“Фридом Хаус” эл аралык укук коргоо уюму сөз эркиндигинин деңгээли тууралуу жылдык докладында Кыргызстанга 199 өлкөнүн ичинен 148-орунду ыйгарып, эркин эмес мамлекеттердин катарына кошту.
Былтыр өлкө 2013-жылга салыштырмалуу 11 позицияга өйдөлөп, 158-орундан 147-орунга көтөрүлгөн. Бирок эркин эмес мамлекеттердин тизмесинде кала берген.
Ошентсе да ал учурда "Фридом Хаустун" өкүлдөрү Кыргызстан эркин эместердин сабында турганы менен анын катар орду аймактагы башка өлкөлөрдөн бир топ жакшы экендигин айтып, өлкөнү Борбор Азиядагы бирден бир жарык шоола катары баалашкан.
Саясий серепчи жана журналист Кубан Абдымендин айтымында, Кыргызстандагы демократия жана басма сөз эркиндигинин деңгээли жыл сайын жакшырууда жана маалымат каражаттарына чектөөлөр деле жок. Серепчи "Фридом Хаус" уюмунун иликтөөсүнүн жыйынтыгы Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жагдайга байланыштуу болушу мүмкүндүгүн белгилейт.
- Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстанды сындагандар көп чыгып жатпайбы. "Киргенде биздин келечегибиз, саясатыбыз кандай болот, демократияга болгон мамилебиз өзгөрөбү дегендей нерселерди жакшылап түшүндүрө албай жатасыңар, эл түшүнбөй, башы айланып, кайда баратканын жакшы билбей жатат" дегендей кинелер коюлуп жатат. Биримдикке кирсек бизде экономика өзгөрөт, жалпы турмуш оңолот, экономикабыз алдыга жылат деген сөздү негизсиз айтып жатат дегендей таасир калтырууда. Чындап келгенде бийликтин бул жакта жасап жаткан иши элге мурдагыдай эле, демократиянын нугу ошол бойдон, сөз эркиндигинин деңгээлин ошол бойдон эле жүргүзүп жатат. Эч кимдин артынан сая түшүп, куугунтукка алган жок. Ошондуктан бул рейтинг Кыргызстандын азыркы учурдагы ээлеген ордун, абалын реалдуу түрдө чагылдырбайт.
“Вечерний Бишкек” гезитинин саясат боюнча шеф-редактору Нарын Айыптын билдиришинче, Украина, Крымдагы окуяларга Кыргызстандын жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын ичинен эч ким туура талдап, туура баа бере алган жок. Алардын басымдуу бөлүгү бул маселелерде Орусиянын пикирин ээрчип, алардын маалымат каражаттарынын айткандарын кайталап туруп алганы да ушул рейтингди аныктоодо өзүнүн таасирин тийгизди.
- Баары эле Орусиянын эле айткандарын эле кайталай бергендиги сөз эркиндигинин жоктугунун далилдеринин бири десек болот го. Жалаң пропаганданы кайталап, ошолор эмне десе ошонун баарын эле чындык көрүп турушат. Өз алдынча ой жүгүртүп, талдап, эмнеси туура-туура эмес экенин айткан киши жок болуп жатпайбы. Эркинирээк бир нерсе айтып койсо, же бийликке сын айтылса, аны дагы дароо жемелеп, жеп киришет. Бул да Орусиянын таасири.
Жоопкерчилик да унутулбаса...
“Борбор Азия-Азаттык үнү” укук коргоо порталынын башкы редактору Абдымомун Мамаримов болсо Кыргызстандын былтыркы 147-орундан бир тепкичке ылдыйлап, 148-орунга түшүп калышына жакынкы учурда эле журналисттин кыймыл-аракетине байланыштуу мыйзамдын кабыл алынып калышы жана журналисттердин жоопкерчилигине байланыштуу саясатчылардын сотторго кайрылуулары өңдүү факторлор таасир этип калышы ыктымалдыгын белгилейт.
- Жалган маалымат таратуу боюнча мыйзам кабыл алынып калбадыбы. Ошол нерсе таасир этти окшойт. Бир-эки сотко кайрылуулар болду. Мисалы, депутат Өмүрбек Текебаевди айтсак болот. Ал учурда журналист Адилет Айтикеев чет мамлекетке качып кеткенге аргасыз болбодубу. Уюмдун баасы ушундай негиздерден улам куралат го дейм.
Ошол эле учурда Абдымомун Мамараимов өлкөдө журналисттер үчүн бардык шарттар бар экендигин айтат. Бул үчүн журналист өзү да жөн гана ушак-айың, курулай каралоо, жала жабуу, такталбаган маалыматтарды берүүдөн оолак болуп, кесиптик этика-норманы сакташ керек.
- Албетте абсолюттук шарт болбойт. Кээ бир кооптуу темалар бар, алардан коркобуз. Кээде биз өзүбүз да “тийбей эле коёлу” деген темалар болуп калат. Бирок ошого карабастан жогорку деңгээлде шартыбыз бар, мыйзамдарыбыз жазылган. Алардын сакталышы өзүбүзгө байланыштуу да. Бизде, тилекке каршы, такталбаган маалыматтарды берип салып, кээ бир саясатчылардын кызыкчылыгын коргоо максатында башка саясатчыларга жалаа жаап, аны шыбаган сыяктуу макалалар да кетип калып жатат. Биз ошолорго да так баа бере алгандай болушубуз керек.
“Фридом Хаус” эл аралык уюмунун баяндамасы 3-майда белгиленчү эл аралык Басма сөз эркиндигинин күнүн утурлай жарыяланды. Быйылкы көрсөткүч боюнча деле Кыргызстан Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан ат чабым алдыда турат.
Рейтингдеги маалыматка ылайык, прессанын эркиндигинин деңгээли боюнча Орусия 180-, Тажикстан 181-, Казакстан 185-, Өзбекстан менен Түркмөнстан 197-орунду бөлүшкөн.
Баяндамада жалпысынан дүйнөдө басма сөз эркиндиги кескин төмөндөгөнү белгиленет. Рейтингге кирген 199 өлкөнүн ичинен 63 мамлекет эркин, 71 өлкө жарым-жартылай эркин деп табылса, 65 өлкө эркин эмес өлкө катары бааланган.