Журналист уулуна үй-музей ачкан эне

Зайнабхан апа уулун эскерип жазган дептер.

Алишерди атып кетишкенде үстүндө ушул кийимдер болгон. Бул үрөй учурган кылмыштын бети ачыла элек.

Алишер 25 жашында өзбек тилинде "Сиёсат" (Саясат) гезитин негиздеп, жума сайын чыгарган. Гезит Кыргызстанга жана Өзбекстанга тараган. Ал кийген футболка.

Алишерге үч ирет ок үзүшкөн. Ошол маалда бутунда ушул туфли болгон.

Алишерди иш-столу. Маркум Voice of Ameriсa, RFERL-Ozodlik, BBC, Mashhad радиолору, "Фергана.Ру" маалымат агенттиги менен кызматташып, Фергана өрөөнүндө болуп жаткан саясий, диний, коопсуздук, адам укуктары багытындагы окуяларды талдап, чагылдырган.

Алишер мектепте жазган дептер.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Алишер Саиповдун ишин Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын Аймактар аралык башкармалыгы иликтеп жатат.

Алишер колдонгон бетаарчы.

Алишерди атып кетишкенде кызы Зулайка эки айлык эле. Азыр 10 жашта. Атасы чыгарган "Сиёсат" гезитин карап отурат. 

Алишердин достору, кесиптештери жазган эскерүү дептер.  

Алишер Саиповдун үй-музейи. Ал окуган китептер жана колдонгон буюмдары.

Алишер Саиповдун мүрзөсү.

Алишер Саиповдун иниси Шахрух жана кызы Зулайка маркумдун мүрзөсүн зыярат кылууда. 

2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.