Талапкердин этикасы же эрте башталган үгүт

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик орунга ат салышууга ниети барларды расмий катталганга чейин үгүт иштерин токтото турууга чакырды.

Мамлекет башчысы болууну каалагандардын бүгүнкү аракеттерине БШКнын эскертүүсү канчалык мыйзамдуу? Талапкерлердин моралдык жоопкерчилиги кандай болушу керек? Кыргызстандагы быйылкы президенттик шайлоого даярдык көрүүдө, демократиялык негизде өткөрүүдө кайсы маселелерге көңүл буруу зарыл?

“Арай көз чарай” талкуусуна Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов жана саясат таануучу Сейтек Качкынбаев катышты.

“Азаттык”: Абдыжапар мырза, БШК талапкер болууну каалагандардын бүгүнкү аракеттерин үгүт иши катары баалап, аларга расмий катталганга чейин токтото туруу боюнча саясий партияларга кайрылууңуздарга эмне себеп болду?

Тыйыны бар талапкер өзүнө караштуу 40тай адамды жалдайт, алар дагы ондон адамды кошуп болжолуу 400дөй адамга социалдык тармактан өзүнүн мактатып, “ушул киши президентикке жарайт” деген пикирди жаратып жатат. Сейтек Качынбаев
Абдыжапар Бекматов

Абдыжапар Бекматов: Кыргызстандагы президентти, депутаттарды шайлоо конституциялык мыйзамдын негизинде өтүшү керек.

Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоочулардан, саясий партиялардын өкүлдөрүнөн президенттик шайлоого катышам деген айрым саясий ишмерлердин эл менен жолугушууларында, ар кандай иш-чараларда алардын аракеттеринде үгүт иштеринин элементтери болууда деген кайрылуулар келип түшүүдө.

Алар элге футболкаларды, баш кийимдерди ж.б. таратып жаткан фактыларды айткан кайрылуулар бар. Кайрылгандар бардыгына тең мүмкүнчүлүк түзгүлө деп жатышат.

Мына ушундай көрүнүштөрдү эске алып, БШК саясий партияларга, президенттик орунга ат салышам деген биздин жарандарыбызга мыйзамга ылайык үгүт иштери башталганга чейин өз аракеттерин токтото туруу боюнча кайрылуу жасадык.

“Азаттык”: Алар өз аракеттерин үгүт иши деп эсептеген жок. Анын үстүнө "партиялардын шайлоочулар менен жолугушууга, ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө мыйзам тыюу салабы?" деген суроолорду коюп жатышпайбы?

Абдыжапар Бекматов: Биз алардын эл менен жолугуп сүйлөшкөндөрүн токтотуп коюуга акыбыз жок. Биз шайлоого байланыштуу үгүт иштеринин элементтери болуп жатканы жөнүндө айтып жатабыз.

“Биз курултайда баланчаны президенттикке көрсөттүк” деп жатпайбы. Талапкерди көрсөтүүнүн этабы, жол-жобосу болот. Жогорку Кеңеш президенттик шайлоо датасын белгилегенден кийин, кол коюлуп токтом чыккандан кийин президенттик шайлоонун биринчи этабы башталышы керек.

Сейтек Качкынбаев

“Азаттык”: Сейтек мырза, президенттикке талапкердин эртелеп эл аралап жатканына эмне себеп болууда деп ойлойсуз? Кыргыздар айткандай “чабал өрдөк мурда учат” болуп жаткан жокпу?

Сейтек Качкынбаев: Мен БШКнын абалын туура түшүнөм, кайсы бир деңгээлде алдын ала эскертип коюу туура эле кадам болуп жатат. Булар тараптан административдик чаралар болот деп ойлобойм. Бардыгы мыйзам чегинде болгону жакшы.

Экинчи тараптан, президенттикке чыгам дегендердин аракеттеринен, кыймылдарынан мыйзам бузган же одоно кадамдарды байкаган жокмун. Арийне, алардын ишмердүүлүгүнөн юридикалык маселелерди табуу кыйын. Бирок талапкермин дегендердин иш-аракеттеринде үгүт компанияларына окшошкон көрүнүштөрдүн болуп жатканы моралдык жактан туура эмес.

"Азаттык”: Абдыжапар мырза, партиялар, талапкерлер сиздердин кайрылууңуздардан жыйынтык чыгарбай, бүгүнкү аракеттерин дагы күчөтө берсе эмне болот, башка чаралар көрүлөбү?

Абдыжапар Бекматов

Абдыжапар Бекматов: Борбордук шайлоо комиссиясы партияларга, президенттикке талапкерлерге атайын айтып, эскертип коюшубуз милдет. Биз бардык талапкерлерге бирдей старттык шарттарды түзүп беришибиз керек. Эгер азыр кайсы бир маалымат каражатынын ээси болгон талапкер үгүт иши башталганга чейин эле өзү жөнүндө күндө эле айттыра берсе, кийин бул факты калган талапкерлерге карата калыс эмес мамиле катары бааланып калышы мүмкүн.

Жогорку Кеңеш шайлоонун качан болорун бекитип берсе, БШК айрым партиялардын же талапкерлердин бүгүнкү мыйзам бузуулары боюнча расмий эскертүүлөрдү беришибиз мүмкүн. Ага да болбой мыйзам бузуулар дагы эле кайталана турган болсо, анда биз талапкерди каттоодон да баш тартышыбыз мүмкүн.

“Азаттык”: Айрым маалымат агенттиктердин интернет сайттарында, социалдык тармактарда кайсы бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн уюштурулган социалдык сурамжылоолорду, курулай мактоолорду окуп калып жатабыз, бул деле үгүт болууда, аларды кантип ооздуктайбыз?

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун датасын белгилегенден кийин, кол коюлуп токтом чыккандан кийин президенттик шайлоонун биринчи этабы башталышы керек.
Абдыжапар Бегматов

Сейтек Качкынбаев: Азыр шайлоо технологиялары өзгөрүүдө. “Саясий технологдор” заманга жараша иштеп жатышат. Ачыгын айтканда талапкерлер азыркы технологияны пайдаланып, “тизгинди кое берип” ачык эле иштеп жатышат.

Юридикалык кылтакка илинип калбай турган бардык ыкмаларды колдонуп жатышат. Мисалы, тыйыны бар талапкер өзүнө караштуу 40тай адамды жалдайт, алар дагы ондон адамды кошуп болжолуу 400дөй адамга социалдык тармактан өзүнүн мактатып, “ушул киши президентикке жарайт” деген пикирди жаратып жатат. Аларды окугандар өз пикирлерин жазышат, жазгандар, колдогондор миңдеп саналууда. Бул талапкер үчүн прагматикалык, стратегиялык кадам, туура эле аракет десек болот. Алдын ала коомчулукта өзү жөнүндө туура, оң пикирди жаратуу максатын коюуда.

Талкуунун толук вариантын бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.