Заманбап куудулдар

"Жарайт Сити" долбоорунун актерлору

Учурда коомчулуктагы ар кандай терс көрүнүштөрдү, саясатты юморго айланткан скетч-шоулор жаштардын жактырган теле долбооруна айланууда.

"Азаттык+" бул сапар өлкөдө юмор теледолбоорун жараткандарды бир студияга топтоду. Алар менен Кыргызстанда жаңыдан өнүгүп келе жаткан сатиралык теле берүүлөр жөнүндө кеп кылды.

Айталы “Жарайт Ситиде” ойдон чыгарылган бир шаардагы паракор милиция, билимсиз депутат, адепсиз жаштардын жашоо образдары юмор менен чагылдырылат. Бул долбоор 2015-жылдын күз айларынан тарта чыга баштаган. Ар бир сезону 12 сериядан туруп, быйыл экинчи сезону болуп жатат. 1-сезонун жергиликтүүлөрдөн сырткары чет элдик телеканалдар да көрсөткөн.

Ал эми “Не жаңылык” скетч-шоусу кыргыз тилинде чыгып, өлкөдө, коомчулукта болуп жаткан окуяларды тамаша кошуп элге тартуулайт. Айрыкча алардын кыргыз тилин бузуп сүйлөгөн жаштар жөнүндө тамашасын эл жакшы кабыл алды.

Жакындан бери жергиликтүү телеканалдардан кете баштаган “Эл эмне дейт?” юмор долбоору кыргыз коомундагы турмуштук күлкүлүү окуяларды көркөмдөп, кооздоп көрүүчүлөргө тартуулап келет. Долбоордогу балдар азыркы мезгилдин одоно көрүнүштөрүн жеңил, жаштарга жеткиликтүү тил менен көргөзө беребиз дешет.

Жогоруда санап өткөн юмордук теле долбоорлордун жаратуучулары атамекендик КВН лигаларында ойноп жүргөн жаштар. Алар сатиралык роликтер менен куудулдук өнөрдү заманбап нукка бурууга умтулуп жатканын айтышат. Бирок мындай долбоорлор менен азырынча Кыргызстанда акча табууга мүмкүн эмес. Жергиликтүү теле каналдар сатып албайт. Долбоордун жаратуучулары ар кандай той, көңүл ачуучу кечелерде тамаша тартуулап каражат табат. Ал эми улуу муундагы куудулдардын айрымдары бул жаштарды сындап келишет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Заманбап куудулдар