Ош: укук коргоочулар прокуратурага нааразы

Иллюстрация

Оштогу укук коргоочу уюмдар жабык жайлардагы кыйноолор боюнча арыздарды жергиликтүү прокуратура убагында иликтебей жатканын ырасташууда.

Укук коргоочулардын айтуусунда, прокуратура кызматкерлери кыйноо фактыларын териштирүүгө жоопкерчиликсиз мамиле жасайт, негизсиз шылтоолор менен ишти иликтөөдөн баш тартат, кыйноолор боюнча арыздарды маалынан кечиктирип карайт. Ал эми Ош облустук прокуратурасы укук коргоочулардын дооматтарын негизсиз деп четке кагууда.

Полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө шектелип кармалган Кадыр Сайдиевдин атасы Абдирашит Сайдиев камактагы уулун тергөөчүлөр кыйнап, күнөөнү моюнуна илишкенби деген ойдо.

- Баламдын башына кап кийгизип, кабыргаларын сындырып кыйнашыптыр. Эгер ал өзү моюнуна алып атса неге андай кылышат? Мени менен учураштырышкан жок. Баламдын кармалганын да беш-алты күндөн кийин уктум. Сотко да мени катыштырбай жатышат. Мен баламды коргобойм. Эгер ал өлтүргөн болсо, далилдеп, менин көз алдымда атып салса да мейли. Бирок антип кыйнашканынан улам күнөөнү баламдын моюнуна зордоп илгенби деп ойлоп жатам. Мага чындык гана керек. Шоноевдерге да чындык керек. Эптеп эле бирөөнү тепкилеп моюнуна алдырып камап салганы аларга да керек болбосо керек. Алар да уулун өлтүрүүгө ким буйрук бергенин, ким өлтүргөнүн билгиси келет, деп ойлойм.

Оштун дагы бир тургуну Дилержан Жумабаев үйүн тинтүү учурунда сабалган, азыр ооруканада жатат. Дилержан үйүндө курал бар деп тинтишкен милиция кызматкерлери үй-бүлөсүнүн көзүнчө жабылып тепкилешкенин айтты:

- Менин үйүмө бастырып келишип, аялымдын, балдарымдын көзүнчө тепкилешти. Үйдөн курал издешкен. Аны таппай мени сабашты.

Укук коргоочулардын айтуусунда, жыл башынан бери жабык жайларда же шектүүлөрдү кармоо учурунда кыйноо боюнча 16 факты катталган. Ал тууралуу арыздар прокуратурага өз учурунда жиберилген. Бирок арыздар боюнча прокуратуранын аракети укук коргоочуларды канааттандырбайт.

Оштогу "Луч Соломона" укук коргоо уюмунун өкүлү Садыкжан Махмудовдун ырасташынча, жиберилген арыздар прокуратура тарабынан өз маалында текшерилбей, көп фактылар такталбай калууда.

- Биз арызды алып, прокуратурага жиберип, токтом чыгарып, соттук-медициналык комиссияны дайындап, алар келип иликтегенге чейин төрт-беш күн өтүп кетүүдө. Бул убакыт ичинде адамдын жараатынын изи калбайт. Негизи прокуратура чындап эле кыйноо кылмыштарынын бетин ачууга кызыкдар болсо, арыз боюнча текшерүүнү бир күндүн ичинде уюштурушу керек.

Бирок жергиликтүү прокуратура кызматкерлери кыйноо фактыларын текшерүүгө көңүлкош мамиле кылынууда деген дооматтарды негизсиз деп эсептешет. Тескерисинче Ош облустук прокуратурасынын башчысы Айбек Турганбаев жабык жайлардагы ырайымсыздык менен натыйжалуу күрөш жүрүп жатат деп эсептейт.

- Алар бизге мындай дооматтар менен бир да жолу кайрылган эмес. Андай учурду мен билбейм. Адамдарга карата ырайымсыз мамиле кылган же абийирине чектөө киргизген фактыларды аныктоо боюнча биздин буйругубуз бар. Анын негизинде биз күнү-түнү да текшерүүлөрдү уюштура алабыз. Ошол бейөкмөт уюмдардын кимиси бизден терс жооп алса бизге ошол боюнча кайрылсын. Биз ага чара көрөбүз. Негизи бизде бейөкмөт уюмдар менен шериктештик келишимдер түзүлгөн. Ал шериктештик келишим бизде ачык. Ушул күнгө чейин кыйноо фактыларынын бетин ачуу боюнча бейөкмөт уюм өкүлдөрү менен натыйжалуу иштеп келе жатабыз.

Анткен менен прокуратуранын кыйноо фактылары менен күрөшү укук коргоочуларды канааттандырбайт. Алар прокуратура кыйноо фактысын текшерип, андан баш тартуу жүйөөсүн негизсиз калтырат, болбогон шылтоолор менен кылмыш ишин козгоодон баш тартат жана кыйноолор боюнча арыздарды өз убагынан кечиктирип карайт деген пикирде.

- Мурда биз прокуратурага жөн эле арыз жазып жүрсөк, эми биз арызга кошо далилдерди кошо тиркеп берип жатабыз. Бирок дагы деле прокуратура тарабынан кабыл алынган чечимдер канааттандырарлык болбой жатат. Биз берген дээрлик бардык арыздарыбыз ар кандай шылтоолор менен токтотулуп жатат, - дейт "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюмунун өкүлү Хусанбай Салиев.

Кыйноолорду токтотуу максатында убактылуу кармоочу жайларга жана айрым милиция кеңселерине байкоочу камералар орнотулган. Ошол эле учурда байкоочу камералар менен жабдыла элек милиция бөлүмдөрү деле арбын. Андан сырткары кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор ишин баштаган. Айрымдар ушул чаралардын натыйжасында кыйноолор азайды деген пикирде. Ошол эле мезгилде кыйноо боюнча арыздардын аз катталып жатышын укук коргоо органдарына ишенимдин жоктугуна байланыштыргандар да бар.