Студенттерди тажаткан жыйындар

Социалдык түйүндөрдө тараган документтин көчүрмөсү.

Билим берүү жана илим министрлигинин студенттерди мажбурлап эскерүү жыйынына жөнөтүү аракети сынга кабылды.

Аксы окуясынын Бишкекте өткөн 16 жылдыгын эскерүү жыйынына "студенттерди мажбурлап катыштыруу тууралуу документ" деп Интернетке тараган сүрөт-көчүрмө талкууга түштү.

19-мартта социалдык желеде жайылып, сынга кабылган буйрукта Бишкектеги төрт жогорку окуу жайдан 70тен студент жыйынга барышы керек экендиги жазылган. Өкмөт муну тарыхый окуянын мааниси менен түшүндүрсө, коомдун айрым катмары мындай чечимдерди укук бузуу деп баалайт.

Сунушту колдогон министрлик

Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков кол койгону кеп болгон буйрукта иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин, Кусаин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин жана Насирдин Исанов атындагы кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана транспорт университетинин студенттери катышуусу керек экендиги жазылган.

Аксы окуясын эскерүү. 17-март, 2018-жыл.

Жыйынга барууга студенттер мажбурланганы айтылат. Эгер катышпаса, баасы төмөндөп, сынак тапшырууга таасири тиери тууралуу эскертүүлөр берилген.

Андай чогулуштарга такай катышып жүргөн Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин студенти "Азаттыкка" мындайча ой бөлүштү:

- Аудитория керек болгондо университетке тапшырма берилет экен. Мажбурлап алып барышат. Барбагандарга окутуучулар "минус болоорун" айтышат. Айрымдар зарыл жумушун айтып, суранып барбай калышы мүмкүн. Бирок көп учурда канча студент керек болсо, тизме түзүп алып барышат. "Барган жериңердеги окуя тууралуу дилбаян жазып келесиңер" дешет. Бул, менимче, туура эмес.

Мажбурлап түрдүү жыйындарга алып барууну туура эмес деп эсептеген студент кыз "окуума зыяны тийбесин" деп, аты-жөнүн ачыкка чыгарбоону өтүндү.

Министрдин орун басары, буйрукка кол койгон Кудайберди Кожобеков Тажикстанда иш сапарында жүргөндүктөн, комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Министрликтин басма сөз катчысы Айзура Чыкынова жагдайды төмөнкүчө түшүндүрдү:

- "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмеси министрликке Аксы окуясына арналган иш-чарага студенттерди катыштыруу боюнча сунуш менен кайрылган. Аксы окуясынын тарыхта маанилүү экенин эске алып, министрлик бул сунушту колдогон.

2002-жылдын 17-мартында Аскар Акаев президент кезинде Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган болчу.

Студенттерди жыйынга алып келүү уланат

Быйыл 17-мартта Бишкектеги “Медиа форум” ишканасынын алдында эскерүү жыйыны өткөн. Ага апрель ыңкылабынын катышуучулары, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин өкүлдөрү, КСДПнын активисттери катышкан.

Мээрбек Мискенбаев Жогорку Кеңеште депутат болгон учуру. 2016-жыл.

Студенттерди жыйынга алып келүү боюнча министрликке сунуш берилгенин "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев бышыктады. Жыл сайын эле мындай эскерүүлөргө студенттер катыша тургандыгын белгилеген Мискенбаев муну менен жаштар тарых тууралуу маалымат алаарын белгиледи:

- Бул жерде жаман ойлой турган эч нерсе көрбөй турам. Жаштар тарыхтан сабак алсын, көрсүн деген эле мааниде сунуш киргизилген. Аларга көрсөтүш үчүн атайын тасма даярдалып, чоң экран орнотулган.

Мискенбаевдин айтымында, 24-марттагы ыңкылаптын 13 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан ишембиликке жана апрель окуясынын сегиз жылдыгына карата Филармонияда өтчү жыйынга да студенттер чакырылат. Тийиштүү сунуш министрликке жөнөтүлгөн.

Баш мыйзамга каршы адат

Мектепте, орто жана жогорку окуу жайларда окугандарды бийлик же башка уюмдар уюштурган иш-чараларга мажбурлап катыштыруу, майрамдык салтанаттарда бийлетүү сыяктуу Совет доорунан калган адат Кыргызстанда дагы эле бар. Шайлоолордо да мажбурлап катыштыруу, добуш бердирүү өнөкөтү жоюлбай келатат. Мындай көрүнүш Борбор Азиядагы мамлекеттердин баарында кезигет.

Маматкалил Разаев.

Билим берүү тармагы боюнча эксперт Маматкалил Разаев мындай мажбурлоодон жарандар өздөрү баш тартышы керек деген пикирин ортого салды:

- Студент болобу, бюджеттик ишкананын кызматкери болобу, кайсы бир жыйынга өз ыктыяры менен барса - ошол чогулуштун да мааниси жогору экенинин белгиси. Жигердүү катышуу адамдардын өз каалоосунда болушу керек. Саясатчы Өмүрбек Текебаев совет доорунда мугалим болуп иштеп жүрүп, окуучуларды пахтага мажбурлап алып чыгууга каршылык көрсөтпөдү беле? Ошондой бир кадам керек го дейм. Маселе бышып жетилди.

Кыргызстандын Конституциясынын 34-беренесинде "Эч ким чогулушка катышууга мажбурланууга тийиш эмес" деп жазылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.