Кыргызстан менен Индиянын соодасы солгун

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2018-жылы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү болгону 37 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн Кыргызстан-Индия бизнес-форумунда айтты. Ишкерлердин жыйынында кыргыз бийлиги Индия менен соода-сатыкты жакшыртуу ниетин билдирип, инвесторлорду Кыргызстанга чакырды.