Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Аткаминерлерден ыйман кеткенде...


Бишкек, 8-апрель, 2010-жыл.
Бишкек, 8-апрель, 2010-жыл.

Жума күнкү гезиттерге Шайлообек сереп.

“Супер инфо” гезити “Атамбаев Текебаевге эркекче жооп береби же көшөгө артында саясый куугунтукту улантабы?”, “Ала-Арча резиденциясындагы чекушкаларды ким ичет?”, “Оштун мэри Атамбаевди сындагандарды каргады”, КСДПнын депутаттары автобуска түшкөнүнө нааразы” деген макалаларды басуу менен Өмүрбек Текебаевдин “Ата Мекен” менен иштешкиси келбесе, КСДП коалициядан чыгып кетсин!” деген аталыштагы маегин жарыялады.

Булардын кийин “Максим Бакиевдин бир кездеги жер тилкесине президент там салып жатабы?”, “Үңкүр-Тоодон өзбек милициялары качан кетет?”, “Референдумга – жок!” кыймылы курултай өткөрөт”, “Коррупцияга каршы эл ичинен көзөмөл башталды” деген чакан кабарлар басылды.

Ушул эле “Супер инфо” гезити Равшан Жээнбековдун “Атамбаев Акаев менен Бакиевдин жолуна түшүп, жасай албаган иштерин Конституцияга шылтап жатат” деген аталыш менен маек курду.

“Вечерний Бишкек” гезити жаңы санын президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязовдун “Текебаев сотто жооп берип калышы мүмкүн” деген сөзү менен ачып, “Ата Мекен” партиясынын лидери мурда Кой-Таш айылындагы "Дастан" заводуна тиешелүү болгон жердин 27 гектарына президент там салып жатат деген билдирүү таратканын, бирок апрель революциясына чейин эле андагы жерлер жарандарга сатыла баштаганын, сатылган жерден мэр Албек Ибраимов участок сатып алып, аны Алмазбек Атамбаевге сатканын, мында эч кандай кылмыштуу иштин жоктугун, бул деген бир кезде Текебаев Акаевден Эмен бактын ичинен участок алгандагыга караганда мыйзамдуу экенин, анын үстүнө мунун баары президенттин декларациясында ачык-айкын көрсөтүлүп турганын, Атамбаев Акаев менен Бакиевге окшоп тамды мамлекеттин эсебинен эмес, өз акчасына салып жатканын жазды.

“Фабула” гезити Тилек Рыскуловдун “Текебаев тилинин азабын тартабы?” деген макаласы менен жаңы санын ачты. Гезиттен мародерчулук козголсо эле Текебаев эмне үчүн чычалап чыгарын, Текебаев Илим Карыпбековду кантип опузалаганын, парламенттеги коалиция бузула турган болсо "Ата Мекен", “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир бол” фракциялары оппозицияда калып, КСДП, “Кыргызстан”, “Республика-Ата Журт” фракциялары коалиция кура тургандыгы айтылып жатканын, Текебаев Бабановду КСДПсыз коалиция түзүүгө жакшы эле үндөп көргөнүнөн эч нерсе чыкпаганын, эми баары Бабановду айлана баштаганын, Текебаевдин азабын эми бир кездеги партиялаш жигиттери Райкан Төлөгөнов менен Туратбек Мадылбеков тартканы калганын, анткени мародерчулуктун кара туманы кайрадан каптай баштаганын кабарлады.

“Фабула” ошондой эле Жаркынай Кадыркулованын “Жиндикана” деген макаласына окурман көңүлүн буруп, 14-сентябрда америкалык Лилиана Ловелл деген аял негиздеген “Гадкий койот” аттуу клуб ачылганын, бул аял клубга келген кыздар арак ичип, тамеки тартып, жылаңач бийлешерин, кыскасы бул жерге келген кыздар кардарлардын оюна эмне келсе ошонун баарын жасашарын, клуб буга чейин кыздарды даярдап бүтүп, эми ошол “жиндиканага” келчү кардарларды күтүп жатканын, демократия деп коюп, АКШдан келген бул аял эми кыргыз кыздарын кантип бузуунун түнкү мектебин ачканын маалымдап, беш адамдын буга каршы ойлоруна орун берди.

“Де-факто” гезити депутат Мээрбек Мискенбаевдин “Убактылуу эмес, Бактылуу өкмөт түзүлгөн экен” аттуу маегине орун берди. Ал маегинде 7-апрелде карапайым калк революция жасаганын, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү камакта отурганда аларды куткарып алган ошол эл болгонун, "Ала-Тоо" аянтында балдардын каны төгүлүп, кыргыздар сыздап турган маалда айрым аткаминерлер ыймандан кетип, дүкөндөрдү талкалап, качкан бийлик ээлеп алган мамлекеттин казынасына кол салып, байлык топтоп жүргөнүн эстегенде кыжырың кайнап, дене боюң дүркүрөрүн, балдардын сөөгү жерге бериле элек жатканда алар Акүйгө кирип алып кызмат талашып отурганы ошо кезде эле Кудайга жакпаганын, эми алар бүгүн да кайрадан ымалага келип, кайрдан үн чыгара баштаганын кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити “Кутман курак кут болсун!” деген деген ат менен, эртең 17-сентябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 60 жашка чыгарын кабарлап, 2010-жылдан кийинки оор мезгил Алмазбек Шаршеновичтин мойнуна түшкөнүн, Кыргызстан кылдын мизинде кылтылдап турганын, аласалып кеткейле деп коңулда жаткан айрымдар ойлогондой болбой өлкө акырындап алга жылып, элге таянган кыйынчылык чыныгы элдик лидердин жетекчилиги менен артта калганын, өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилеп, өлкө башчысын 60 жылдык кутман курагы менен куттуктап, ага чың ден соолук, албан-албан ийгиликтерди жана ар дайым эли менен бир болушун каалады.

“Эркин Тоо” гезити Бишкекте көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин 25 жылдыгына карата юбилейлик саммит башталганын жар салды.

Журналист Атай Алтымышевдин макаласы “Алмазбек Атамбаевдин жаңы ашуусу” деп аталды. Акын Карбалас Бакиров “Кынтык издер кежир көп, бирок фактыдан өткөн өжөр жок” деген теманын алдында президент Алмазбек Атамбаевдин 5 жыл ичинде жасагандарын фактылар менен санап чыкты.

Бул санда ошондой эле Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин “Көп ойлорго түрткөн Көчмөндөр оюну” деген эки беттен турган ой толгоосу жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG