27-декабрда өлкөнүн көп аймактарында электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы да энергетика тармагына нааразылыкты күчөттү.
"Улуттук энергохолдингге" байланышкан маселе парламенттин жалпы сессиясында жетекчилердин жоктугуна байланыштуу күн тартибинен алып салынды.
Калиев: Жаратылышка көз карандыбыз
"Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчиси Айбек Калиев 27-декабрда маалымат жыйынын уюштуруп, өткөн түнү жааган калың карга аралаш өлкөнүн көп аймактарында электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштырды:
- Аба ырайында өзгөрүүлөр болорун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баарыбызга эскерткен. Кечээ жалпы өлкө боюнча эле жаан жаады. Ал кечинде карга айланды. Биздин электр энергиясын жеткирүүчү зымдарыбызга муз тоңуп, шамал болгондо оорлошуп, үзүлүп кеткен жерлери болду. Зымдарга жакын жайгашкан бак-дарактар шамалга сынганда зымдар үзүп кеткен учурлар да катталды. Учурда "Түндүк электр" ишканасынан эле электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча 128 бригада иштеп жатат. Башка жактарда да ушундай эле бригадалар иштеп жатышат. Биз жаратылышка көз каранды болуп калып жатабыз.
Көрсөткүчтөр канааттандырарлык
Айбек Калиев жалпы республика боюнча эки күн ичинде электр энергиясы калыбына келтирилерин белгилеп, жалпысынан көрсөткүчтөр канааттандырарлык экенин билдирди.
Анын маалыматы боюнча, быйыл 11 айда 13,322 млрд. кВт саат электр энергиясы иштелип чыккан. Бул былтыркыга салыштырмалуу 25% көп. Электр энергиясы үчүн керектөөчүлөрдөн чогулган акчанын өлчөмү да жалпысынан 11 862,9 млн. сомду түзүп, былтыркыга караганда 1 370,2 млн. сомго көп чогултулду. Ал эми электр энергиясынын жоготуулары 0,5% азайды. Муну Калиев башкаруу системасынын өзгөрүшү менен түшүндүрдү:
- Башкаруу системасын өзгөрттүк, талап-пландар башкача болуп калды. Мурда жылдык план болсо, азыр квартал, ай, жума сайын план түзүлүп, иш жүргүзүлүп жатат. Жума сайын отчет берилет. Мен "Энергохолдинг" ишканасынын жетекчиси катары өзүм республикадагы бардык РЭСтер менен таанышып, абалын көрүп чыктым. Быйыл жалпысынан кырк чакты атайын автоунааларды алдык, булар жөнөкөй эле кызматтык унаалар эмес, татаал жолдордо бригадаларды ташуучу унаалар. Бул авариялык өчүүнү азайтып, мүчүлүштүктөрдү тез арада жоюуга шарт түзөт. Жер-жерлердеги РЭСтерди эмеректеринен бери жаңырттык, шарт түзүп, андан кийин талап коюп жатабыз.
Калиевдин айтымында, пайдаланган электр энергиясы үчүн убагында акы төлөбөгөндөрдүн жарыгын өчүрүү системасы автоматташтырылган соң карыздар да азайды. Учурда "акылдуу эсептегичтердин" арты менен 300 сомдон ашык карызы барлар электр станцияларынан чыкпай туруп эле бир кнопканы басуу менен өчүрүлөт.
Анткен менен парламентте "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын ишине канааттанбаган пикирлер айтыла баштады. Акыркы аба ырайынын кекин өзгөрүшүнө байланыштуу түзүлгөн жагдай коомчулукта да сынды күчөттү.
Экономика жана фискалдык саясат комитетинин мүчөсү, КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев энергохолдингдин жетекчилиги канчалык мактанбасын, "аба ырайынын кескин өзгөрүшү эле аткарылып жаткан иштин чыныгы жүзүн көрсөтүп жатат" деп сындады:
- Бүгүн бардык аймактарга кар жаады. Бардык аймактарда электр энергиясы өчүп, үзгүлтүккө учурады. Интернеттен деле толтура нааразы пикирлер айтылып жатат. Мактанган электр энергиясы, иши кана? Алардын мактанганын кардын жаашы бир эле күндө көрсөтүп койду.
Өзбекстанга 1 сом 85 тыйындан сатылат
Депутат Арапбаев ошондой эле "Улуттук энергохолдинг" ишканасына "Өзбекстанга электр энергиясын жергиликтүү кардарларга караганда кыйла арзан сатып жатат" деген кине койду.
Түнкү кар кышка камылганы сынады
Түнкү кар кышка камылганы сынады
Расмий маалыматтар боюнча, келерки жылы Өзбекстанга 550 млн. кВт саат электр энергиясын 2,4 центтен же 1 сом 85 тыйындан сатуу боюнча келишим түзүлгөн.
Арапбаев бүгүнкү күнү кыргызстандык керектөөчүлөр 2 сом 16 тыйындан төлөп жатканын эске салууда. "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчиси Айбек Калиев бул маселеде саясат жок экенин белгиледи:
- Бизде электр энергиясын 700 кВт саатка чейин колдонгондор 77 тыйындан төлөшөт. Ал эми андан ашкандар 2 сом 16 тыйындан төлөшөрүн эске алсак, биздеги электр энергиясынын орточо баасы 1 сом 40 тыйын болуп жатат. Ошондуктан мындан саясат жасап, "арзан баада сатып жатат" деп айыптоо туура эмес.
Кыргызстанды электр энергиясы менен камсыз кылууда чоң мааниси бар Токтогул суу сактагычында азыр 17, 905 млрд. куб метр суу бар.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.