Кыргыз футболу: мыктылар тандалды

Кыргызстандын футбол федерациясы 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып, беш футболчуга "Жылдын мыктысы" деген наам ыйгарды.

Сыйлык тапшыруу салтанаты “Асанбай” борборунда өтүп, ага футбол ишмерлери, өлкөнүн алдыңкы футболчулары катышты. 

Футбол талаасында эң көп чуркаган жана оюндун мыкты өтүшүн камсыз кылган адам - бул футбол калысы. 2018-жылдын "Мыкты калысы” наамы Димитрий Машенцевге ыйгарылды.

EREM футзал клубунун оюнчусу Улан Байгазы уулуна “мыкты футзал оюнчусу” наамы берилди. Улан Байгазы уулу EREM командасынын катарында быйыл футзал боюнча өлкө чемпиондугун уткан. Супер лига оюндарында 12 гол киргизген. 

“Жылдын мыкты футболчусу” деп “Дордой” футбол клубунун жарым коргоочусу Кайрат Жыргалбек уулу табылды. Жыргалбек уулу быйыл "Дордойдун" катарында футбол боюнча өлкө кубогун жана ТОП-ЛИГАнын чемпиону болду.

“Жылдын мыкты футболчу айымы” наамына Айжан Боронбекова ээ болду. 

“Жылдын сыймыгы” наамын 19 жашка чейинки кыздардын курама командасы алды.

Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты ТОП-ЛИГАнын “Мыкты оюнчусу” кочкораталык “Нефтчи” командасынын коргоочусу Шерзод Шакировго ыйгарылды. 

Футбол боюнча улуттук кураманын жана Бишкектин "Дордой" командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин  - “Жылдын мыкты машыктыруучусу” деп табылды. 

“Жылдын олуттуу жетишкендиги” наамы 2019-жылы Дубайда өтө турган Азия Кубогуна жолдомо уткан Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына ыйгарылды. Сыйлыкты башкы команда капитаны Азамат Байматов алып, күйөрмандарга ыраазычылык билдирди. 

"Дордой" футбол клубунун ардактуу президенти Аскар Салымбеков. 

26 футболчуга "Эл аралык даражадагы спорт чебери" наамы берилди. Сыйлыкты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев тапшырды. 

“Football Awards” сыйлыгы Кыргызстандын Футбол федерациясы тарабынан 2015-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

“Football Awards” сыйлыгынын тандоосу менен Кайрат Жыргалбек уулу 2018-жылдын мыкты футболчусу атыкты. Сыйлык тапшыруу салтанаты Бишкекте өтүп, ага бир катар спорт ишмерлери, футболчулар катышты.