Кулчулуктун үнсүз курмандыктары

Иллюстрация

Адам сатуу, мигранттарды мыйзамсыз ташуу көйгөйү талылуу маселелердин бири бойдон калууда. Кыргызстан айрым учурларда мындай мыйзамсыз иштерде транзит өлкөнүн ролун аткарып жатканы айтылат.

Бул проблемалар Бишкекте 30-31-май күндөрү адам сатууга каршы күрөшүү, аны алдын алууга арналган иш-чарада талкууланды.

"Айлык акысы көп, жатакана бекер..."

Бүгүнкү күнү түрдүү жумушка чакырган азгырык жарыяларды бардык жерден угуп, окуп жана көрүүгө болот. Дээрлик бардыгында көп айлык акы, акысыз тамак-аш, жатакана убада кылынат. Психологдордун айтуусунда, иш издеп, кыйналып турган адамдар мындай жарыяларга оңой илинет.

"Сезим" кризистик борбору адам сатууга каршы иш алып барган Кыргызстанда 41 бейөкмөт уюмдун бири, аталган кризистик борбордо адам сатуунун курмандыгы болуп, кулчулукка кабылгандарга психологиялык жардам көрсөтүлөт.

Аталган борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, адам сатуунун жана кулчулуктун курмандыктары көбүнчө эмгекке жарамдуу жаштар. Аларды жакын эле туугандары, тааныштары "иш таап берем" деп алдап алып келип, сатып жиберген учурлар көп кездешет:

- Тааныштарын, тааныштарынын жакындарын эле "ашпозчу болосуң, тигүүчү болосуң, бала багасың жана башка ишке иштейсиң" деп алдап алып кетип, башкаларга сатып жиберип жатышат.

Бүбүсара Рыскулова.

Козголгон кылмыш иштери

Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылган. Алардын тең жарымы кыз-келиндер. Адам сатуунун курмандыгы болгон жаш балдар да жок эмес. Бирок куткарылган адамдардын ичинен он чактысы гана укук коргоо органдарына кайрылып, бул иштер боюнча он кылмыш иши козголгон. Кыргыз өкмөтүнө караштуу миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев "Азаттыкка" куткарылган кишилердин арыз жазуудан баш тартуусунун негизги себептерин атады:

- Негизги эки себеби бар: биринчиси - кулчулукта кыйналып жүрүп, бул жакка келгенден кийин, кайрадан ал жактагы соттук териштирүүлөргө катышкылары келбейт. Экинчиден, сексуалдык кулчулукка кабылган кыздар кайра ошол азаптуу күндөрүн эстөөнү каалабайт.

Ал эми "Сезим" кризистик борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулованын пикиринде, кулчулукка кабылгандар кийинки турмушун ойлошот жана өздөрүн бул абалга жеткирген адамдардын коркуткан чагымынан чочулашат:

- Кыз балдар эртеңкисин ойлойт, анын үстүнө аларды мажбурлап иштеткен сутенорлору "сүрөттөрүң бар, сен тууралуу маалыматтардын баарын интернетке жарыя кылып салабыз, ата-энеңе уят болосуң" деп шантаж кылышат. Мына ушундан коркуп, кыздарыбыз укук коргоо органдарына кайрылбайт.

90-жылдары Кыргызстандан Казакстанга тамеки талаасына иштөө үчүн барган жүздөгөн жарандар кулчулукка кабылганы белгилүү. Расмий маалыматтар боюнча, азыр алардын дээрлик баары куткарылган.

Учурдун негизги көйгөйлүү маселеси - кыргызстандык кыз-келиндердин алыс, жакынкы чет өлкөлөрдө сексуалдык кулчулукка кабылуусу болууда. Өткөн жылы Түркияда, Араб Эмирлигинде тааныштары аркылуу иштегени барып, сексуалдык кулчулукка кабылган кыздар элчиликтерге арызданып, куткарылган. Быйыл апрель айында ата-энеси алган насыясын төлөөгө жардам берүү ниети менен Түркияга иштегени барган кыз Орусиядагы эжесинин жардамы менен бул азаптан кутулганын айтып, "Азаттыкка" кайрылган.

Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаевдин айтуусунда, сексуалдык кулчулукка кабылган кыздар Европа өлкөлөрүнөн да чыгууда:

- Кыздар көбүнчө Түркия, Араб Эмирлиги, Кытайда сексуалдык кулчулукта жүрүп келишкен. Түркия бийлиги акыркы үч жылдан бери сексуалдык кулчулук менен күрөшүү чараларын күчөтүп, уюштурулган жайларды текшергенде биздин кыздар чыгып жатышат. Дубайдан тааныштарынын "мейманканада иштейсиң, ырдайсың, бийлейсиң" деген калп сөзүнө алданып барып, ал жактан паспортторун алдырып, сексуалдык кулчулукка кабылган кыздар элчиликке кайрылышкан. Мен бардык эле жарандарыбызды ортомчу шылуундарга алданбоого чакырат элем.

Алмаз Асанбаев.

Кыргыз өкмөтү бул көйгөйдү азайтууга убада берүүдө. 31-майда Бишкекте адам сатууга каршы күрөшүү жана мигранттарды мыйзамсыз ташуунун алдын алууга арналган иш-чарада белгилүү болгондой, Кыргызстан бул көйгөйгө каршы күрөшүү боюнча БУУнун глобалдык программасына кошулду. Бул программа кыргыз өкмөтүнө 2017-2020-жылдарда адам сатууга каршы күрөшүү аракеттери жана 2030-жылга чейинки миграциялык саясаты боюнча Улуттук стратегиялык планды ишке ашырууга түрткү бермекчи. Азырынча Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен бул программага кошулган жалгыз мамлекет.

Кыргызстан курмандыктардын эле өлкөсү эмес

Улуттар уюмунун Маңзатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Борбор Азиядагы өкүлү Ашита Миттал адам сатуу маселеси Кыргызстанды да кыйгап өтпөгөнүн белгилеп, мунун алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чаралар зарылдыгын билдирди:

- Мигранттарды мыйзамсыз ташуу жана адам сатуу маселеси бүгүнкү күнү жалпы дүйнөлүк маселе болуп жатат. Борбор Азия өлкөлөрү курмандыктардын гана мекени болбостон, айрым учурларда аларды алып өтүүчү транзит жана ошол эле учурда кулчулук бар өлкөлөр да болуп саналышат. Эң башкысы - Кыргызстан бул фактыларды моюнуна алып, кыргыз өкмөтү бул кылмышка каршы иш-чараларды иштеп чыгууда. Бул бизге чогуу иштеп, адам сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз ташууга каршы биргелешип аракеттенүүгө өбөлгө түзөт.

Ашита Миттал.

Адам сатуу, мигранттарды мыйзамсыз ташуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча глобалдык иш-аракеттер планы Европа Биримдиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун биргелешкен демилгеси. Төрт жылга каралган долбоордун бюджети 11 миллион евро. Долбоор 13 өлкөгө адамдарды сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз ташууга каршы улуттук чараларды пландаштырып, ишке ашырууга колдоо көрсөтөт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан кулчулук менен күрөшөт

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.