технологиялык университетинде (UTS) журналистика факультетин жетектейм.

Биздин журналистика багытыбыз өлкөдөгү эң мыкты программаларды сунуштайт. UTS азыр Борбор Азия университети менен бирге коммуникация жана журналистика багытында иштеп келет. Мен бул жактагы студенттерге мултимедиа журналистикасы кайдан келген жана ал кайда барат деген таризде лекция окуганы келдим.

«Азаттык»: Сиз Борбор Азияга мурда да келиптирсиз. Орусияда да кабарчы болуп эмгектенген экенсиз. Кыргызстандагы сөз эркиндигине кандай баа бере аласыз?

Дагы караңыз Гатмен: Дата илими иликтөөгө чоң жардам берет

Моника Аттард: - Мен бул жаатта чоң адис катары көрүнгүм келбейт. Бирок силердин ушундай чоң медианы иштетип жатканыңар таасир калтырбай койбойт. Силер бийликке сын айтып, анын ишин талдап жатканыңардын өзү жетишкендик. Себеби журналистиканын эң негизги вазыйпасы караңгы жерге жарык берип, бийлик айтып, көрсөткүсү келбеген окуяларды ачык айтуу. Эгер бул вазыйпа тоскоолдуксуз аткарылып жатса, анда сөз эркиндиги бар деп айтса болот.

Биздин өкмөт да бир медианы чектеген бир катар мыйзамдарды кабыл алган. Жакында эле мен 30 жыл эмгектенген Австралиянын телерадио корпорациясында (Australian Broadcasting Corporation) федералдык полиция рейд жүргүзүп, ABC жасаган бир иликтөө боюнча документтерди талап кылды. Ал документтерди журналисттерге өкмөттө иштеген, өзү күбө болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабаган кызматкер берген. Полиция ABCнин кеңсесинде жети саат тинтүү жүргүздү. Ага чейин эле дагы бир көз карандысыз журналисттин үйү дал ошентип тинтүүгө алынган. Бул окуялар үрөй учуруп, Австралияда нааразылык толкунун жаратты. Бирок бул окуяларды бардык маалымат каражаттары ачык баяндап берип турду. Ошондуктан сөз эркиндиги ар кайсы аймакта ар кандай.

Сөз эркиндиги жөнүндө кеп кылганда ошол өлкөнүн бийлиги журналисттерге канчалык ачык экенин караш керек. Өкмөт журналисттер өз ишин аткарууга керектүү маалыматты берип жатабы же жокпу? Бийлик журналистиканы кылмыш катары көрбөйбү? Австралияда деле айрым саясатчылар "журналисттер башкарууга тоскоолдук жаратат, бутка илешет" деген пикирде. Журналисттер өз ишин коомдук кызыкчылык үчүн аткарып жатабы же башка кызыкчылыктары барбы? Мына ушун баарын эске алыш керек.

«Азаттык»: Сиз Австралияда журналисттерге жасалган рейддер тууралуу сөз кылып калдыңыз. Бизде да жакында эле бир окуя болду. Биздин оператор коомчулукта талкууланып жүргөн, белгилүү бир киши жана анын байлыгы тууралуу иликтөөнүн алкагында асманга дрон учуруп жаткан чакта ал кишинин балдары келип, техникаларды тартып алып, анын ишине тоскоолдук жараткан. Ушундай учурда медиа кандай реакция кылыш керек?

Журналистика - бул караңгы бурчтарга жарык алып келүү. Журналистика - бул бийлик айтып, ачыкка чыгаргысы келбеген нерселерди айтып чыгуу.


Моника Аттард: Бул суроого жооп бериш үчүн мен журналистикада иштеп жүргөн жана журналистиканы окуткан адамдын көз караштары менен эки башка карашым керек. Эгер иштеп жүргөн журналисттин көз карашынан алып карасак, окуяны чагылдырып, болушунча маалымат алуу үчүн колуңдан келген бардык нерсени кыласың. Айрым учурда журналисттер окуянын артынан кууп, чындап эле өзүнүн жүрүм-турумуна да доо келтирип алат. Ал эми журналистиканы үйрөткөн киши катары жооп берсем, анда мен өзүмдүн студенттериме мыйзамдын алкагында иштегиле деп кеңеш бермекмин.

Бирок кантсе да асман бир кишинин менчиги эмес да. Ошондуктан эгер ал сотко берсе, эгер силердин сотторуңар калыс жана көз карандысыз болсо, анын жүйөсү суу кечмек эмес. Аябай бай адамдар көпчүлүк учурда медианын жана коомчулуктун көңүл чордонунда болуусун каалашпайт. Мен башында айткандай, журналистика - бул караңгы бурчтарга жарык алып келүү. Журналистика - бул бийлик айтып, ачыкка чыгаргысы келбеген нерселерди айтып чыгуу. Мындай жагдайда албетте берки тарап буга туруштук берерин күтүш керек. Мындай окуянын орун алышынын өзү силер өз ишиңерди туура жасап жатканыңардан кабар берет.

Дагы караңыз Журналистиканын нугу өзгөрдү

«Азаттык»: Азыр эми фейк-жаңылыктар жана фейк-аккаунттар тууралуу азыноолак кеп кылсак. Биз иликтөөбүздү жарыялагандан көп өтпөй социалдык тармакта фейк- аккаунттар ар кандай комментарий жазып, чабуул жасай баштады. Биз аны ачык эле байкадык. Алар коомдук пикирди өзгөртүүгө аракет кылып, айрым учурда ийгиликке жетти десем да болот. Ушундай көрүнүшкө силер кантип туруштук бересиңер?

Моника Аттард: Сиздин сурооңузга оңой эле жооп берип коюуну каалар элем, бирок так жооп жок. Азыр дүйнөдөгү бардык өлкөлөр бул көйгөй менен күрөшүп жатат. Азыр "First Draft" деген уюм фейк-жаңылыктар менен күрөшүүдө чоң иш жасай баштады. Алар фейк-жаңылыктарга туруштук берүүдө ошол жаңылыктарды таратуучу уюмдар менен биргеликте, ошол эле "Фейсбук", ошол эле соцтармактар менен иштеш керек деген позицияны карманат.

Себеби, проблема дал ошол социалдык тармактарда. Миллион жолу кайталанып калп бат эле чындыкка айланат. Бир жолу "лайк" басылып, бир эле жолу бөлүшүп коюлган жалган маалымат ылдам тарап кетет. Ошондуктан "Фейсбук", "Твиттер", "Инстаграм", жада калса "Google" жалган маалыматты аныктоо алгоритмин ойлоп чыгышы керек. Бул бир эле журналисттердин проблемасы эмес, бул - глобалдык көйгөй.

«Азаттык»: Азыркы учурда XXI кылымда журналистиканын алдында дагы башка кандай көйгөйлөр турат?

Дагы караңыз Журналисттик иликтөө каршылыксыз жүрбөйт

Моника Аттард: Фейк-жаңылыктарга туруштук берүүдөн сырткары журналисттердин алдында каржы маселеси турат. Мурдагы журналистиканын моделдери эскирди. Азыр бардык массалык маалымат каражаттарынын алдында медиадан кантип киреше тапса болот деген бир гана маселе турат. Каржылоо булагы жок журналисттер өз ишин уланта албайт. Ошондуктан биз атайын бир бизнес модель ойлоп табышыбыз керек. Азырынча аны ойлоп таба элекпиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​