Жүрөккө от койгон ырчы айымдар (2-бөлүк)

Марк Хамфри - Кыргыз музыкасынын АКШдагы мияткери (демөөрчүсү). Ал 1990-жылдардын аяк ченинде Кыргызстанга келип, кыргыздын салттуу ырларын изилдеп, Нурак Абдрахманов, Саламат Садыкова жана башкалардын авазын жазып, атайын CD да чыгарган.

Чейрек кылымдан ашык убактан бери Чехияда жашап жүрүп, европалыктар менен америкалыктарга мүнөздүү бир нерсени байкадым. Аларда “жылдыз” же “мегажылдыз” атка конгон жана маалымат каражаттарында аттары такай аталып жүргөн поп-ырчылар менен топтор өзгөчө популярдуу.

Ал эми классикалык жана салттуу музыка - бул ыр же музыка жандуу адамдардын тарыраак чөйрөсүнүн эрмеги. Ошондуктан америкалык музыкант, журналист, жазуучу Марк Хамфриден Батыш дүйнөсүндө музыка сүйүүчүлөрдүн тар чөйрөсүнө гана маалым болгон кыргыз музыкасына кандайча кызыгып калганын сурап, маекти баштадым.

Марк Хамфри: Муну кокустук деп айтар элем. Себеби жыйырма жылдай илгери музыка дүкөнүнө кирип калдым. Дүкөндүн эл аралык музыка бөлүмүндө ар кыл кишилер пайдаланып өткөргөн эски компакт-дисктер (CD) арзан сатылчу. Мен бул бөлүмдүн өз адамы элем. Башкача айтканда, алып сатарлык кылчумун.

"Шүдүңгүттүн жолу". Кыргыз музыкалык антологиясынын сырты.

Ошол бөлүмдөн жапондордун "King Records" деген үн жазчу компаниясы чыгарган Кыргызстандын үн жана аспаптар менен аткарылчу музыкасынын эки CD-альбомун көрүп калдым. Мен мурда эч качан Кыргызстан тууралуу уккан эмесмин. Альбомдун сыртын окуп, Кыргызстан Борбор Азияда экенин билдим. Альбомду ойнотуп, Борбор Азиянын кызыктуу музыкасын уктум.

Компакт-дисктер мен үчүн сары чакага да турбады. "Жакшы болду. Эми бул элдин музыкасын билем" дедим өзүмө. Анан виртуоздуу чертилген комуз күүлөрү, Саламат Садыкованын, Бакытбек Шатеновдун жана Нурак Абырахмановдун вокалдык улуу кудурети мени бийлеп алды. Алар 1995-жылы Токиого концерт бергени чогуу барып, жанагы компакт-дискти жаздырышкан экен. Мен муну эки-үч жылдан соң билдим.

Ошондон тартып "Кыргызстан боюнча эмне кылсам болот?" деп ойлонуп, аракеттене баштадым. Ал кезде интернет кеңири жайыла элек болгондуктан, маалымат табуу жана байланышуу оор болчу.

1999-жылы менде бир авиакампаниядан топтогон бонусумду пайдаланып, ага бучкакташ авиалиния менен Кыргызстанга биринчи жолу учуп бардым.

Жапонияда компакт-диски жазылган ырчы менен кездешүү мен үчүн чоң олжо болду. Кийинки жылдары келгенде компакт-дисктеги ырлары бар башка да ырчыларды кездештирдим.

Саламат Садыкова. 2000-жыл

Студия таап, Саламаттын ырларын жаздырдым жана 2001-жылы өзүнчө компакт-диск кылып чыгардым. Ал CD бир аз да болсо ийгиликке жетишти: маалымат каражаттарында жакшы баа алды. Мен ушинтип кыргыз музыкасына кызыгып калгам. Мен ошентип эгерим укпаган өлкөнүн музыкасын угуу мүмкүнчүлүгүн пайдаландым.

2003-жылы "Stylist Magazine" басылмасына чыккан "Саламат Садыкова - Кыргызстандын үнү" деген макаланын ачкычында америкалык музыка таануучу Майкл Хьюмэнн Саламат Садыкованы Билли Холидей, Сэнди Денни, Арета Фрэнклин, Эдит Пиаф менен бир тизмеге коёт.

Марк Хамфри болсо аталган макалада жогорудагыдай ойду ого бетер бекемдейт. Аталган ырчылар - АКШ, Британия жана Франциянын маданиятына чоң салым кошкон ырчылар. Андай салыштыруу канчалык негиздүү экенин Марк Хамфри мага мындай түшүндүрдү:

- Чындыгында, Саламат Садыкованын мыкты ырлары эмоционалдык жактан абдан күчтүү деп ойлойм. Ошондуктан сиз ырдын сөздөрүн түшүнбөсөңүз да анын кубатын сезесиз. Мен кыргызча билбейм. Ырас, кээ бир кыргыз сөздөрүн үйрөндүм.

Бирок кайсы гана улуу ырчы болбосун, ал бөтөн тилде ырдаганына карабай, сизди бийлеп, кучагына тартып алат деп ойлойм. Саламаттын үнү абдан кубаттуу, ал түздөн-түз жүрөккө жеткирип ырдайт. Эмоционалдык жактан да туптунук, ак дилден ырдайт. Мен ошон үчүн Саламат Садыкованы улуу ырчылардын бири деп ойлойм жана аны Кыргызстанда абдан урматтап, аздектешкени мени кубандырат.

"Камбаркан" этнографиялык-фольклордук ансамбли. 1999-жыл

Албетте адамдардын музыкалык табити окшош эмес. Кыргыздар аздектеп уккан салттуу ыр америкалыктарды анчалык толкундатпашы этимал. Ал эми кыргыз ырынын атын чет элдиктин эсинде сактап жүрүшү сейрек көрүнүш деп ойлойм. Бирок бул сөздүн Марк Хамфриге тиешеси жок.

Марк Хамфри: Мен жанараак айткан компакт-дискти түзгөндө, аны Саламат Садыкованын аткаруусундагы “Ай нуру” (сөзү Аалы Токомбаевдики) ыры менен ачкам. Бул ырды Саламаттан мурдагы муундагы ырчы Мыскал Өмүрканова аткарып, 1950-жылы жазып алынган. Менин оюмча, “Ай нурун” эки ырчы тең керемет аваз менен ажайып аткарат. Мага компакт-дисктеги үн жана комуз менен аткарылган ырлар жагат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жүрөккө от койгон ырчы айымдар (2-бөлүк)

Мага Саламаттын ырлары ички сезимди күүгө салганы менен, аябагандай кубаттуулугу менен жагат. Ал теңдешсиз ырчы гана эмес, улуу комузчу да. Албетте көпчүлүк үчүн “Кыргыз жери“ улуттук гимн сыяктуу эле. Бул ыр жакшы эле оркестрге ылайыкталган деп ойлойм. Силер да “Кыргыз жерин“ сүйүшүңөр керек... “Жамгыр“ (сөзү жана музыкасы Т. Казаковдуку) - жамгыр, сүйүү, аруу армандын ыры. Ал, албетте, “Кыргыз жеринен“ мазмуну жана мелодиясы боюнча такыр башка. Ал компакт-дискке укмуштай ырлар кирген деп ойлойм. Менде дагы бир CD бар. Аны биз жазганбыз, бирок чыккан эмес. Ал CD да качандыр бир күнү аудиториясын табат деп ишенем.

Америкалык журналист-музыканттын айтымында, Саламат Садыкова ырдап жатканда угармандын көз алдына кыялдагы дүйнөнү эмес, реалдуу дүйнөнү тартат. Себеби, ал “ырдап же комуз чертип жатканда оттой жалындап күйөт” дейт Марк Хамфри:

- Менин оюмча, Саламат абдан эмоциялуу жана кубаттуу ырдайт. Ал улуу аткаруучу да. Ал сахнада ырлардын мазмунун реалдуу чындыкка айлантат. Себеби ал ырдап жана комуз чертип жатканда чындап эле оттой жалбырттап күйөт. Ошон үчүн Саламатты сахнада көргөн жана компакт-дисктен уккан теңдешсиз ырахат.​

Кыргыз Эл артисти Саламат Садыков жана Марк Хамфри Дүйнөлүк музыканы колдоо жана өнүктүрүү боюнча Испаниянын Севилья шаарындагы (WOMEX'08)

Ал чыныгы улуу артист! Саламаттын талантын анын көзүнүн тирүүсүндө, али ырдап жүргөндө жана активдүү кезде дагы көптөгөн адамдар туура баалашат деп үмүт кылам.

- Билли Холидей жана Арета Фрэнклин али дагы АКШда популярдуубу?

Марк Хамфри: Ооба, Аретта али дагы ырдап жүрөт. Билли Холидей дүйнөдөн кайтканына бир топ жыл болду. Бирок Билли Холлидей бардык убактардын жаз ырчысы деп табылган. Кайсы гана жаз музыкасын ойноткон радиостанцияны алба, Билли Холидейдин авазын эшитесиң. Арета Фрэнклин менен Билли Холлидейдин ырдоо стили уникалдуу эмеспи. Биллинин өзүнүн башкаларга эч окшобогон уникалдуу стили бар эле. Арета чиркөөдөн блюз ырдап чыккан. Анын адамдын ички дүйнөсүн аңтарган ырларында Евангелиенин таасири чоң. Аретта бир жылдай мурда чыгарган альбому жаздын стандарты болуп калат деп ойлойм. Ал альбом абдан кызыктуу.

- Кыргыз фольклордук музыкасы эмнеси менен өзгөчө?

Марк Хамфри: Бул жакшы суроо! Мен үчүн кыргыздын элдик музыкасы Борбор Азиянын музыкасына окшобойт. Кыргыз музыкасы тууралуу өзбек музыкасы сыяктуу "сөзү болбосо эле араб музыкасына үндөшүп кетет" деп айта албайсың. "Казак музыкасына кыргыз музыкасы жакын" деп айтайын десең, казак музыкасында пентатондук материал абдан көп. Ал (пентатондук - беш тон менен аткарылган материал) кыргыз музыкасында жок. Кыргыз музыкасы алда канча дитондуу, бирок, Тува элинин же башка Алтай элдеринин музыкасына окшобойт.

"Саламат Садыкова -Кыргызстандын үнү" деген компакт-дисктин сырты

Кыргыз музыкасы, өзгөчө Нурак Абдрахманов жана башка таланттуу адамдар мени ушул жагы менен өзүнө муютту. Бул жагынан маркум Нурак, ошондой эле Саламат комуз черткенде кыргыз музыкасы эски замандагы Американын кайталангыс банжосун жана ошого окшош аспаптарын, айылдык музыкасын эске салат.

Алар аткарган кыргыз музыкасы кандайдыр бир деңгээлде америкалыктардын эски стилде аткарылган кантри-музыкасын эске салат. Албетте, мындай байланыш алар аткарган кыргыз музыкасын укканымда менин сезимимде пайда болот. Ушинтип, музыка сизге жагат жана тааныш болот. Бул таң калычтуу эмес.

Кыргыз музыкасы өзүнчө уникалдуу, андан Орусиянын да таасири сезилет. Бирок бул өзгөчө бир жана өтө бай музыкалык аалам деп ойлойм. Мени бул салтты уланткан, комузда, темир комузда жана башка улуттук музыкалык аспаптарда ойногон адамдардын бар экени жана музыка жаңы муун үчүн ойнолуп жатканы кубандырат.

- Маегиңизге ырахмат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.