Укугубузду коргой алабызбы?

10-декабр - Адам укуктарын коргоо күнүндө айтылуу Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына 19 миң 300 желекче сайылды – бул ала качуу жана уруп согуу өңдүү зомбулук түрлөрүнө кириптер болгон кыз-келиндердин ырасмий саны.
Канчалаган зайыптар көргөн кордугун ачык айта албай, басынып жүрүшөт? Мындан тышкары каттоосу жок шайлоого катышпай же баласын мектепке бере албай жүргөндөр канча? Же убактылуу камоо жайында кыйноо көргөндөр тууралуу үрөй учурарлык фактыларды угабыз. Ал эми сыртта жүргөн мекендештерибиздин кантип басынаары белгилүү. Кыскасы, укук темасында пикир алышууга себеп жетиштүү.

- Аялды кордоо энени кордоого тете экенин аңдайбызбы?

- Баланын да укугу мамлекет жана эл аралык укук тарабынан корголоорун билебизби?

- Кыргызстанда расасына, динине, жынысына карабай адам укуктары текши сакталабы?

- Укугуңузду коргоо үчүн кимге кайрыласыз?