Ат сыйлаган жөө калбайт
Мектепке окуучулар 10 жаштан тарта кабыл алат. Учурда бул мектепте 50гө жакын улан-кыз тарбияланат.
Спортчулар конкур (тоскоолдуктардан секирүү), дрессура (ар кандай кыймылдарды көрсөтүү, тапшырмаларды аткаруу, жылкы бийи) жана спорттук көнүгүүнүн үч түрдөгү мелдеши (троеборье) боюнча машыгат. Үчөө тең олимпиадалык оюндардын программасына киргизилген.
Ат спорту менен машыгууда жаш куракка чек жок.
Голландия породасындагы "Квинтендро" аргымагы.
Окуу жайдын тарбиялануучулары күнүө эки маал аттарды чуркатып, бастырып, мелдештерге катышуу үчүн даярдык көрүшөт. Машыгуулар конкур жана дрессура боюнча жумасына үч жолу өтөт.
"Достук кубогунун" эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү Жанузак Самудинов.
Окуу жайда ахалтекин, голландия, голштин, таза кандуу англис жылкысы, вестфал, селфрансе, жаңы кыргыз породасындагы жылкылар бар.
Аргымактар жарышта жана атканада кармалган учурда бутунан жаракат алып калбашы үчүн буттарына кездеме оролот.
Ахалтекин породасындагы ат.
Ар бир жылкынын өз аты бар.
Ат спорту мектебинин тарбиялануучулары жана машыктыруучулары үчүн маанилүү бир катар эл аралык мелдештер бар. Алардын бири Дүйнө кубогунун финалы үчүн Борбор Азиядагы тандоо мелдеши Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда өткөрүлөт.
Борбор Азиядагы быйылкы тандоо мелдештеринин жыйынтыгында кыргызстандык Ринат Галимов 2015-жылдын апрель айында АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган дүйнө кубогунун финалына жолдомо алды. Буга чейин бул мелдешке эки жолу кыргызстандык Андрей Шалохин катышып келген. Ал учурда Польшада эмгектенип, Кыргызстандын атынан эл аралык мелдештерге катышууда.
Аталган окуу жайдын алгачкы машыктыруучуларынын бири Сайботтал Мурсалимов ат спортунан 1959-жылы СССР элдеринин II спартакиадасынын чемпиону болгон. 1960-жылы Римде өткөн 17-олимпиадага Кыргызстандын алгачкы өкүлү катары катышып, 5-байгелүү орунду камсыз кылган. Сүрөттө: "Достук кубогу" мелдешинин жеңүүчүсү Жанузак Самудинов.
Сайботтал Мурсалимов 12 эл аралык спорт чеберин, СССР спортунун 70 чеберин тарбиялаган СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу. Ал Москва олимпиадасынын чемпиону Александр Блиновдун устаты. Бул окуу жайдын учурдагы директору Садыр Мамытов 2000-жылы Азия чемпиондугун уткан. Дүйнө кубогунун Борбор Азиядагы баскычын бир нече жолу жеңген.