Кыргызстандын эгемендик алганына 31-августта 28 жыл толду. Көз карандысыздык күнү Бишкектеги Ала-Тоо аянтында белгиленип, президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады.
Өлкө башчы өз сөзүндө жарандарды саясат менен алектенүүнү азайтып, экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүгө чакырды.
Коомдук жана саясий ишмерлер да эгемендик жылдары өлкө демократиялык жолго түшүп, ачык коом курулуп жатканы менен экономикада өксүктөр бар экенин айтышууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков куттуктоосунда бир топ маселеге токтолду. Ал кыргызстандыктарды мамлекетте жашап жаткан бардык улуттарды бириктирип, ич ара «түндүк-түштүк» деген бөлүнүүгө жол бербөөгө жана саясат менен азыраак алектенүүгө чакырды.
«Саясат менен ашкере алектенүүнү азайтып, экономикалык жана социалдык актуалдуу маселелерди чечүү - биздин милдетибиз. Баарыбыз жапатырмак жаратмандыкка багыт алуубуз зарыл. Буга чейин башталып, саясий себептер менен солгундап калган реформалар кайра жанданат, күчтөнөт. Элдин үнүн угуп, журттун талабын аткаруу үчүн, жүрүп жаткан реформаларга жаңы дем беребиз. Сот-укуктук адилеттигин, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, аймактардын өнүгүүсүн, өлкөнү санариптештирүүнү камсыз кылууда конкреттүү жыйынтыктарга жетебиз. Экономикада, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, коопсуздукту камсыз кылууда, демократияны бекемдөөдө жаңы демилгелер ишке ашырылат».
Жээнбеков «тилекке каршы, чейрек кылым ичинде, бийлик бутактарындагы коррупция — улуттук трагедияга тете көйгөй болуп калды» деп, бийлик элге кызмат кылуунун эмес, байлык жыйноонун булагына айланганын айтты.
Президент куттуктоосунда өлкөнүн тышкы саясатына да токтолуп, Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен ымаланы жакшыртып, көп векторлуу тышкы саясатты улантарын жарыялады.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Мамлекет башчынын саясат эмес, экономика менен алектенүүгө үндөгөнүн Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков колдоду.
«Биз саясий жактан бир топ алдыга кеттик. Демократиялашуу боюнча чоң-чоң иштер жасалды. Ачыктык жактан Кыргызстан өзү жайгашкан аймакта алдыңкы өлкөлөрдөн. Бирок ошол эле мезгилде биздин эң чоң өксүгүбүз – бул экономика. Биз саясатка көбүрөөк көңүл буруп, экономика, адамдардын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча коңшу өлкөлөрдөн артта калып жатканыбыз саясатчыларды, мамлекетчил кишилерди ойлонто турган маселе. Мына ушул тарабынан алып караганда экономиканы биринчи планга чыгаруу мезгили эбак эле келген».
Кыргызстан эгемендик жылдары эки ыңкылапты башынан өткөрүп, улут аралык кагылышууну да көрдү. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте он беш жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн тактан оодарылган. 2005-жылы анын ордун баскан президент Курманбек Бакиев да ушул эле себеп менен 2010-жылы Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон.
2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалган. Отунбаева бир жылдан кийин президенттикти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. Атамбаевден кийин 2017-жылдын 15-октябрында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков шайланган.
Ала-Тоо аянтындагы салтанатка катышкан Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев эгемендүүлүктүк барк-баасы, алгачкы жылдардагы жетекчилер тууралуу буларды айтты.
«Биз эгемендүүлүктүн баркына жете албай жатабыз. Айрыкча жоопкерчиликти унуткандай көрүнөбүз. Эгемендиктин алгачкы жылдары мен ата-бабабыз эңсеп жүргөн тилектерге жетебиз, максаттын баары ишке ашат деп үмүттөнгөм. Тилекке каршы абдан начар абалга туш болдук. Мамлекет талоонго түштү. Анткени ал учурда бийликке ачкөз, талоончулар келиптир».
Кыргызстанда экономиканы жөнгө салуу өкмөттүн милдети. Бирок саясий кырдаалдан улам өкмөт башчынын тез-тез алмашканы да өнүгүүгө кедергисин тийгизерин айткандар бар. Алардын бири Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев:
"Кыргызстан үчүн чоң майрам болуп турганда адамга эки түрлүү ой келет экен. Биринчиси - эгемендик алып, дүйнө бизди, биз дүйнөнү таанып, башка мамлекеттер менен кадыр-баркыбыз бирдей. Экинчи жагынан алганда эгемендикке 28 жыл болгону менен өнүгүп кете албай турабыз. 28 жыл ичинде 30дан ашык министр алмашты. Ошондуктан башка өлкөлөр менен теңтайлаша албай турабыз".
Эскерте кетсек, өлкөдө эгемендик жылдары эле 30дун айланасында өкмөт башчы алмашкан.
Дагы караңыз ЕАЭБ: Төрт жылдын шарапаты жана кесепетиКыргызстанды эгемендик майрамы менен Кытайдын, АКШнын, Орусиянын, Түркиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жетекчилери баш болгон лидерлер куттуктады.
Ал эми борбордук аянттагы салтанатка экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев, жана Бишкек мэри Азиз Суракматов катышты. Мындан сырткары депутаттар, саясий, коомдук ишмерлер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылган.
Биз эгемендик жылдардагы жетишкендиктер менен өксүктөр тууралуу карапайым элдин да пикирин уктук.
-Президентибиз айткандай Кыргызстанда коррупция көйгөйү болуп жатат. Ушул маселени мурда эле жойгондо болмок.
-Кыргызстанда жаштарга жумуш жок. Мурдагы завод, фабрикалар жабык турат. Ошолорду иштеткенде көп кишилер иштемек эле.
-Бизге тынчтык керек. Мамлекетте тынчтык болсо, саясатчылар туура багыт берип, өкмөт туура жолду баштаса эл да оңолмок.
Кыргызстан мамлекеттик суверенитет тууралуу биринчи Декларацияны 1990-жылдын 15-декабрында кабыл алган. Экинчи жарлык, анык мамлекеттик көз карандысыздык тууралуу Декларация сегиз айдан кийин, атап айтканда 1991-жылдын 31-августунда легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган.
Конституцияга ылайык Кыргызстан - демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналат.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт