Ош базарын дагы өрт чалды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 5-мартта "Сейтек" базарынын (Ош базары) 700 чарчы метр аянтын өрт чалган.
Соодагерлердин алды 1 млн. сом, арты 80 миң сом чыгым тарткан.
Милиция окуя болгон жерди курчап, коопсуздук үчүн эч кимди киргизбей жатат.
"Сейтек" базарынын өрт чалган аймагында көбүнесе кийим-кечек сатылчу.
Бул жолу жайма базарда, арабада сатылчу кийимдер сакталган кампаны да өрт чалды. Соодагерлер бул жерде ар бири 60-80 миң сомдук товары менен 14 араба өрттөлгөнүн айтып жатышат.
Соодагерлер өрттөн калган товарларын алып чыгуу айласын издеп жатат.
Кийимдер сакталып турчу кампа.
Бишкек шаарындагы Ленин районунун акими Нурдин Тынаевдин "Азаттык" радиосуна айтымында, атайын өрттөлгөн деген версияларды да комиссия иликтеп чыгат.
Быйыл 30-январда ушул эле соода түйүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен. Жалпысынан 145 соодагер жабыркаган. Мыйзамдуу иштеген 74үнө берүү жолдору каралууда.