Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:11

Түнкү кар кышка камылганы сынады


Бишкектеги кар.
Бишкектеги кар.

27-декабрь түнү менен жааган кардан улам Бишкектин бир катар бөлүгүндө электр жарыгы өчтү.

Эртең менен жол чырактар иштебей, көпкө созулган жол тыгындары пайда болду. Транспорт министрлиги ашуулардагы калың кардын айынан стратегиялык жолдорду бир суткага жапканын кабарлады.

Бишкек-Ош жолу жабылды

Өзгөчө кырдаалар министрлиги бир жумадан бери кар жаайт деп эскертип келатканы менен жыйынтыгында калың карга өзү даяр эмес болуп чыкты. 27-декабрь таң эрте министрлик кан жолдогу бардык постторго чектөө киргизүүгө аргасыз болуп, кырдаал оорлоп кеткенин моюнга алды.

Министрликтин маалымат катчысы Элмира Шерипова мындай чектөөлөр жарандардын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн киргизилип жатканын билдирди.

- Бишкек-Ош унаа жолунда кардын калың жаашына байланыштуу жол тыгындары пайда болгон. Учурда Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айылындагы, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Арал айылындагы, Кара-Көл шаарындагы посттордо, Талас облусунун Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бардык посттордо калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Көп өтпөй өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов парламентте маалымат берип жатып, Ош-Бишкек жолунда эки автоунаа көчкү астында калганын маалымдады. Бактыга жараша жүргүнчүлөрдүн бардыгы аман калган экен.

Ашуулардагы тазалоо иштери. Архивдик сүрөт.
Ашуулардагы тазалоо иштери. Архивдик сүрөт.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлиги Ош-Бишкек жолу бир суткага чейин ачылбай турганын билдирүүдө. Министрликтин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов Төө-Ашууда кардын калыңдыгы бир метрден жогору болгонуна байланыштуу жолду тазалоо иштери оорчулук менен коштолуп жатканын кошумчалады.

- Бишкек-Ош жолунун 80-чакырымынан 210-чакырымына чейин калың кар жаап, бийиктиги бир метрден жогору болуп кетти. Мындай кырдаалда кар көчкү түшүү коркунучу көп. Ошондой эле унаалар жолду тазалоо иштерине жолтоо кылып жатышат. Ушундан улам “Автоунаа жолдору жөнүндө” мыйзамга ылайык Транспорт министрлиги жолдорго чектөө киргизүү демилгесин көтөрүүдө.

Транспорт жана жолдор министрлиги Токтогул-Торкен-Толук жолу калың кардан тазаланып жатканын, учурда жол жабык экенин кабарлады. Мындан башка Каракулжа-Алайкуу жолу кардан тазаланганы менен дагы эле кар жаап жатканына байланыштуу жол жабылганы турат.

Ак кар Бишкектин жарыгын өчүрдү

Калың кар ашууларда гана эмес, башкалаа Бишкектин коммуналдык кызматтарынын да шаштысын кетирди. “Тазалык” ишканасы түнкү саат төрттөн баштап күчөтүлгөн тартипте шаардын негизги жолдорун тазалоого киришти. “Тазалыктын” бөлүм башчысы Талант Казакбаев көчөлөрдө отузга чукул техника чыгарылып, 500дөн ашык киши кол менен кар күрөп жатканын айтты.

- Мындан башка ДЭУнун 40ка чукул кызматкери иштеп жатат. Таңкы саат төрттөн бери шаар көчөлөрүнө 60 тонна кум, 7 тонна туз септик. Биздин планда Бишкек шаары боюнча 240 көчөнү карайбыз. Азыр алгачкы планда негизги өкмөттүк маанидеги жолдорду жана чоң көчөлөрдү тазалашыбыз керек. Бирок кар токтобой жаап жаткандыктан, бир тазалаган көчөнү бир нече сааттан кийин кайра тазалоого туура келип жатат.

Күттүргөн кар калың түштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:19 0:00

Талант Казакбаевдин билдиргени боюнча, кар тазалоочу унаалар жол чырактардын иштебей калганынан улам башка унаалар менен бирге жол тыгынында калып, жакшылап иштей албай жатышат.

Ал эми жол чырактардын иштебей калышына да түндө жааган кар себепкер экенин “Түндүкэлектр” ишканасынын маалымат катчысы Гуля Мураталиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарынан тышкары Токмок шаарларынын, Чүй жана Талас облустарынын айрым аймактарында электр зымдары карды көтөрө албай үзүлгөн. Ушундан улам өлкөнүн түндүк аймагынын дээрлик жарымы учурда электр энергиясы жок калды.

- Түшкөн кардын салмагынан бак-дарактардын, бутактардын оордугунан зымдар үзүлүп кеткен. Кээ бир зымдарга катуу шамал таасир этип, чаташып кеткен. Учурда 128 бригада оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Андан тышкары болгон атайын техниканын бардыгы электр энергиясын калыбына келтирүүгө жумшалып жатат. Колдон келишинче авария болгон жерлерди тезирээк калыбына келтирүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз, - деди Мураталиева.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кооптуу участоктордогу кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чараларына киришти. Бишкек-Ош автоунаа жолунда артиллерияны колдонуу менен көчкүлөрдү аткылоо иштери мындан ары да улана бермекчи.

Синоптиктер болсо 29-декабрга чейин кар калың жаай турганын эскертишүүдө. Ошондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучу көп тоолуу райондордо, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолдорунда айдоочуларды сак болууга, колдон келсе узак сапарга чыгуудан карманып турууга чакырууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG