Хайдарабад: Диний талаш чордону

Сүрөттө: Саид Мухаммед (солдо) The Times of India гезитинин кабарчысы, Хайдарабадды улуттук жана диний азчылыктар, шаар башкаруу боюнча жазат. Хайдарабад Кыргызстандын үч облусу менен тең келген чоң шаар, көчөсүндө күнүгө беш миллион машина, вело-рикшалар тынбайт. Гранит тектүү жерде жайгашкандыктан, түнкүсүн да аптаптын илеби кайтпайт. Мындай климатка көнбөгөн адам көчөдө көпкө жүрө албайт. Мени тоюна чакырган Насреддин журналисттин досу Саид Мухаммад ичи салкындатылган машинасы менен келип, эски шаарды көрсөттү.

Сүрөттө: Низами музейиндеги Хайдарабад падышалыгынын тактысы. Хайдарабад Могул империясынын кол алдынан чыккандан кийин бул чакан падышалыкты низамилер династиясы Индия көз карандысыздык алганга чейин башкарып турган.

Сүрөттө: Хайдарабаддагы Низами музейинин курал бөлүмүнөн көрүнүш. Зоболосу көкөлөп турган чакта Хайдарабад бир кездери диамант, курал, сүрөт түшүрүлгөн кездеменин дүйнөлүк борбору болгон. Индия өкмөтү эң кооз шаарлардын бири болгон Хайдарабадды ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү сунушун жолдогон.

Сүрөттө: Хайдарабаддагы Низами музейинин курал бөлүмүнөн көрүнүш. Индия эгемендик алган 1948-жылы Хайдарабад Индия федерациясына кирүүдөн баш таркан. Бирок индус армиясы басып кирип, низамилердин акыркы мураскору тактан баш тарткан.

Сүрөттө: Низами музейинин короосундагы көлмө. Хайдарабадда орто кылымдар, фарсы жана европалык архитектуранын эң көркөм үлгүлөрү бар. Низамилердин тушунда Индиянын чар тарабынан музыканттар жана башка көркөм өнөр ээлери чууруп келип, падышалыктын маданий турмушун болуп көрбөгөндөй байыткан.

Сүрөттө: Кишилер Чарминар мунарасынан сүрөткө түшүп жатышат. Арткы планда Британия басып турган кезде курулган оорукана. Бүгүн Индияда британиялык замандан калган көп нерселерди көрүүгө болот, бирок көчөдөн европалыктарды дээрлик кезиктире албайсыз.

Сүрөттө: Чарминар мунарасынын кире бериши. Дубалдын бетинде Алла, Мухаммад жана Али деген жазуулар бар. Низамилер шийи болгондуктан, Мухаммад пайгамбардын күйөө баласы Алини да туу тутушат.

Сүрөттө: Хайдарабаддын эски бөлүгүндөгү көчөдөн көрүнүш. Хайдарабадд быйыл калктын саны 10 миллиондон ашты. Алардын 55% хиндулар, 40% мусулмандар. Калгандары христиан, сикх, парси өңгөндөн азчылыктар. Мусулмандар көбүнчө шаардын мына ушул эски, тарыхый тарабында жашайт.

Сүрөттө: Эски Хайдарабаддын көчөсүндөгү мусулмандардын мүрзөсү. Шаарда жолдун так ортосунда калган мусулмандар менен индустардын мүрзөлөрүн көп көрүүгө болот. Эки тарап тең мунасага келүүнү каалабагандыктан, күмбөздөр турган жеринде калып, айдоочулар аларды айланып өтүүгө мажбур.

Сүрөттө: Эски Хайдарабадга бараткан жол. Бул тарапта мусулмандар өздөрүнө тийешелүү имараттардын чатырына жашыл түстөгү, индустар саргыч түстөгү желек илип алышат. Эки тарап  маданий жактан бир бирине ыкташып, көп кылымдардан бери жуурулушуп калган. Индиялык мусумандар өздөрү да түпкүлүгүндө ар кошкон эл - ата-бабалары африкалык, араб, фарсы жана түрк элдеринен болгон.

Сүрөттө: Чарминардын жанындагы Меке мечити. 2008-жылдагы жардырууда бул мечитте 42 кишинин каны төгүлгөн. Саид Мухаммеддин айтымында, 100дөн ашык мусулман жаштар камакка алынып, көбү акталса дагы окуусун улантып, ишине кайра орношо алышкан эмес. Кийин жардыруу үчүн индус улутчулдар уюму жоопкер экендиги аныкталган.

Сүрөттө: Эски Хайдарабаддагы мусулмандардын күркөсү. Саид Мухаммеддин айтуусунда тартип коргоо органдарында индустар үстөмдүк кылгандыктан, мусулмандар азчылык катары жалган жалаа жабылып, түрмөдө кыйноого кабылган учурлар көп кездешет.

Сүрөттө: Чарминардын алдындагы базардан көрүнүш. Эски Хайдарабаддагы мусулмандардын турмушу начар, сабаттуулук жагынан да артта. Ошол эле убакта Индия калкынын 15% түзгөн мусулмандар арасында ар кыл тармактарда чоң кызматтарда иштегендер аз эмес. Алардын ичинде Индиянын 11-президенти Абдул Каламс - мусулман.

Сүрөттө: Чарминардын жанындагы билерик базарынан көрүнүш. Саид Мухамед үйлөндө келинчегине ушул жерден сөйкө, билерик алган экен. Бир чакырым келген бул жер "Лаар" базар деп аталып, анда сари, арзан сөйкө, асыл таштарды ала аласыз.

Сүрөттө: Билерик базарынын Чарминардан көрүнүшү. Саид Мухамед келинчегине жана эжесине шуру-пуру алды. «Бул жакта болгонумду билишсе, анан эч нерсе сатып албасам, мени үйгө киргизишпейт» деп күлдү.

Сүрөттө: Чарминардын бир капталындагы индустар сыйынган жай. Бул жайга байланыштуу маал-маалы менен индустар менен мусулмандар ортосунда тополоң чыгып турат. Саид Мухамеддин айтымында, адатта тигил же бул партиянын мүчөлөрү диний тирешти өз кызыкчылыгына пайдаланып, элди тополоңго шыкакташат.

Сүрөттө: Чарминар базарында банандын жалбырагына ороп, момпосуй жасап жатышат. Саед Мухаммед мага бирди алып берди, мен аны жебей катып койдум. Анткени Индиянын тамагына көнбөгөн кишиге базардан тамак жегенге болбойт деп айтышат.

Сүрөттө: Чарминар базарындагы чай саткандар. Кадимки эле сүттөлгөн чайга шекер кошуп беришет. Ирандан келгендиктен, "фарсы чай" дешет.

Сүрөттө: Хайдарабаддагы Аюрведа клиникасынан көрүнүш. Аюрведа - индустардын беш миң жылдык тарыхы бар медицинасы. Атайын дары чөп менен ышталган, жылмакай массаж үстөлүндө жаткан адамдын маңдайына чөйчөктөн ысык май таамп турат. Адамды стресстен арылтуучу өтө таасирдүү процедуралардын бири.

Сүрөттө: Низами династиясынын ханышасы. Саид Мухаммеддин айтымыда, низамилер көбүнесе түрк кыздарын алышкан. Хайдарабадда мусулмандар 7-кылымдан бери отурукташкан. Башында арабдар болсо, кийин түрктөр да келген.

Сүрөттө: Низами музейине келген көрөрмандар. Индияда ар бир штаттын өзүнүн расмий тили бар, хинду жана англис тилдери орток тил катары окутулат. Хайдарабадда расмий тил телугу деп аталат. Башкача айтканда, 600 чакты тилдер жана диалекттер бар Индияда элдердин көбү өз тилинде окуй алышат.

Сүрөттө: Низами музейинин кире беришинен көрүнүш. Дүйнөдөгү эң ири демократия саналган Индияда мусулмандар калктын бештен бирин түзөт, 500дөн ашык депутаттын бешөө гана мусулман. Диндер арасында чыңалуу күч, ошол эле убакта тынчтыкта жашап, диалог түзүүгө умтулуу коңшулаш Пакистанга караганда кыйла күчтүү экендигин баамдоого болот.