Алардан башка 10дон ашык айыпталуучуну 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратууну, айрымдарынын кылмыш ишинин мөөнөтү өткөндүктөн үй камаганы калтыруу өтүнүчү берилди.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин санаалаштары, Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши дээрлик аяктап калды. 9-декабрда Бишкектин Ленин райондук сотунда ишти кароо уланып, мамлекеттик айыптоочу тарап жарыш сөзгө чыкты.
Прокурор Марат Абсатаров 10дон ашык кишиге айып тагылган кылмыш ишинде шектүүлөрдүн күнөөлөрү толук аныкталганын айтып, соттук териштирүүдө аларга каршы берилген көрсөтмөлөрдү окуду. Жыйынтыгында соттон экс-мэрлерди, мэриянын мурдагы кызматкерлери жана бул иште шек саналып жаткан жеке компаниянын жетекчилерин 8 жылдан 20 жылга чейин түрмөгө кесүүнү сурады.
- Урматтуу сот, Ибраимов Албек Сабырбековичти Жазык кодексинин 303-беренеси («Коррупция») (ред: 1997-жылдагы Жазык кодекси боюнча), 171-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу»), 166-беренеси («Алдамчылык»), 320-беренеси («Сот адилеттигин же тергөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу коркутуу же зомбулук аракеттерди жасоо»), 205-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу жана үч жылга чейин мамлекеттик кызмат ээлөөгө тыюу салууну суранам. Кулматов Кубанычбек Кеңешовичти Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») (ред: 2017-жылдагы Жазык кодекси боюнча) менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга кесүүнү жана үч жылга чейин мамлекеттик кызматты ээлегөө тыюу салууну өтүнөм, - деди Абсатаров.
Мамлекеттик айыптоочулар андан тышкары Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макеновду, «Бишкек Башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Аскат Түлөбердиевди, андан тышкары Урмат Мырзакановду, Дмитрий Яковлевди, Бакыт Турусбековду жана Азамат Гүлжигитовду 8 жылдан түрмөгө кесүүнү жана мүлкүн мамлекетке алууну сурады.
Ошондой эле мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүркановду, «Айкөл курулуш» компаниясынын жетекчиси Сейиткан Алиевди, «Альто Групп» компаниясынын башчысы Кубат Шаршекеевди 15 жылдан эркинен ажыратууну өтүнүштү.
Тергөөнүн маалыматына караганда, аты аталгандар Албек Ибраимов мэр болуп турган 2016-жылдары жалпы аянты 18,3 га жерди түзгөн 41 жер тилкесин мыйзамсыз жана мамлекетте пайда алып келбеген шартта ижарага берүүгө тиешеси бар.
Албек Ибраимовго андан тышкары «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 млн. сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган» деген да айыптар коюлган.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлү Нурсултан Канаев Ибраимов «ТНК Дастан» ишканасын жетектеп турганда «Дастан Инжиниринг» компаниясы менен түзгөн келишиминен бюджетке зыян келтирилгенин айтты.
- 2012-жылдын 11-13-апрель күндөрү «ТНК Дастан» ишканасы 2012-жылдын 25-январындагы келишим боюнча «Дастан Инжинирингге» үч транш менен 533 миң доллар которгон. Алынган жабдыктар кымбат көрсөтүлгөндүктөн 98 пайызы кыргыз өкмөтүнө таандык «ТНК Дастанга» 470 миң доллар зыян келтирилген.
Бул иш боюнча дагы эки айыпталуучу «Дастан Инжиниринг» компаниясынын мурдагы директору Асылгүл Сасыбаева менен Мырзабек Бактыбековдун кылмыш ишинин мөөнөтү өткөнү үчүн үй камагында калтыруу өтүнүчү келтирилди.
Ал эми Кубанычбек Кулматовго болсо «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 млн. долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деген айып тагылып жатат.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Калыс-Ордого 600 орундуу мектеп салыш үчүн Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдогон кытайлык ТВЕА компаниясынын 2 млн. доллар акчасынан тышкары, Бишкектин шаардык бюджетинен 104 млн. сом сарпталган.
Бишкек мэриясынын өкүлү Анара Турумбекова соттон шаардык бийликке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруп берүүнү суранды.
- ТВЕА бөлгөн каражат мамлекеттин бюджетине түшүшү керек болчу. Бирок ал акчага Бишкекте мектеп куруу чечими кабыл алынган. ТВЕА компаниясы бөлгөн акча шаардык бийликтин казынасына түшпөй, каражат көзөмөлдөн чыгып калган. Ошондуктан ал үчүнчү жактардын пайдасына иштетилген. Андан тышкары мектепти курууга жергиликтүү бюджеттен кошумча 104 млн. сом которулган. Анын 77 млн. сому мэриянын чечими чыга электе эле пайдаланылып кеткен. Андан тышкары курулуш ишинде «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам да бузулган.
Ленин райондук сотунун чечими менен экс-мэрлердин иштери бириктирилип каралды. Башта Ибраимовдун иши боюнча соттук териштирүү болуп, кийин ал Кулматовго байланыштуу иш менен уланды. Сотто Кулматов аларга коюлган айыптарды «жомок» деп айтты.
Экс-мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев прокурорлордун өтүнүчү тууралуу комментарий берди.
- Шектүүлөрдү түрмөгө кесүүнүн мөөнөтүнө прокурлор кызыга берсин. Ал эми айыпталып жаткандар күнөөсүз болгондуктан биз үчүн анын мааниси жок. 15 жыл, 20 жыл айырмасы жок. Эгерде адам күнөөсүз болсо ага жаза берилбеши керек. Бирок прокурорлор соттук териштирүүнү биз көргөндөй эле көрдү болуш керек деп ойлогонбуз. Бирок алар шектүүлөргө башында коюлган эч негизи жок айыптарды эле коюп, жазалоону суранып жатышат.
Экс-мэрлердин иши дээрлик аягына чыгып калды. Айыпталуучулар менен алардын жактоочуларынын жарыш сөзүнөн кийин шектүүлөргө акыркы сөз берилет.
Кубанычбек Кулматовдун тарапташы Аймен Касенов мамлекеттик айыптоонун өтүнүчү тууралуу мындай деди.
- Прокурорлор коюп жаткан айыптар тастыкталган жок. Анын үстүнө айыптоо тараптын күбөлөрү да толук келген жок. Ал эми мыйзамдардын бузулушу тууралуу айтпай эле коёюн. Эң негизгиси алардын сөзүндө акыйкат болгон жок. Акыйкат болбогон жерде кайдагы ишеним? Мектеп салганы үчүн соттолгону жатышат. Ал мектеп бузулуп калса бир жөн. Ал турат да.
Ушуну менен коомчулукта резонанс жараткан кезектеги чуулуу иш боюнча сот чечими чыкканы турат. Өткөн аптада эле Бишкектин Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иш боюнча мурдагы эки-премьер-министр баш болгон 10дон ашык мурдагы аткаминелерге сот өкүмү чыккан. Алардын арасында КСДПнын мүчөлөрү бар.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштары болгон Кулматов менен Ибраимов 2018-жылдын жай айынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Алар муну саясий куугунтук катары баалап келишет.