Жумушсуздук жаштарды жүдөттү

Жумушсуздуктун айынан жаштар чет өлкөлөргө чыгып кетүүдө. Казан вокзалы, Москва

Бишкекте конуштардын жаштары үчүн бош кызмат орундар жарманкеси өттү.
Бишкектеги бош кызмат орундар жарманкесине жаштар өтө көп келди. Белгилүү жана майда ишканалар жаштардын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша кеңседеги иштен баштап, күч талап кылган кара жумушка чейин сунуштап жатышты.

Айдар Жолдошбеков келишимдин бүткөнүнө байланыштуу жакында эле Араб Эмираттарынан келип жумуш издеп жүргөн кези экен. Ал жарманкеде өзүнө ылайыктуу кызматтарга резюмелерди калтырып койду. Жолдошбековдун баамында, жаштар эмгекчил жана өзүнө тың болсо, сөзсүз жумуш табат, "ал эми жумуш жок деп жүргөндөр даяр оокатка көнүп калган жалкоолор", - дейт ал.

- Жумуш жок деп жүргөндөр өздөрүнөн болуп атат, анткени аракеттенип издешпейт. Бирок аракет кылса, ар бир адамга жумуш табылат. Эгер бир аз тыңыраак болбосоң эч нерсе өзү келбейт.

"Дордой" базары

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин 2012-жылга карата маалыматы боюнча, Кыргызстанда экономикалык активдүү жарандардын 10 пайызы же 212 миң адам жумушсуз деп катталган. Бул тармакта адистешкен эксперттердин пикиринде, бул сан кыйла төмөндөтүлгөн. Бирок министрлик да, адистер да алардын кеминде 50 пайызы 30га чыга элек жаштар экенин мойнуна алышат.

Жарманкенин уюштуруучуларынын бири, Жаштар эл аралык фондунун өкүлү Марат Жаанбаевдин пикиринде, жумушсуз жүргөн жаштардын басымдуу бөлүгү айылдарда жана Бишкектин жаңы конуштарында жашаган билимсиз жаштар. Алар укуктары корголбогон, маянасы аз жумуштарда иштөөгө аргасыз.

- Жаңы конуштарда тургандардын жарымы жаштар жана алардын көпчүлүгү жумушсуз. Жумуштуу болсо да укугу тепселенген, шарттары жок же маянасы аз жерлерде иштешет. Жарманке аркылуу жаштарга: “Силердин укугуңарды коргогон, жакшы жумуш жана маяна сунуштаган ишканалар бар” дегенди көрсөтүп, эмгек базарын жаңы деңгээлге чыгарып жатабыз.

Кыргызстандагы жаштардын арасында жумушсуздукту жоюу боюнча долбоорду ишке ашырып жаткан жаштардын Y-Peer бейөкмөт уюмунун аткаруучу директору Гүлнара Салахидинова өлкөдө жумуш таппай калган жаштар чет өлкөгө кетип атканы Кыргызстандын өнүгүүсүнө чоң маселе жаратат дейт.

- Кыргызстандын келечеги жаштар. Ал эми биздин жаштар чет өлкөгө кетип, өз эмгегин чоочун мамлекетке жумшаса, келечекте Кыргызстан кантип өнүгөт? Мисалы, эгер биздин акылдуу жана күчтүү жаштарыбыз кетип калса,
10-20 жылдан кийин биздин келечегибиз оор болуп калат.


Салахидинова мамлекеттик органдар бул маселеге анча маани бербей жатканын белгиледи.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин калкты жумушка орноштуруу саясаты бөлүмүнүн башчысы Аида Ажихажоева, тескерисинче, жаштарды кармап калуунун аргасын колунан келишинче издеп жатат дейт. Анын айтымында, министрлик жылына орто эсеп менен 20 миңдей улан-кызга иш таап берип жатат.

- Биздин министрликтин ар бир облуста жана райондордо өзүнүн бөлүмдөрү бар. Ал жакта жаштарды жумушка орноштуруу үчүн бир топ иштерди аткарабыз. Алар: жаңы кесипке окутуу, убактылуу жумуш орундарына жөнөтүү жана бизнес үчүн чакан насыяларды берүү. Жаштардын арасында жаңы билим алуу эң популярдуу болуп жатат.

Ошого карабастан Бишкекте жумушсуз жаштардын саны өскөндүн үстүндө. Тигил же бул бош орунга орношуу үчүн жашаган жери боюнча каттоо талап кылынат. Мындайда көбүнчө аймактардан келген жумушсуз жаштарды жайгаштырууга министрликтин мүмкүнчүлүгү жетпей калып атат.