Ош менен Баткендин айрым айылдарын сел каптады

Сел бузуп кеткен үйлөрдүн бири, Кулунду айылы, Лейлек. 26-апрель, 2012.

25-апрелдин кечинде тынымсыз төккөн нөшөрдөн улам Лейлек районунун бир нече айылын сел алды.
Анын натыйжасында 400 жүздөн ашык үйдү суу каптап, ондогон турак-жай жарактан чыкты. Табигый кырсык Оштун Өзгөн районунда да катталды. Аба ырайын маалымдоочу борбор сел коркунучу 30-апрелге чейин сактала берерин эскертүүдө.

Табигый кырсыктын таасири

Кечээ кечинде жүргөн сел Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну Абдибакир Арзыбаевдин да үйүн каптап кетти. Анын айтымында, жамгыр жыйырма мүнөт тынбай жаап, ар жерден агып келип чогулган суулардын деңгээли үйдүн терезесине чейин жетти.

Абдибакир Арзыбаев: Беш бөлмөлүү үйүм бар эле. Сел түз эле келип, кеминде 70 сантиметрге чейин көтөрүлдү. Терезенин айнегине чейин жетип, суу үйгө кирип, башка бөлмөдөн тешип чыгып кетти. Айылда үйлөр бузулуп жатат. Бир жагына ооп калгандары бар. Бизде сынч менен салынганы үчүн көп үйлөр кармалып калып жатат. Үйдүн полуна суу толду.

“Азаттык”: Турак-жайды кантип тазалап жатасыздар?

Абдибакир Арзыбаев: Азыр мектептин чоң класстарынын окуучулар жардамга келип, иштеп жатышат. Ар бир үйгө бирден классты бөлүп берген. Ошолор тазалашып жатат.

“Азаттык”: Азыр сиздерге кандай жардам керек?

Абдибакир Арзыбаев: Эми биздин үй жараксыз болуп калды. Башка жерге көчүү керекпи, же башка тамарка алыш керекпи, билбейм...

Лейлек районунун акими Тилеберди Ариповдун «Азаттыкка» билдиришинче, Кулунду айыл өкмөтүндө кеминде 400дүн тегерегиндеги турак-жайды суу каптады. Суу 450дөн ашык там аркасына жайылып, 68 гектар эгин талаасын жууп кетти. Ошондой эле суу каналынын 110 метрдей бөлүгү жараксыз абалга келди. Азырынча материалдык чыгымдын так көлөмү аныктала элек:

Тилеберди Арипов: Райондогу Раззаков жана Кулунду айылына селдин кесепети көп тийди. Алдын ала маалыматтар боюнча, суу каптаган 400дөн ашык үйдүн отузга чукулу жараксыз болуп калды. Таза суу түтүгүн алып кетип, таза суусуз калышты. Кулунду каналынын төрт жерин суу алып кетти. Андан тышкары Раззаков айылы менен Кулунду айылынын ортосундагы борбордук жол жараксыз абалга келип, азыр атайын техникалар менен жолду калыбына келтирип жатабыз.

“Азаттык”: Суу баскан аймактарды тазалоо үчүн кызматкерлер жетиштүүбү?

Тилеберди Арипов: Түнү менен Оштон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сексен аскери келди. Министрдин орун басары Бакир Жолчиев баштаган кызмат түнү менен келишти. Райондогу кызматтар да тартылды. Электр энергиясы да үзгүлтүккө учураган эле. Азыр бир бөлүгүнө берилди.


Лейлектеги селден сүрөт баян

Лейлектеги сел



Сел коркунучу сакталууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын түштүгүндөгү көпчүлүк райондордо сел кырсыгы катталып жатат. Бүгүн түнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Өзгөн районунун айылдарында да сел жүрдү. Райондогу Кызыл-Октярь айылдык Кочкор-Ата каналынан ашкан суу 6 турак үйдү каптады.

Куршаб айылында Мырза-Куршаб жана төмөнкү Кочкор-Ата каналынан ашкан суу 150 турак үйдү каптап, суу таң менен токтотулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекиловдун кабарлашынча, учурда аймактарга тиешелүү жардам көрсөтүлүүдө:

- 23-апрелден 25-апрелге чейин айрыкча республиканын түштүк аймагында, башкача айтканда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагында сел катталып жатат. Анын ичинде Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө болду. Сел кырсыгын алдын алуу боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлүп, эскертүү берилген. Азыр тиешелүү техникалар, гуманитардык жардамдар жеткирилди.

Аба ырайын маалымдоочу борбордун кабарлашынча, 30-апрелге чейин Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде нөшөрлүү жаан уланат. Буга байланыштуу сел коркунучу сакталып, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлмөкчү.