Хоккей: Кыргызстан "Азия чакырыгы" кубогун утту

Бишкекте өткөн мелдешке Макао, Малайзия, Катар, Индия жана Кыргызстандын командалары катышты.

Мелдештин жыйынтыктоочу күнү кыргыз хоккейчилери Макао курамасы менен беттешип 8:1 эсебинде жеңди.

Бул оюндан кийин Кыргызстандын оюнчулары 12 упай менен көч башына чыгышты.

"Азия чакырыгы" кубогунун оюндары Бишкекте экинчи ирет өттү.

Оюнда жараат алган Макаонун хоккейчилеринин бири.

Кыргыз хоккейчилери ийгиликтүү чабуулга кубанууда.

Макао курамасы менен оюнга чейин Кыргызстан Индияны 11:1, Катарды 9:0, Малайзияны 9:5 эсебинде жеңип алган.

Мелдешти көрүүгө келген күйөрмандар.

"Азия чакырыгы" кубогу үчүн Кыргызстандын хоккейчилери быйыл үчүнчү жолу күч сынашты.

2014-жылы Бишкекте болгон мелдештин финалында Макао Кыргызстан курамасына 5:4 эсебинде жеңилип калган. Былтыр Кувейте болгон мелдеште кыргыз хоккейчилери коло медалды тагынышкан. 

Кыргызстандын командасы бул кубокту жеңип, Азия чөлкөмүндөгү курамалар арасында жогорку дивизиондо ойноого жолдомо алды.

2017-жылы топ дивизиондо боло турган оюндардын кайда өтөөрү азырынча белгисиз.

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы 2017-жылы январь айында Алматыда өтчү 28-Дүйнөлүк кышкы универсиада оюндарына катышат.

Жаш хоккейчилер

Мелдешти өткөрүүгө Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик 1 млн 800 миң сом бөлгөн. Ага кошумча демөөрчүлөр менен Кыргызстандын хоккей федерациясы 2 млн 500 миң сом каражат топтошкон.

"Азия чакырыгы" кубогунда эң мыкты оюнчу аталган Кыргызстандын улуттук курама командасынын чабуулчусу Олег Колодий күйөрмандары менен.