Кызытма чыры күчөдү

Иззат Артыков

Кызытма чырына байланыштуу оор атлетика боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров жана ага машыктыруучу Мирлан Эгембердиев кызматтан кетти.

Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин 4-ноябрдагы отурумунда Оор атлетика федерациясынын иши кескин сынга алынды.

Агенттиктин маалыматы боюнча, 2003-жылдан 2016-жылга чейин курама команданын 8 спортчусу кызытма колдонгону далилденген. Ошондой эле агенттик курама командада кызытма менен кармалгандан кийин атын же жашын өзгөрткөн спортчулардын бар-жогун иликтейт.

Агенттиктин директору Канат Аманкулов Оор атлетика федерациясындагы алешемдиктерди санап өттү:

- Өткөн жумада Долгалев деген спортчубуз дагы бир жолу кызытма менен кармалып, сегиз жылга мелдештен четтетилди. Федерациянын ишин электен өткөрсөк Иззат Артыков, Долгалевдон башка жыл сайын бирден спортчубуздан кызытма чыкчу экен. Бул ачык айтылбай жүргөн. Ошондой эле Сергей Долгалев менен Алексей Долгалев бир эле киши экенин аныктоо үчүн тийиштүү органдарга кайрылдык. Буларга жетекчилик, машыктыруучулар жоопкерчиликтүү болуш керек эле.

Иззат Артыков

Буга жоопкер катары спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциянын жетекчиси Назирдин Акылбековго сөгүш жарыяланды. Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиги Оор атлетика федерациясындагы кызытма боюнча териштирүү аяктаганча, спортчуларга чет өлкөгө мелдештерге барууга тыюу салды.

Жогорудагы сындардан кийин оор атлетика курама командасынын башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров айтылгандарга кошулбай турганын, бирок өз каалоосу менен кызматтан кетээрин билдирди.

- Жыйында ушундай маселени алып чыккандан кийин өз каалоом менен кетүүнү туура көрдүм. Көп жылдык тажрыйбам кереги жок болсо ыраазымын. Бул иште спортко тиешелүү бардык кызматкердин жоопкерчилиги бар болчу. Эми бул тармакты өзүбүзчө өнүктүрөбүз десе каршы эмесмин.

Спорт: талаптан мурда шарт керек

Спорт: талаптан мурда шарт керек

Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдардан бери алты олимпиадага катышып, эки коло, бир күмүш медалдан башка чеке жылытарлык жеңишибиз жок. Биздин спортчулардын Олимпиадада ийгиликке жетпей жатышынын негизги себеби эмнеде?

Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов башкы машыктыруучунун кызматтан кетишин шашылыш чечим деп баалады. Молдодосов Оор атлетика федерациясындагы кемчиликтер өлкөдөгү бардык спорттун түрүндө орун аларын белгилеп, маселени чечүү үчүн жалпы системалуу программа керектигин айтты.

- Мындай иштер чыкса мамлекеттик агенттик өзү отставкага кетиши керек болчу. Орусия, Казакстанда жалпы тармактын жоопкерчилиги каралат экен. Медаль албай эле элүүнчү орунду алып келсек болмок экен. Мындай мамиле, чогулушка дагы салбайт болчу. Эми оор атлетиканын тагдыры кандай болот? Машыктыруучулар көп, бирок агайдай тажрыйбалуулар аз.

Олимп оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин пикиринде, кайра-кайра кызытма менен кармалган оор атлетчилердин ачыкталбаганы өлкөдө бул маселеге көңүл бурулбай келгенинен кабар берет. Эми акыркы окуялар тыкыр иликтениши керек дейт.

- Негизи маселени бүгүнкүдөй шашылыш карабаш керек. Бул спортчулардын ден соолугу, келечегине байланыштуу көйгөй. Бул эч кимде жоопкерчиликтин жоктугунан болуп жатат.

Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиги кызытма спортчулардын ден соолугуна зыяндуу жана өлкө аброюна көлөкө түшүрөрүн баса белгилеп, допингге каршы чараларды күчөтөрүн билдирди. Ошондой эле кызытма колдонууга каршы комиссия түзүү сунушталууда. Азырынча Кыргызстанда кызытманы аныктай турган лаборатория жок.

Быйыл жайында Бразилияда өткөн жайкы Олимп оюндарында да Кыргызстандан барган 19 спортчунун ичинен оор атлетчи Иззат Артыков гана коло медал тагынган болчу. Бирок Эл аралык спорттук арбитраж анын канынан тыюу салынган стрихнин заты табылды деген жүйө менен байгени кайтарып алган. Артыков боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Иззат Артыков: Мен тазамын