HRW: укук жагынан көрсөткүч начар

Эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” уюму жаңы жарыяланган жылдык баяндамасында Кыргызстандын дарегине үч-төрт багыт боюнча сын айтты.
Жылдык баяндамада белгиленгендей, кыргыз өкмөтүнүн кыйноолорду алдын алуу багытында көргөн чараларына, реформаларына карабай, бул камак жайларда али кеңири жайылган көрүнүш бойдон кала берүүдө.

Мисалы, былтыр ноябрда Жалал-Абадда 37 айыпкердин тергөө абагында запкы көргөнү ачыкка чыккан. Бирок ИИМ иликтөө учурунда мунун далилдерин таба албаганын билдирген.

Кеңештин иши токтоп турат

БУУнун конвенциясынын талаптарына ылайык, Кыргызстанда Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор уюштурууну караган мыйзам былтыр кабыл алынган. Бирок борбор али ишке кирише албай жатат.

Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” курган маегинде муну борбордун бюджетин чечүүгө жана координациялык кеңешти шайлоо кечеңдеп кеткенине байланыштырды:

- Улуттук борбор 17-октябрда эле ишке кириши керек болчу. Акыйкатчы институтунан талап кылынган документтер Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине толугу менен берилген. Комитет парламентке чыгарган. Алар добуш берүү жолу менен чечиши зарыл. Бул депутат кириш керек, тиги депутат кирбеш керек деп жатып, ушуга чейин алып келишти.

Акыйкатчы Турсунбек Акун кошумчалагандай, Кыйноолорду алдын-алуу боюнча улуттук борбордо камак жайларга капыстан, күн мурун эскертпестен мониторинг жүргүзүү жагынан кеңири укуктар болот.

Азчылыктын чоң көйгөйлөрү

“Хьюман Райтс Уочтун” жылдык баяндамасында Кыргызстандын дарегине дагы бир сын өзбек азчылыгынын маселелерине байланыштуу айтылган. Уюм өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров абакта мыйзамсыз отурат деп эсептейт.

Баяндамада көрсөтүлгөндөй, адам укугун коргоочу жергиликтүү топтор 2012-жылы өлкөнүн түштүгүндө милициянын мыйзамсыз камоосу, ыдык көрсөтүүсү өңдүү фактылардын жалпы саны азайганын кабарлашкан, бирок мындай окуялар тыйылып калган жок.

Ал эми күч кызматтарынын 2010-жылдын июнь окуяларына байланышкан кылмыш иштери менен коркутуп, өзгөчө этникалык өзбектерден акча талап кылуусуна байланышкан проблема дале олуттуу бойдон калып жатат.

“Хьюман Райтс Уотчтун” Борбор Азия боюнча өкүлү Мира Ритман буларды айтты:

- 2012-жылы жүргүзүлгөн кээ бир реформаларга карабай, Кыргызстандын адам укуктары боюнча көрсөткүчү начар бойдон калууда. Этникалык өзбектер азыр деле мыйзамсыз камоолорго, кыйноолорго, опузалоо схемаларына кириптер болуп жатышат.

Эл аралык уюмдун мындай тыянагына карата Оштогу укук коргоочу, “Мыйзам жана тартип” укук борборунун башчысы Изаттулло Рахматуллаев буларды айтты:

- 2010-2011-жылдары мындай фактылар болгон. Бирок мен 2012 бурулуш жыл болду деп айтаар элем. Биздин уюмга маселен адамдар социалдык проблемалар, юридикалык кеңеш үчүн кайрылып жатты. Бирок “мени мыйзамсыз кармап кетип камады, уруп-сокту” деген арыздар катталган жок. Бир жума мурда эле Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына (ИВС) түштүк. Ал жердеги шарт-жагдай башка райондорго салыштырмалуу кыйла жакшы. Бизге “кыйнады, урду, сокту” деп эч ким арызданбады.

Оштогу дагы бир укук коргоочу, ”Адам укугу жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков болсо эл аралык уюмдардын баяндамаларында Кыргызстан терс мүнөздөмө алып жатышында кыргыз бийликтеринин да күнөөсү бар болгонун айтат:

- Бизде мыйзамдык база толук жетиштүү. Ал эми беделибизди оңдош үчүн ошол мыйзамдарды ишке ашыруу механизмин жакшылап карап чыгышыбыз керек. Экинчиден, тартип коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча иш жүргүзүүбүз абзел. Анткени баары келип эле акчага, коррупцияга такалып жатат. “Хьюман Райтстын” баяндамасында айтылган акча өндүрүү көрүнүштөрү артында да коррупция турат. Андай аракетти жасап жаткан кээ бир адамдардын айынан биз тескери баа алып калып жатабыз.

“Хьюман Райтс Уотчтун” жылдык баяндамасында бийликтер гендердик негиздеги кыянатчылыктарга, сексуалдык ориентациясы салттуу эместер кодуланышына каршы жетиштүү чара көрбөй жатканы да айтылган.

Мажбурлап кыз ала качкандарды жазалоо жагы жакындан тарта кыйла күчөтүлгөнү белгилүү. Ал эми кумсалар коом жана милиция тарабынан кодуланган учурлар бар болгонун акыйкатчы Турсунбек Акун да белгилеп, алардын укугун коргоо аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады:

- Аларды эки жолу кабыл алдым. Мен жалпы эле азчылыктарды (улуттук, сексуалдык) коргоо боюнча Акыйкатчы институту алдында атайын кеңеш түздүм. Алардын жагдайын жакшыртуу боюнча көп аракеттерди көрүп жатабыз. Кой аксагы менен миң. Алар да биздин жарандар. Алардын укугун да коргошубуз керек.

Жылдык баяндамасында “Хьюман Райтс Уотч” Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнүн өкмөткө буга чейин берген сунуштарына да токтолгон.