Маркумдун жубайы Орусия президентине жана тышкы иштер министрине жазган катына жооп алган жок. Кыйылган өмүрдү адвокаттар 10 миң АКШ долларына баалашкан, бирок кенемте жабыркаган тараптын колуна тие элек. Орус элчилиги "жагдай көзөмөлдө экенин" айтуу менен гана чектелүүдө.
"Жок экенин унутуп калам"
Кара-Балта шаарынын тургуну Евгений Лексиндин өмүрүн алган жол кырсыгы 2017-жылы 16-февралда Бишкекте болгон. Фучик жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде орус дипломаты Виктор Пухов башкарган “Тойота” үлгүсүндөгү жолтандабас катуу ылдамдыкта светофордун кызыл чырагынан өтүп, Евгений Лексин айдап келаткан “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу автоунаасын сүзгөн. 62 жаштагы Лексин оор жаракат алып, бейтапканада жан берген.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орус дипломаты башкарып бараткан унаада "Роснефть" компаниясынын директор орунбасары Игорь Рясный да болгон. Экөө тең жабыркаган эмес, машинедеги куткаруучу жаздык аларды сактап калган.
Бул автокырсык коомдо кызуу талкууга түшүп, күнөөлүү тарапты жоопко тартуу талабы да айтылган. Бирок ал ишке ашкан жок. Пухов менен Рясный авариядан соң дароо Кыргызстандан чыгып кетишкен. Анын үстүнө Пуховдо дипломаттык кол тийбестик бар эле. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маркумдун жакындарына убагында көңүл айткан эмес. Убада кылынган компенсация да төлөнбөй келатат.
Маркумдун жесири Нелли Лексина кырсыктан кийинки жашоосу тууралуу айтып берди:
- Биз дээрлик 16 жыл чогуу түтүн булаттык. Ушундай кырсык болду. Кээде анын бул жарыкта жок экенин унутуп коём. Бир нерселерди сурагым келет...
Көзүнө жаш алып жолдошунун сүрөттөрүн карап отурган Нелли Лексина сегиз ай мурдагы кырсык жашоосун өзгөртүп жибергенин, үйү ээнсиреп калганын, Евгенийдин элеси гана артта калган жакшы күндөрдү эске салып турарын айтты.
Унааны айдаган орус дипломаты мас абалында экени Бишкектеги Медициналык-консультативдик жана спорттук медицина борборунун дарыгерлеринин бүтүмүнөн кийин белгилүү болгон.
Он миңге бааланган өмүр...
Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маркумдун үй-бүлөсүнө авариядан эки ай өткөндө гана расмий көңүл айтуусун билдирген. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына кеткен чыгымдарын төлөп беришкен. Авариянын күнөөкөрү деп айтылган Виктор Пухов да эки ай өтүп байланышкан.
- 5-апрелде күнөөкөр Пухов өзү телефон чалды. Кечирим сурады. Эмне талап кылсам аткарарын, төлөп берерин айтты, - дейт Лексина.
Дипломаттар түшкөн машине кырсыктады
Ал кезде Пуховдун адвокаттары Евгений Лексиндин өмүрүн 10 миң долларга баалашкан. Бирок маркумдун жесири бул суммага макул болгон эмес:
- Ошондон кийин бир канча күн өтүп мага адвокат телефон чалып, "мен коргоп жаткан адам сизге 10 миң доллар берет. Сиз көнбөй жатасыз. Эгер документтер Орусияга чыгып кетсе, сиз эч нерсе ала албай каласыз", - деп айткан.
Неллинин айтымында, күнөөлүү тарап компенсация көлөмүн көбөйтүүнү каалаган эмес. Апрелден бери байланышка да чыгышкан жок. Нелли Орусия президенти Владимир Путинге, тышкы иштер министри Сергей Лаврого жазган катына жооп алган жок. Августтун башында Москвадан бир кат келген, анда Пуховго кылмыш иши козголгону айтылган.
- Арадан ушунча убакыт өттү. Жазасын алсын. Балким бул жакшы эмес. Бирок унчукпай коюу да туура эмес,- дейт Нелли Лексина.
Азырынча компенсация көлөмүн көбөйтүү маселеси ачык бойдон калууда. Маркумдун жакындары бул суроонун чечилиши орус элчилигинен көз каранды экенин белгилешет.
Ал эми Орусия консулдугу комментарий берүүнү каалаган жок. Элчиликтин басма сөз катчысы Дарья Пахомова болсо Лексиндин окуясы элчинин жеке көзөмөлүндө экенин айтуу менен гана чектелди.
Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы орус дипломаты катышкан, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгын иликтөөгө көмөктөшүүнү өтүнүп быйыл мартта Орусияга кат жолдогон. Элчилик иш Орусиядагы сотто караларын маалымдаган эле.
Макаланы орус тилинде бул жерден окуңуз. Которгон: Санжар Эралиев
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.