Кышкы каникул зериктирбесе

Мектеп окуучулары 12 күнгө созулган кышкы каникулду максаттуу өткөрүүнү каалашат.

Бул жолку окуу планына ылайык, кышкы эс алуу 30-декабрдан тартып жаңы жылдын 10-январына чейин белгиленген. Жогорку класстын окуучулары мектептер тарабынан кышкы каникул боюнча эч кандай максаттуу иштер жүрбөгөндүктөн өтө эле зериктирип жиберерин айтышат. Билим берүү министрлиги пландык иш боюнча кышкы каникул көңүлдүү өтүп жатканына ишендирип келет. Мектеп окуучулары кышкы узак каникул күндөрүн кантип өткөрүп жатышат?

Баткенде жашаган өспүрүм Аликбек кышкы эс алуу каникулун кантип өткөрөрүн айтып берди:

- Мен кечээ таенемдин үйүнө барып келдим. Азыр үйдөмүн. Саар менен үйгө от жакканга көмүр алып келем. Суу ташыйм. Бош маалымда телевизор көрөм. Анан анча-мынча мезгилде сабактарыма даярданып турам. Мисалы, англис тилин кайталап окуйм. Кээде айылдын борборуна чыгам. Чынында ал жерде деле кызыктырарлык эч нерсе жок. Анан апамдан сурап анча-мынча интернет клубдарга барып турам. Биз ошентип өткөрөбүз каникулду.

Баткенден Бишкек шаарынын борборуна тарталы. Жаңы жыл тоскондон кийин, анан калса иш күндөрү болбогондуктан шаарда эл аз. Балдардын ызы-чуусу толуп турган Панфилов паркында таптакыр эле киши жок. Ала-Тоо аянтынын тегерегинде неберелерин жетелеп жүргөн эне бизге ал жерде эмне максат менен жүргөнүн айтып берди:

- Ысык-Ата районундагы Юрьевка айылынан келдим. Аты-жөнүм Абдрахманова Бурул. Өзүм мугалиммин. Балдарды эс алдырыш үчүн атайын паркка алып келдик эле. Эртеден бери кыдырып жүрүп китепканаларды көрсөттүм. Музейди көрсөтүп чыктым...

Бурул апанын Кубанычбек аттуу небересин да кепке тарттык:

- Төртүнчү класста окуйм. Мен шаардагы аябай чоң балатыны, музейди көрдүм. Сүрөткө түштүм. Китептерди көрүп чыктык. Мага аквариумдагы балыктар, ташбакалар жакты.

Кубанычбекке бул көргөндөрүнүн баары жаңылык экени анын бизге берген жоопторунан билинип турду.

Бир аз эле убакытта Ала-Тоо аянтындагы балатыны көрүү үчүн келип, анын жанында сүрөткө түшүп жүргөн көптөгөн окуучуларды кездештирдик. Алардын арасынан кышкы каникулда кылар иши жок зериккенден улам ушул жерге басып келишкенин айткандар да болду. Ошолордун арасында бешиктен бели чыга элек кыздар да бар:

- Менин атым Сезим. Бишкекте 8-класста окуйм. Каникул мага аябай жадатма болуп жатат. Чынын айтканда суукта үйдө отура берип аябай зеригип кеттим. Анан курбум экөөбүз чогуу көчөгө чыгып келели деп чечтик.

Турмушка эрте бышкан балдар

"Азаттыктын" апталык түрмөгү жаштайынан иштеп, акча тапкан балдарга арналды. Аймактардагы кабарчыларыбыз окуучулар жайкы каникулда кантип акча табышат жана алардын укуктары корголуп жатабы деген маселеге кайрылышты.

Сезимдин айтымында, мектептеги узак мөөнөттөгү каникулдар өзгөчө жогорку класстын окуучулары үчүн өтө эле жадатма. Мектептерде кызыктуу ийримдер, спорттук оюндар дээрлик иштебейт. Мындай кезде өзгөчө колу жука үй-бүлөлөрдүн балдары эмне кыларын билбей көчө таптап калат.

Республиканын билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева “Азаттыкка” министрликтин балдардын каникулдары үчүн атайын түзүлгөн иш-планы бар экенин кеп кылды:

- Ийримдер азыр майрам күндөрүнө карата эле эс алып жатат. Андан кийин башка учурларда каникул бүткөнгө чейин спорттун кышкы түрлөрү боюнча ийримдер иштейт. Бул боюнча ар бир шаардык, облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө тапшырмалар берилген. Ошого жараша алар ар бир райондун шартына жараша өз жумуштарын алып барат. Мындан сырткары ар бир мектеп өз шартына жараша өз пландарын иштеп чыккан. Бизде мындай иш-чаралар жыл сайын өткөрүлөт.

Ашымбаеванын айтымында, так ушул каникул күндөрү мугалимдер жетишүүсү начар балдар менен тыгыз иштөөгө жана олимпиадага катыша турган окуучуларды даярдоого тийиш. Кыргызстанда эки миңден ашык мектеп, бир миллиондон жогору окуучу бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.