Германия канцлери Ангела Меркел 13-14-июлда эки күндүк расмий сапар менен Кыргызстанга келгени турат.
Расмий Бишкектин билдирүүсүндө, эки өлкө ортосунда кандайдыр бир документтерге кол коюлбайт. Бирок кызматташтыктын багытын дагы тереңдетүү маселеси кеңири талкууланат. Эл аралык жана Борбор Азияга таандык маселелер боюнча пикир алышуу болот. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков:
- Эки тараптуу кызматташууда бир топ маселелер тууралуу кеп болот. Экономикалык, инвестициялык, саясий дагы талкуулоочу маселелер бар. Учурда Германия ЕККУда төрөгалык кылып жатат. Кыргызстан эмне жардам алат, кандай кызматташат? Ушул маселелер сүйлөшүлөт.
Расмий бийлик өкүлдөрүнөн тышкары канцлердин жергиликтүү бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар менен жолугары пландалууда. Азырынча Европадагы таасирдүү лидердин сапары боюнча кеңири маалымат бериле элек. Бирок серепчилер сүйлөшүү Борбор Азиядагы коопсуздук, адам укуктары, сөз эркиндиги тууралуу болорун болжолдошууда.
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов батыш кызматташууга кол сунган өлкөлөрүндө коопсуздук жана адам укуктары, сөз эркиндигинин сакталышы өңдүү маселелерге көңүл бурат деди:
- Борбор Азия өлкөлөрүнө батыш мамлекеттери кызматташууга кызыкдар. Себеби, геосаясий абалды көрүп турасыңар. Улуу державалар бардык жактан атаандашууга өттү. Германия канцлери глобалдык коопсуздук маселесин көтөрөт. Анан адам укуктары, сөз эркиндиги, парламент кабыл алып жаткан мыйзамдар боюнча сөз козгойт.
Айрым серепчилердин айтымында, өлкөдөгү 2010-жылдан кийин болуп өткөн саясий өзгөрүүлөрдөн соң Германия Кыргызстанга кызыгуу менен карап, ар кайсы тармакта жардам берип келет.
Экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун пикиринде, Германия лидеринин сапарында жарандык активисттерге сөз эркиндиги, адам укуктары боюнча абалды жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек.
- Европадагы күчтүү лидердин Кыргызстанга келип жатканы жакшы жышаан. Бирок расмийлер менен жолугуп, алардан гана маалымат алып кетпеши керек. Германия адам укуктары мыкты сакталган үлгүлүү өлкөлөрдүн бири, андыктан укук коргоочулардын үнүн угуп кетиши зарыл.
Германия Кыргызстандын ири донорлорунун бири десек дагы болот. 1992-жылдан бери өлкөгө финансылык жана техникалык тармактарда 250 миллион евродон ашык каражат бөлгөн. Бул акча негизинен экономиканы өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагына жумшалган. Германия өнүктүрүү банкы, Эл аралык кызматташуу уюму – GIZ эки мамлекеттин ортосундагы финансылык жана техникалык алакаларды ишке ашырып келет.
Экономикалык серепчи Улук Кыдырбаевдин пикиринде, кыргыз-немис кызматташтыгы грант же долбоорлор менен эле чектелип, туруктуу соода алакасы жолго коюлбай келет.
- Мындай чоң өлкөлөр менен кызматташуу жакшы болушу керек. Булардын жардамы көп тиет. Быйыл январь айынан баштап Кыргызстанга Жалпы жеңилдиктер системасын колдонуу макамын берүү чечими кабыл алынган. Европа Биримдигинин жалпы жеңилдик системасынан (ВСП+) колдоно алат. Бул деген кыргыз товары үчүн Европа рыногунун эшиги ачылат дегендик. Мына ушул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керек.
Европадагы таасирдүү лидердин сапары батыш тараптан жүргүзүлүп жаткан геосаясий багыттан кабар бергендей таасир калтырат. Канткен күндө дагы, мунун Кыргызстан үчүн пайдалуу жактары арбын. Себеби, акыркы учурда кыргыз бийлигинин дарегине "тышкы саясатта Орусияга байланган" деген сындар айтылып келет.