АФК кубогу: «Дордой» - «Алтын Асыр» таймашы

Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

«Дордой» клубунун оюнчулары.

«Алтын-Асыр» клубу.

Оюнду көрүүгө сегиз миңден ашуун көрүүчү келгени айтылууда. 

«Дордой» оюнчулары биринчи таймды толугу менен көзөмөлгө алып, алгач эсепти 1:0 кылып, алдыга чыгышты.

«Дордойго» таандык голду чабуулчу Вахыт Оразсахедов киргизди. Оразсахедов Түркмөнстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу жана «Алтын-Асыр» клубунун мурдагы оюнчусу.

Оразсахедов «Алтын-Асыр» клубунун курамында 2016-жылы жана 2018-жылы ойногон. «Дордой» клубунун катарына ушул жылдын март айында кошулду. Буга чейин Түркмөнстандын, Орусиянын, Түркиянын жана Азербайжандын бир нече клубдарында ойноп келген. 

Экинчи таймда коноктор үстөмдүгүн күчөтүп, оюн бүтөргө беш мүнөт калганда жооп иретинде гол киргизе алышты.

Оюн учурунда жаракат алган «Дордой» клубунун жарым коргоочусу Антон Землянухинге доктурлар жардам көрсөтүүдө.

Түркмөнстандын чемпиону «Алтын Асыр» футбол клубунун оюнчулары да, машыктыруучусу да Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондун абалына нааразылыгын жашырган жок.

Стадиондогу чөп талаптагыдай өстүрүлбөгөндүктөн 3-апрелдеги оюндун жүрүшүндө кээ бир чабуулдар чаң аралаш жүрүп жатканына стадиондогу калың эл да күбө болду.
Кененирээк: Стадиондун сапаты футбол беттешин бузду

Оюнда жаракат алганын айткан «Алтын-Асыр» клубунун чабуулчусу Алтымурат Аннадурдыевге доктурлар жардам көрсөтүүдө. 

АФК кубогуна даярдык көрүш үчүн «Дордой» клубу Түркиянын Анталия шаарына эки жумага окуу-машыгууга барып, бир нече жолдоштук беттеш өткөрүп 25-мартта Бишкекке келген. Түркияга кетер алдында клуб өз катарын сегиз оюнчу менен толуктаган. Оюнчулардын төртөө чет өлкөлүк, калганы жергиликтүү футболчулар. 

«Дордой» клубу - футбол боюнча Кыргызстандын 10 жолку чемпиону, Кыргызстандын кубогун 10 жолу алган. АФКнын президентинин кубогун (2006-2007-жылдары) эки жолу жеңген. АФК кубогуна 2015-жылы катыша баштаган. Быйыл төртүнчү ирет ушул кубок үчүн ойнойт.

АФК кубогунун тайпалык беттештеринде жалпысынан Азиянын 36 клубу тогуз топко (тайпага) бөлүнүп ойношот. «Дордой» клубу Түркмөнстандын «Алтын-Асыр», Тажикстандын «Истиклол» жана «Хужанд» клубдары менен D тайпасына бөлүнгөн. Тажикстандык эки клуб кечээ бири-бири менен ойноп, ал 3:0 эсебинде «Истиклолдун» жеңиши менен аяктады.

Бул баскычта командалар ушул жылдын июнь айынын аягына чейин жалпы алтыдан оюн (өз талаасында жана конокто) өткөрөт. Тайпада эң көп упай топтогон команда кийинки баскычка чыгат.

Бишкектин «Дордой» командасы АФК кубогунун алкагында биринчи тайпалык оюнду өткөрдү.