Ал бир айдан ашуун убакыттан бери кызын издеп таппай атканын, укук коргоо органдары арызын кароодон баш тартканын ырастоодо. Ички иштер министрлиги Мухабаттын иши иликтенип бүткөнүн, анын сөздөрү жүйөсүз экенин маалымдайт. Мухабаттын баянын өз оозунан угалы:
"Мен 1974-жылы Сүлүктү шаарында төрөлгөм. Атам Москвадагы Ленин заводунда айдоочу-экспедитор болуп иштеген. Алты жашымда мектептин даярдоочу бөлүмүнө окууга кирдим. Бир күнү мектептен чыгып апамдын жумушуна барсам, “таятаңдыкына барып тур” деп жөнөтүп жиберди. Ал жакта алманын түбүндө ойноп отурсам, таекем келип мени үйгө алып кирди. Дарбазаны сыртынан кулптап, өзү дубалдан ашып түштү. Анан үйдү кулптап, терезеден кирип мени зордуктады. Кийимдеримди чечип салган эле, таекем чыгып кеткен соң көйнөктөрүмдү чогултуп кийинип жатсам, таятам кирип келип, ал киши да зордуктап салды...
Анан жеңем жуундуруп жатып байкап калды. Ага баарын айтып бердим. Ошентип үйдө ызы-чуу чыкты. Апамдын сиңдиси бар эле, ал ортого түшүп, "эч кимге билдирбей басты-басты кылгыла" деди. "Эл эмне дейт", - деп милицияга кайрылышкан эмес. Ошентип мени 15 жашка чыкканга чейин ыңгайы келген учурда зордуктап жүрүштү. Өзүмдү коргой ала турган куракка жеткенде гана аларды үйгө киргизбей баштадым.
Атам таекем менен урушуп, катташпай калды. Ошентип мен чоңойдум, бирок мага эч ким куда түшкөн жок. Зордукталганымды билет баары. Анан кантип мага үйлөнмөк эле? Дагы бир таекем бар болчу. Ал жакшы адам. Ошол таекем кайнежесинин баласына мени алып берди. Кадимкидей той болду. Бирок күйөөмдөн көп запкы тарттым. “Жаш кезиңде таекеңди жыргаткансың” деп мазактачу. Бир кыздуу болгонумда ажырашып кеттим. 22 жашта элем. Зомбулуктан кутулайын деп Бишкекке баса бердим. Ошондон бери баш калаадамын.
Атам экөөбүз таекемди милицияга бердик. Бирок андан пайда болбоду. Тааныштарын ортого салдыбы, айтор баары таекемдин сөзүн сүйлөп, арызыбыз канааттандырылган жок. Анүстүнө биз бир топ убакыт өткөн соң кайрылып жатпайбызбы...
Намыска чыдабай, атам өзүн асып алды. Атам өлгөндөн кийин кызымды Бишкекке алып келип алдым. 2003-жылы мектепке киргизгенге аракет кылып жүрсөм, таежелерим келип, айылда эле окутабыз деп кызымды Сүлүктүгө алып кетишти. Кызым сегиз жашка чыгып калганда Шопоков шаарчасындагы тууганыбыздан кат жазып берип жибериптир. Жарым барак кагазга “Апа, мени алып кетиңиз, таекем капа кылып жатат”, деп жазыптыр. Энелик жүрөгүм дароо жамандыкты сезип, аны алып келип алдым. Колдон келишинче текшерттим, бирок зордукталганбы же жокпу, аныктай албадым. Аны экспертиза аныктайт экен, менде ал үчүн акча жок. Бирок кызымдын айтуусунда, таекем зордуктап койгон..."
Ошентип, Мухабаттын кызы Умида азыр 20 жашка толду. Бул арада каарманыбыз дагы бир күйөөгө тийип, уулдуу болду. Бирок экинчи турмушу да узакка созулбай, ажырашып кеткен. Азыр Бишкекте батирде жашайт.
“Азаттык” радиосу анын Сүлүктүдөгү туугандары менен байланышып, тагдырынын чоо-жайын билгенге аракет кылды. Бирок азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок качан болбосун, экинчи тараптын пикирин жарыялоого даярбыз.
Мухабат азыр башка бир көйгөй менен башы ооруп жүргөнүн белгилейт. Көрсө бир айдан ашуун убакыттан бери кызынын дайыны чыкпай жаткан экен. Анын айтуусунда, кызын кафеде официант болуп иштеп жаткан жеринен “Жогорку Кеңеште депутаттын жардамчысымын” деген адам алып кеткен. Бул боюнча милицияга оозеки кайрылган.
Ички иштер министрлиги ушундай кайрылуу болгонун тастыктады. Бирок иликтөө учурунда кыз апасы менен чогуу жашаштан баш тартканы белгилүү болгон. Милиция Мухабат буга чейин жеңил жүрүм-турумдуу жашоодо жүргөнү аныкталганын кошумчалады. Бирок каарманыбыз буга макул болбой, куру дооматтан улам аты жаман болуп жатканын айтууда.
“Азаттык” анын кызы Умида менен байланышты. Умида азыр чын эле Жогорку Кеңеште иштеген адамдыкында үй кызматкер экенин, энесинин айткандары чындыкка дал келбестигин белгиледи.
Ал эми Мухабат болсо кызды туугандары атайын ага каршы кылып койгонун, адам укугун коргоочулар чындыкты иликтеп беришин суранууда. Өзү адвокат жалдаганга тыйыны жок экенин белгилейт...