Баткендеги тополоң

22-июнда Баткен шаарында митингге чыккан жергиликтүү тургундардын тобу түштөн кийин Тажикстандын 8 жаранын барымтага алышты.

Барымтага алынгандарды бошотуу операциясы учурунда милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургундар тарабынан каршылык көрсөтүлдү.

Окуя Баткен шаарынын ылдый тарабындагы Базар-Башы кварталында болду.

Чогулгандар милицияга каршы таш ыргытып, каршылык көрсөттү.

Тополоңдо ок атылып, бир милиция кызматкери жаракат алды.

Милиция элди таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ атты.

Барымтадагыларды бошотуу операциясы

Милиция бул тополоңду уюштуруунун башында турган делген 9 адамды кармап, калганы таратылганын кабарлады.

Барымтадагы тажик жарандары унаалары менен бошотулуп, Тажикстанга жөнөтүлдү.