Басылма айыптаган адамдардын бири, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов аталган дооматтарды четке какса, өткөн аптада мындай “жалган жалааларга” чыдоо кыйын деп президенттик аппараттын жетекчи орун басары Икрамжан Илмиянов кызматынан чегинди.
Ушул тапта президенттин тапшырмасынын негизинде “Вечерний Бишкектин” кайрылуусунда айтылган дооматтардын чын-төгүнү иликтенип жаткан кез.
Бүгүнкү студиянын коноктору: Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Касымбеков жана “Вечерний Бишкек” гезитинин саясат боюнча шеф-редактору Нарын Айып.
"Вечерний Бишкек": тараза ташы кайда оойт? (2)
"Вечерний Бишкек": тараза ташы кайда оойт? (3)