Чыңгыз Айтматов проспектинде болгон кырсыктын себептери кененирээк айтыла элек. Мамлекеттик машине менен кагышкан экинчи унаанын жүргүнчүсү кырсыкка байланыштуу өкмөттүк автоунаанын айдоочусун айыптоодо. Бул окуя соңку айдын ичинде эле өкмөттүк автоунаа катышкан экинчи кырсык болуп калды.
Кырсыктын себептери белгисиз
Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектинде болгон кырсык 16-ноябрда эртең менен саат сегиздерде катталган. "Land Cruiser Prado" жана "Chevrolet Suburban" үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышканы кабарланды. Машинелердин бири президенттик кортежди коштоп жүрөрү айтылууда. Бирок бул маалымат азырынча расмий бышыктала элек.
Шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы автокырсык тууралуу маалымат түшкөнүн, адистер жеринде иштеп жатканын билдирди. Күч кызматтары окуянын себептери боюнча да толук маалыматтарды бере элек.
Ал эми жол кырсыгына кабылган экинчи автоунаанын айдоочусунун апасы катары өзүн тааныштырган аял “Акипресс” маалымат агенттиги менен болгон маегинде окуяга кортежди ээрчип жүргөн машине айыптуу экенин айтууда:
- Президенттик машине айыптуу. Алар эч кандай сигнализациясы жок келаткан. Жолдо зиг-заг формасында айдап, карама-каршы багыттагы жолго чыгып алышты. Эч нерсе көрүнгөн жок. Азыр рулдагы кызымдын абалы жакшы эле.
Чыңгыз Айтматов проспектиси "өкмөттүк трасса" деп аталат. Бул көчө менен күн сайын президентти жана премьер-министрди ташыган унаа резиденцияга барып келет.
Кырсык тууралуу маалыматтар интернетте жарыяланары менен өлкө жетекчилерин коштогон автунаалар жана чиновниктерди ташыган мамлекеттик машинелер “көп мезгилде жол эрежелерин сактабай, каалагандай жүрөрүн, натыйжада ар кандай кырсыктарга себепчи болорун” жазгандар болду. Активист Айбек Баратов:
- Кайсы бир депутатты же кайсы бир чиновникти ташыган автоунаалардын айдоочуларынын арасында жол эрежелерин бузгандар көп. Ошондуктан мамлекеттик мекеме жетекчилери өз карамагындагы айдоочуларга эскертүү берип, “өз шефтеринин статусуна таянып, жолдо катуу жүрбөй, жол эрежелерин сактап жүрүшүн” талап кылышы керек. Эгер ошол эле мамлекеттик кызматкерлердин айдоочулары же ошол эле жол кайгуул кызматынын кызматкерлери элементардуу жол эрежелерине, жол чырактарга карабай өтүп кетсе, же эки жолчону басып өтүп кетсе, анда катардагы айдоочулардан эреже сактоону кантип талап кылабыз? Жол эрежелерин түзүп, аны карагандар өздөрү эреже бузуп жатса, анда башка айдоочулар каякка барат?
Айбек Баратов ошондой эле соңку окуяда кайсы тараптагы айдоочу күнөөлүү болбосун, бул иш калыс иликтениши керектигин айтты:
- Бул жерде кимиси айыптуу болсо да кызматына карабай, статусуна карабай жазасын алышы керек. Бирок мен кырсыктан кийин тартылган видеону карасам, ал жердеги нерселерди кайгуул кызматкерлери келгиче эле тазалап салышыптыр. Адистер ким айыптуу экенин аныкташ үчүн ал жерде ким кайсы жактан келгенин, эмне болгонун схемага түшүрүшү керек эле. Андай болдубу, болбодубу билбейм. Эми кырсыкты иликтөөнүн жыйынтыгы кандай болоорун да билбейм. Мен бул кырсыкты иликтеп жаткандарды баарын мыйзам чегинде кароого чакырып кетет элем. Бул жерде эгер кортежде бараткан автоунаа күнөөлүү болсо, анда анын айдоочусу жазага тартылсын.
Өкмөттүк автоунаа катышкан экинчи кырсык
Канткен менен бул окуя соңку бир айга жакын убакыт ичинде эле өкмөттүк автоунаа катышкан экинчи кырсык болуп калды. 7-октябрь күнү Бишкек-Чалдовар жолунун 36-чакырымында, Москва районунун Садовое айылында вице-премьер-министр бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы “КамАЗ” менен сүзүшкөн.
Окуянын кесепетинен улам 38 жаштагы Темир Жумакадыров менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов каза болушкан. Кийинчерээк Патрулдук милициянын башкы башкармалыгы жол кырсыгына "КамАЗдын" айдоочусу айыптуу экенин кабарлап, ал унааны башкара албай калганын айтып чыккан. "КамАЗдын" айдоочусу, 25 жаштагы Панфилов районунун тургуну эки айга камакка алынып, кылмыш иши козголгон.
Ушундан улам адистер жол кырсыктары өкмөттү кескин чараларды көрүүгө мажбур кылышы керек экенин айтышууда. Серепчи Адыл Батыралиев мындай деди:
- Президентти канча бир машине, канча жол кайгуул машинеси коштоп, кайтарып жүрөт, жолдорду жаап, башка айдоочуларды токтотуп айдашат. Анан ошентип атып да мамлекеттик деңгээлдеги машинелер ушинтип кырсыкка кабылып жатса, анда катардагы машинелерге, катардагы айдоочуларга эч кандай кепилдик жок болуп жатпайбы. Азыр интернетке кирсең автоунаалар кагышып, адам өлүп атканы тууралуу күн сайын маалымат чыгып жатат, үрөйүң учат тим эле. Эми президентти коштогон унаа катышкан кырсыктын өзү да өлкөдө бул маселе туу чокусуна жеткенин далилдейт. Согуш учурундагыдан да көп адам өлүп жатканын айтып жатышат. Ошондуктан эми өкмөт бул маселенин алдын алуу үчүн кескин чара көрүшү керек. Жаңы келген президент да ушул маселени негизги маселе катары коюп, мамлекеттик деңгээлде аракеттерди жандандырышы керек. Антпесе кыргыз эли кан жолдо эле кырылып калмай болду.
Коопсуздук кеңеши быйыл жайында жол коопсуздугуна байланыштуу кырдаалды карап, кечиктирбестен чара көрүү тууралуу чечим кабыл алган. Анын негизинде өкмөт жол коопсуздугун жөнгө салуу чараларын камтыган токтом кабыл алган. Анда жол коопсуздугуна байланыштуу жүздөн ашуун иш-чараларды иштеп чыгып, уюштуруу жагы каралган.
Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн жол коопсуздугу боюнча аткарган иш-чараларын талкуулап, анын ишине баа берүүнү сунуш кылышты. КМШнын Статистика комитетинин 2015-жылдагы маалыматы боюнча, Кыргызстан жол кырсыгы эң көп катталган өлкөлөрдүн катарына кирген.
Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери 4460 жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 600дөн ашкан. Өкмөттүн маалыматы боюнча бул көрсөткүч былтыркыга караганда 6,7 пайызга жогору.