8-майда парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева атайын билдирүү жасап, «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Жалил Атамбаевге байланыштуу териштирүү аягына чыгышы керек экенин билдирди.
Депутат Оштогу ишкердин журналист Ыдырыс Исаковго каршы берген 50 млн. сомдук доо арызын кайтарып алганы медиа коомчулуктун гана жеңиши экенин белгилеп, ал эми бийлик салыкты жашыргандарды жакшылап текшериши керек экенин айтты:
«Ишкердин доо арызын кайтарып алганы - коррупция менен күрөшүүдөгү жеңиш эмес. Журналисттин иликтөөсүндө айтылгандай, ишкер канча салыгын жашырып калган? Биз ушуну көзөмөлдөшүбүз керек. Сөз эркиндиги - демократиянын өзөгү. Ыдырыс Исаков мамлекеттик кызматтардын сайттарында ачык турган маалыматтар аркылуу бизге ишкерлердин мамлекетке төлөбөй келе жаткан салыктарын көрсөтүп берди. Парламент ушул ишти жана башка кирешесин салыктан жашырган ишкерлерди толук көзөмөлдөшү керек».
Ишкер Жалил Атамбаевдин Ыдырыс Исаковго каршы доо арызына байланыштуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү түп көтөрүлө журналистти колдоп, социалдык тармактарда ар кандай акцияларды уюштурушту. Ошондой эле парламенттеги айрым фракция башчылары, саясатчы, коомдук ишмерлер да «Азаттыктын» журналистине колдоо көрсөтүшкөн. Көп өтпөй Жалил Атамбаев доо арызынан баш тартканы белгилүү болуп, муну «Орозо айында кечирдим, соттошпойм» деп түшүндүрдү.
Медиа серепчи Марат Токоев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бир муштумга биригип, мамлекеттеги кыңыр иштерди ачыкка чыгарган журналистти коргоп чыкканын жакшы көрүнүш катары баалады.
Анын пикиринде, журналист коомчулугунун бири-бирине карата тилектештиги өлкөдөгү сөз эркиндигин чыңдап, масс-медианын эркин иштешине жол ачат. Бирок «төртүнчү бийлик» атыккан жалпыга маалымдоо каражаттарынын күчүн арттырыш үчүн журналист көтөрүп чыккан маселелер чечилүүгө тийиш. Токоев азыр укук коргоо органдары «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган фактыларды ыкчам, терең иликтөөгө алышы керек экенин билдирди:
«Эгерде фактыларды ачып берип жатса, бирок алар боюнча эч кандай тийиштүү чара көрүлбөсө, жөнөкөй тил менен айтканда журналисттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жокко эсе болуп жатпайбы. Анткени журналист коомдун көзү, кулагы болуп саналат. Көпчүлүк байкабаган маселелерди көрсөтүп, айтып берүү - анын милдети».
Байкоочулар Кыргызстанда соңку беш жылдан бери журналисттерге миллиондоп доо артып, сотко сүйрөгөн өнөкөт башталганын белгилеп жатышат. Бул ириде кабарчылардын өзүн-өзү чектөөсүнө, курч материалдарды жазуудан оолакташына алып келет.
Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын баамында, басма сөз эркиндигинин абалы сот акыйкаттыгынын орношуна көз каранды. Соттор журналисттерге байланыштуу иштерде калыс чечим чыгарса доочулар азаят.
«Сот адилеттиги болбосо журналисттер менен алар жазган жарандардын беделинин ортосунда тең салмактуулук болбойт, - деди ал. - Журналистика да өзүнүн стандарттарын сакташы керек. Бирок эл алдындагы адамдар башкаларга салыштырмалуу чыдамдуу болушу зарыл. Белгилүү адамдар журналисттер тарабынан айтылган сынга чыдамдуу болушу - эл аралык стандарт. Анткени алар коомчулуктун назарында, туура эмес сын болсо да чыдамдуу болушу керек».
Сооронкулова ошол эле учурда журналисттер да кайсы бир саясий топтун куралына айланып калбашы керек экенин кошумчалады.
«Азаттыктын» кабарчысынын «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер» аттуу видео иликтөөсүнөн соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү ишин баштаган. Көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 22-апрелде катталган. Финансы полициясы учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.
Буга чейин да бул кызмат «Азаттыктын» башка иликтөөлөрү боюнча да кылмыш иштерин козгогону белгилүү. Бирок «Кыял» соода борборундагы кыңыр иштер, көрүстөндөрдөгү кабырлардын сатылышы өңдүү иликтөөлөр боюнча кандайдыр бир тыянак чыкканы тууралуу маалымат тарай элек.