Шоумендер бул долбоорлор учур көйгөйлөрүн шакабанын тилине салып, кыска, элпек чагылдырганы үчүн жугумдуу болуп жатат деп эсептешет. Ошол эле учурда улуу муундагы куудулдар арасында жаштар сатирасын кабыл албагандар да бар.
Бул роликтен биз ырчы Алекстин же кыргызча, же орусча эмес, таптакыр бузулган тилде сүйлөп калган жаштарга сабак өтүп жатканын көрөбүз:
- Агай “шарит этпей” дегенди которуп бербейсизби?
- “Шарит этпей” деген сөз мисалы кыргыз тилине жатпайт. Бул сөздү “акылдуу болуп көрүнбөчү”, “башымды айлантпачы” - деген синонимдер менен түшүндүрсө болот.
- Эркинов, кечээ күнү сабакка эмнеге келбей калдың?
- Кечээ матушкамдын денкасы болуп калып ошол жакта болуп калдым....
- Биринчиден, матушкамды денкасы эмес... Энемдин туулган күнү деп айткының. Кана жигиттер, сабагыбызды баштайлы: Ха-ха теппе -мазактап күлбө... Мозгини хавайт этпе эмес - мээмди жебе... Гонит этпе - алдаба... Мисалы мына бул жерде “Жилка барбы?”- деп айтылып жатат. Бул орусча да туура эмес. “Көңүлүң барбы” - деп айтылышы керек.
Мында сатирик туура эмес сүйлөгөн жаштарга кургак акыл айтпай, тек гана жумшак юмор аркылуу кемчилигин жеткирип жатат.
Интернет желелеринде кеңири тараган кыска-нуска видео түрмөктөрдө социалдык көйгөйлөрдөн баштап саясий маселелерге чейин камтылат. Мисалы, тост сүйлөө курстары ачыла баштагандан бери тойлор көбөйүп кеткенинен баштап, ата-энелерине талап коюп митингге чыккан балдар, өз жумушуна шалаакы мамиле жасаган милиция кызматкерлери шакабаланат:
- Салам алейкум!
- Да...
- Маңзат менен иштеген кылмышкерлер силерсиңерби?
- Ооба...
- Биз милициядан болобуз, ачкыла эшикти?
- Ачпайм, эй...
- Ушинтишет да, ушинтишет. Үч күндөн бери келатабыз, эч эшикти ачышпайт...
(Видео "Жарайт Ситинин" Фейсбуктагы баракчасынан алынды)
Мындай скеч роликтерди тартып келаткандардын бири “Жарайт Ситинин” актеру Нурсултан Курсанали уулунун айтымында, сатиралык топтор күлкүлүү окуяларды турмуштан алышат:
- Булардын баары азыркы жашоодон алынган окуя, турмуштан алынган көйгөй. Бирок биз аларга өзүбүздүн жүрөктөн чыккан тамашаларыбызды да кошобуз. Аларды бир аз көркөмдөп, кооздоп коебуз. Бул жол аркылуу биз коомдогу терс көрүнүштөрдү айтып, ал аркылуу маселени жеңилдеткенге, жумшартканга умтулабыз.
Нурсултан мындай скеч роликтерди чыгармачыл топтор өз демилгелери менен тартып теле жана радио каналдарга сунушташарын айтты.
Көрүүчүлөргө видеодолбоорлор турмуш чындыгын шакабалап бергендиги менен жагат. Мисалы, Конституциянын жоголгондугу тууралуу азил азыр да эл оозуна эң көп алынган шакабалардын бирине айланды:
- Ошо жоголуп кетти. Алты жыл чогуу жүргөнбүз. Көңүл бурбай койсок жоголот да ушинтип. Кайрылып кетсем болот да: Урматтуу Конституция, эгер сен бизди көрүп жатсаң бизди кечирчи!? Эгер биз сага орой мамиле кылып жатсак, туура эмес мыйзамдарды жазып жатсак кечирчи бизди?! Кайрылып келчи бизге кайрадан...
"Тамашоу" долбоорунун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев сатиралык роликтердин пайда болушун куудулдук өнөрдү заманбап нукка буруу аракети катары баалады:
- Мындай роликтерди жаратып жаткандар негизинен биздин "Тамашоунун" бүтүрүүчүлөрү. Алар акырындап өздөрүнүн долбоорлорун сунуштап жатат. Негизинен телеканалдар өздөрүнүн рейтинги үчүн иштейт эмеспи. Андыктан эң мыкты деген гана долбоорлор кабыл алынат. Начарлары өзүнөн-өзү жок боло берет. Булардын деңгээлин азырынча жогорку деңгээлде деп айтпайм. Бирок көч бара-бара түзөлөт. Мен ойлойм, кийинчерек мыкты роликтер сунуштала баштайт.
Нурбаевдин пикиринде, чыгармачыл топтор азырынча өз мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү үчүн гана атайын долбоорлорду көрүүчүлөрдүн сынына чыгарып жатышат, бирок, али кайсы бир телеканалдар талашып сатып алгыдай деңгээлге жете элек.
Улуу мундагы куудулдарын өкүлү Абдылда Иманкулов өзү мындай теледолбоорлорду таптакыр көрбөйт экен. Өнөр адамы анын себебин мындайча түшүндүрдү:
- Мен мындай долбоорлорду көп көрө бербейм. Же аларды көргөнгө менин деңгээлим жетпейт. Же алардыкы ашып кеткен. Азыркы көпчүлүк жаштарда кыргыздын куудулдук өнөрү ушул деген түшүнүк калып жатат да.
Анткен менен учурда “Жарайт Сити”, “Не жаңылык”, “Эл эмне дейт?” өңдүү чыгармачыл топтордун социалдык желелерге тараган сатираларын бир күндө миңдеген күйөрмандар көрүп чыгат.