"Хабар" Бакиев катышкан тасма көрсөттү

Курманбек Бакиев (солдо).

Казакстандын “Хабар” мамлекеттик маалымат агенттиги Кыргызстандын өлкөдөн куулган президенти Курманбек Бакиев менен маектешип, даректүү тасма тартканы талкуу жаратууда. Айрымдар Казакстанды 7-апрелдеги ыңкылаптын маанисин өзгөртүп жатат деп айыптап жатышат.

Казакстандын “Хабар” каналы 29-ноябрда көрсөткөн “Тынчтык орнотуучунун миссиясы. Кыргыз ажырымы” деп аталган даректүү тасмасында Кыргызстанда 2010-жылы болгон бийлик алмашуу жана ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийликти өткөрүп бериши хронологиялык тартипте тизмектелген.

45 мүнөттүк тасмада Бакиев казак президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын жөнөткөн учагы менен Жалал-Абаддан чыгып кеткенин айтса, ошондогу Казакстандын коргоо министри Адилбек Жакшыбеков казак учагы Кыргызстандын аба мейкиндигине өзүм билемдик менен уруксатсыз учуп келгенин ачыкка чыгарды.

- Биз ал кезде Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн абалы кандай экенин билген эмеспиз. Алардын абадан коргонуу күчтөрү кандай иштей турганы жөнүндө маалымат жок болчу. Күчтөрдү ким башкарары, алардын абалы боюнча эч кандай маалымат жок болчу. Бизге Бакиев Жалал-Абадда жүргөнү, ал жакта тарапташтары бар экени жана учакты тосуп алары туурасында гана маалымат бар эле. Ошонун негизинде Жалал-Абадга учуп чыкканбыз.

Исаков: казак министринин айтканы жалган

Казакстандын мурдагы коргоо министринин бул сөзү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн дароо жооп берүүгө түрттү. Ал кезде өлкөнүн коргоо күчтөрүн тейлеген Исмаил Исаков казак бийлигин "жалган маалымат аркылуу өз көмөчүнө күл тартып жатканы үчүн" айыптады. Ал Казакстандын учагы кыргыз тарап менен макулдашылып, өлкө аймагына кирген соң коргоо күчтөрүнүн көзөмөлүндө болгонун айтат.

Исмаил Исаков

- Алгач мен "казак учагы биздин аймакка кирсе атып салам" деп айткам. “Бакиевди учурбайбыз, учакты жок кылам” дегем. Бирок Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү отуруп кеңешкенде, Роза Исаковна жоопкерчиликти өзүнө ала турганын айтып, бир чечимге келгенде, учактын келишине уруксат бергенбиз. Казак учагы уруксат менен кирип, уруксат менен кеткен. Кыргызстандын абасына киргенден тартып ал учак биздин көзөмөлдө турган. Ал эми Казакстан "ал учак өзүм билемдик менен кирип, чыгып кетти" дегени - бул жалган маалымат жана анекдот деп айтат элем.

Курманбек Бакиев 2010-жылы Жалал-Абад аэропортунан учуп кетип жатып, үй-бүлөсүнөн башка эч нерсеси жок учканын, анын мүлкү кийинчерээк ич кийимине чейин тонолуп кеткенин интервьюсунда белгилеп өткөн.

- Мен кандай кийимчен болсом, ошол бойдон учуп кеттим. Мен идиш-аяктарды айтпай эле койоюн, жада калса ич кийимдериме чейин талап-тоноп кетишти. Албетте, бул тууралуу айтуунун өзү уят, бирок чындыгында ушундай болгон.

Куулган президентке активисттерден ич кийим

Бакиевдин бул сөзү апрель революциясынын катышуучуларын нааразы кылды. Даректүү тасма казак телеканалынан көрсөтүлгөндүн эртеси күнү Бишкектеги казак элчилигинин алдында активисттер куулган президентке ич кийимдер толо эки кутуну демонстративдүү түрдө калтырып кетишти.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Активисттер Бакиевге ич кийим чогултту

Апрель окуяларынын катышуучуларынын акциясына элчиликтен эч ким чыккан жок. Ошол эле учурда акциянын уюштуруучулары коомчулуктун ар түркүн сын-пикирине кабылып, "алар “Хабар” каналынан көрсөтүлгөн тасманын маанисине түшүнгөн эмес" деген пикирлер үстөмдүк кылууда.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов казак медиасында Бакиевдин бийлигинин акыркы күнү көрсөтүлгөн тасманын айрым жери талаш туудурганы менен дээрлик көпчүлүгү айныгыс фактылар экенин айтты. Ал айрыкча 2010-жылы Кыргызстандагы окуялардын турукташуусуна казак президенти Нурсултан Назарбаевдин кол кабыш кылганын тарыхый чындык деп эсептейт.

Эдил Байсалов

- 2010-жылы Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгарып салуу жана аны президенттиктен баш тартууга кол койдуртуу кыргыз элинин кызыкчылыгында болгон. Болбосо Беларус өңдөнгөн кээ бир өлкөлөр ачык эле Бакиевди колдоп, ага курал берүүдөн артка тартпай турган. Ал эми Назарбаев Кыргызстанда жарандык согуш болуп кетпесин деп, Бакиевди арыз жазууга үндөгөн. Бул фактыларды документалдуу фильмде туура жана так бериптир.

Анткен менен “Хабар” каналы 29-ноябрда көрсөткөн “Тынчтык орнотуучунун миссиясы. Кыргыз ажырымы” тасмасында Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тууралуу эч кандай сөз айтылган эмес. Байсаловдун пикиринде, азыркы казак-кыргыз мамилесиндеги кырдаалга байланыштуу Атамбаев менен анын тегерегиндегилерге микрофон сунулбай калган болушу мүмкүн. Сөз болуп жаткан тасма Нурсултан Назарбаевдин фонду тарабынан каржыланганы белгилүү.

Улуттук "Хабар" маалымат агенттиги толугу менен мамлекетке карайт. Анын негиздөөчүсү - Казакстандын Маалымат жана коммуникация министрлиги.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Бакиев Кыргызстанда 2010-жылдагы 90дой адамдын өмүрүн кыйган апрель окуялары үчүн өмүрүнүн аягына чейин сыртынан эркинен ажыратылган. Учурда ал үй-бүлөсү менен Беларуста жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.