"Каганат" жана "Алай" футбол клубдары кезектеги беттештин алдында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркагандарга тилектештик билдиришти. Сүрөттөрдүн автору - Азамат Алымкулов.
"Жүрөгүмдө Баткен": Футболчулардын элге тилектештиги

Футболчулар беттеш башталарда протокол боюнча оюн талаасына "Жүрөгүмдө Баткен" деген жазуусу бар футболка кийип чыгышты.

Беттеш 7-майда Ошто Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо болду.


Оюнда 3:1 эсебинде "Каганат" жеңди.
"Каганат" командасынын оюнчулары.
Эки команда Кыргыз премьер лигасынын 9-турунун алкагында беттешти.
Сары кийимчен "Алай" командасынын жигиттери.
Оюндагы урунттуу учурлардын бири.
Футбол күйөрмандары бул беттешти Кыргыз премьер-лигасында эң кызыктуу оюндардын бири катары сыпатташууда.
Калыстар.